Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Ташиев: Өзбекстандын делегациясы майда Кыргызстанга келет


Өзгөндө Камчыбек Ташмев менен жолугушууга келгендер. Куршам айылы. 25-апрель, 2021-жыл.
Өзгөндө Камчыбек Ташмев менен жолугушууга келгендер. Куршам айылы. 25-апрель, 2021-жыл.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрү күтүлүп жатат.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланууда. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы экенин билдирип турушат.

23-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, "Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG