Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Анкара Байдендин "геноцид" тууралуу билдирүүсүн четке какты


Байдендин билдирүүсүн колдоп чыккан армяндар. Калифорния. 24-апрель, 2021-жыл.
Байдендин билдирүүсүн колдоп чыккан армяндар. Калифорния. 24-апрель, 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын "геноцид" катары тааныганына байланыштуу америкалык элчи Дэвид Саттерфилд Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Анда Анкара Байдендин билдирүүсүн четке какканы белгилүү болду.

Буга чейин түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу өз өлкөсү Байдендин чечимин «популизмге негизделген билдирүү катары мүнөздөп, аны толук четке кагаарын" айткан.

АКШ президентинин чечимин армяндар колдоп жатышат. Беверли-Хиллздеги Түркиянын элчилигинин алдында ал жакта жашаган жүздөгөн армяндар чыгып, Байдендин чечимин кубатташты. Армениянын желегин көтөргөн демонстранттар Анкарадан геноцидди таанууну талап кылышты. Калифорния штатынын Монтебелло шаарында да кишилер тобу Осмон империясында кырылган армяндарды эскеришти.

Жо Байден 24-апрель - армян кыргынынын курмандыктарын эскерүү күнүндө 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп тааныган. Узак убактан берки негизги аймактык жана НАТОдогу маанилүү өнөктөшү Түркия менен ансыз дагы начарлап жаткан алака-катышты сындаган билдирүү тараткан. Ал Түркиянын Стамбул шаарын "Константинополь" деп атаган.

Байден бул окуяларга Рональд Рейгандан кийин "геноцид" деп мүнөздөмө берген АКШнын алгачкы президенти болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG