Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Камчыбек Ташиев Өзгөндө нааразы эл менен жолугушууда


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөн районунда «Кемпир-Абаддагы» жерлердин алмашуусуна каршы акцияга чыккандар менен жолугушуп жатат.

Нааразы болгон эл Куршаб айылындагы стадионго чогулушту. Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, сабырдуулукка чакырды. Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Өзгөнгө келгенин айтты.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы экенин билдиришүүдө.

23-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, "Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан. (DU/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG