Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

BAFTA: “Көчмөндөр жери” драмасы төрт сыйлык алды


"Көчмөн жери" тасмасынын режиссеру Хлоя Чжао.
"Көчмөн жери" тасмасынын режиссеру Хлоя Чжао.

Бул тасма 2008-жылдагы финансалык капсалаңда үй-жайынан айрылган, мындан улам Кошмо Штаттарын кыдырып саякаттоого аргасыз болгон америкалыктар тууралуу баяндалат.

Кино жана сыналгы искусствосунун (BAFTA) британ академиясынын мыкты режиссердук иши үчүн сыйлыгын фильмдин жаратуучусу Хлоя Чжао алды. Ал мындай сыйлыктын 53 жылдык тарыхында ага ээ болгон экинчи аял болуп калды.

“Көчмөндөр жеринде” башкы ролду ойногон Фрэнсис Макдорманд аялдын ролун эң мыкты аткарган деп табылды. Ал эми эң мыкты оператордук жумушу үчүн Жошуа Жеймс Ричардс сыйланды.

“Көчмөндөр жери” эки жумадан соң Лос-Анжелесте тапшырылчу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлө турган эң башкы тасма катары аталып жатат.

Буга чейин аталган фильм Венеци кинофестивалында да жогорку сыйлыкка арзыган. BAFTA алгачкы ирээт 1948-жылы Лондондо уюштурулган жана ошондон бери үзгүлтүккө учураган эмес. Коронавирус пандемиясынан улам былтыртан бери сынактар онлайн өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG