Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:14

“Оскар” быйыл да азиялыктарга оогону турат


"Минари" тасмасынан кадр. Режиссеру Ли Айзек Чун.

Бул жылы “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи адаттагыдан эки ай кечирээк – 25 апрелде өтөт. Пандемиянын чектөөлөрүнөн улам кээ бир чыгармачыл топтор иш мөөнөтүн созууга аргасыз болгон. Бирок негизги жаңылык – календардык пландын өзгөрүшү эмес.

Анда кандай өзгөрүүлөр болууда?

Стриминг платформаларында гана жарык көргөн тасмалар мурда “Оскар” тарабынан көзгө илинбесе, мында тескеринче чоң экранга чыккан тасмалар шорт-листке аз тандалды. Былтыр да ушундай салттуу эмес өзгөрүүлөр киргизилген. Бул жылы 16 категория боюнча "Нетфликстин" продукциясы 35 номинацияда талапкер.

Азиялык-америкалыктар назарда

Былтыр биринчи жолу азиялык режиссер “Оскардын” мыкты жаратуучусу деп таанылган.

Пон Жун Хо расизмге айыпталып келген киноакадемиянын купулуна толчудай, гениалдуу фильм жарата алды.

“Паразиттер” "Оскардын" башкы категориясындагы сыйлыкты алуудан мурда Канн шаарындагы Европанын алдыңкы фестивалында “Алтын пальма бутагына” татыган.

Оскар алган Пон Жун Хо жана "Паразиттердин" чыгармачыл тобу "Оскардын" 92-чи сыйлык тапшыруу аземинде. 2020-жыл.
Оскар алган Пон Жун Хо жана "Паразиттердин" чыгармачыл тобу "Оскардын" 92-чи сыйлык тапшыруу аземинде. 2020-жыл.

Быйыл азиат америкалыктар тууралуу баяндаган “Минари” тасмасы “Мыкты эл аралык фильмдер” категориясында фаворит аталып жатат. “Минари” – 2021-жылдын ачылышы, керемети десе да жарашат.

Көз карандысыз авторлорду алкаган “Сандэнс” фестивалында баш байгени жеңди. Бирок “Оскардын” кино таануучулары “Санденстеги” кесиптештеринин көз карашына анча маани беришпей турганы белгилүү.

Ошого карабай, азиялык-америкалык режиссер Ли Айзек Чун алгачкы “Оскар” айкелин аларын болжогондор көбөйдү.

Ли Айзек Чун деген ким?

Ли Айзек Чун - америкалык корей режиссер. Ал адегенде дарыгер болууну самап Йель университетине тапшырган, бирок жандүйнөсү чыгармачылыкка ыктап туруп алгандыктан, окуусун таштап кино тартууга киришет.

Алгачкы тарткан тасмасы Канн шаарындагы фестивалда “Өзгөчө көз караш” наамындагы байгени жеңип алат. Ошондон бери Ли Айзек Чундун тасмаларына кызыгуу чоң. “Минари” - анын бешинчи тасмасы, алтынчысы - "Сенин атың" анимесинин адаптациясы иштелип жатат.

“Минари” эмне жөнүндө?

“Минари” – режиссердун жарым-жартылай автобиографиялык драмасы. Ал "америкалык кыялга" жетеленип келген корейлердин жаңы жердеги турмуш-тиричилигин, үй-бүлөлүк кыйынчылыктарын, жеке амбициялар менен альтруизмди сүрөттөйт.

Баш каарман Жейкоб (Стивен Ян), жубайы Моника, уулу жана кызын эски унаага салып келип жаңы конушка жайгашат. Жейкобдун аялы башка корейлерге, ооруканага жакыныраак көчүүнү сунуштаганы менен, Жейкоб жер иштетүү кыялын бербей моюн толгойт.

Үй-бүлө жашоосун ак барактан баштоо алдында турат. Уулу Девиддин жүрөгү оорукчан.

Түштүк Кореядан келген кайненеси кичинекей Девидге каралашып, жубайлардын түйшүгүн жеңилдетет. Бирок Жейкоб айдаган жерге суу чыкпайт, суу чыкса, түшүм сатылбай убара болот. Ата-эненин урушу күчөгөн сайын баланын жүрөгү сыздайт. Бирок ал турмуштун ачуу драмасын таамай айтылган тамашаларга айлантып жаза берет.

Окуялар үй-бүлөнүн кенжеси Девиддин көзү менен сүрөттөлгөндүктөн улам-улам жылмайтып турат.

"Минари" тасмасынан. Режиссеру Ли Айзек Чун
"Минари" тасмасынан. Режиссеру Ли Айзек Чун

“Минари” кандай көйгөйлөрдү көтөрүүдө?

Тасма корей элинин америкалыктарга жуурулушуусунун оорчулуктарын баяндайт, үй-бүлөдө бир кишинин амбициясы эмес, жалпы кызыкчылыктардын мааниси чоңураак экенин эскертет.

Жейкоб иши жүрбөй жатканда да “талааны иштеткенди токтотпойм” деп көшөргөн жери бар. Жеке максатын багып, эркелетип отуруп өз баласы менен аялы каралбай калганын байкабайт. Экинчи жагынан корей маданиятындагы эне менен кыздын мамилесинин бекемдигин көрүүгө болот.

Баш каармандардын бири Моника (Жейкобдун аялы) апасы инсульттан жабыркап, колунан кармаган идиши түшүп жатса да, карта оюнун, теледе болгон мушташтарды жакшы көрсө да эч айыптабайт.

Таене болсо суу жээкке минари чөбүн отургузуп, инсульттан кийин бир ыптасы кыймылдабай калганына карабай балдарына жардам берүү үчүн жанталашат.

Айрым көрүүчүлөр бул фрагментти түшүнбөй деле калса керек. Бир түнү табарсыгы бош Девид өлүмдөн корко турганын айтканда, таенеси ага “коркпо, көп жашайсың” деп убада берет. Эртеси ойгонуп небереси күндөгүдөй төшөккө ушатпаганын көрөт.

Ошондой таене соо жүрүп эле инсультка кабылат. Демек, небересинин дартын өзүнө алган болот.

Режиссер колдонгон көркөм ыкмалар

Улуулардын жашоосу баланын дүйнөсү менен айкалышкан. Чоңдордун көйгөйлөрү кинодогу саспенсти (түйшөлүү сезими) арттырып, көрүүчүнү бушайман кылат: талаага суу чыкпай калат, үй-бүлө акыркы акчасын сугатка коротот, Девиддин жүрөгү дүкүлдөп сарсанаага батат.

Экинчи жагынан Девиддин чөптөн башы чыкпай басканы эле аргасыз жылмайтат. “Минаринин” көйгөйлөрү – күнүмдүк кыйынчылыктар, бирок ар бир окуяда ташбоор адамды да жумшартчу деталдар көп.

Ли Айзек Чун эмнени айтайын деди?

Коронавирус пандемиясында азиялыктарга болгон жек көрүү сезими күчөп, корей, кытай ж.б. Европа менен АКШда бир топ кодулоого алынганын көрүп жатабыз. Режиссер “Минари” аркылуу ак терилүү адамдардын эмпатиясын (боор оору сезими) ойготууну көздөгөндөй элес калтырат.

Эң башкысы - Түштүк жана Түндүк Кореядан жер ооп келгендер деле америкалыктар экенин жергиликтүү калктын эсине салгандай. Корейлер деле башкалар көргөн оорчулуктарды баштан өткөрүп, Америка үчүн тер төккөнүн белгилегендей.

Ли Айзек Чун тасмада азиялыктарга мүнөздүү “уулуга урмат, кичүүгө ызаат” деген ойду алдыңкы планга чыгарганын байкоого болот. Кээде кежирлене бербей башкалардын акыл-кеңешин уга билүү да маанилүү экенине басым кылат.

Тасманын башында Жейкобго жергиликтүү ковбойлордун бири кудук казууга суулуу жер таап берүүнү сунуштайт. Сарамжал каарман анын сунушун четке кагып, сууну “логикага таянып табарын” айтат. Бирок жашоодо кээде логиканы турмуштук тажрыйба жеңип кетет да туурабы?

Баш каармандын өзүм билемдик мүнөзү башка дагы бир кадрда байкалат.

Динчил кошунасы кайненесинин сакайып кетиши үчүн дуба окууну сунуштаса, кыйкырып үйүнөн кубалап чыгарат. Өзү ишенбесе да ак ниет чалга уруксат берип койсо бирдемеси кемип калат беле?

“Минари” – психологиялык оор драма же гениалдуу табылга эмес, басмырт, кичипейил окуя. Эгер авторлор чоңураак же маанилүүрөөк таасир калтырайын десе, анда тасмага көп жылдык чөптүн аталышын берет беле?

Минари - жер тандабай өскөн чөп. Азиялык мигранттар бул өсүмдүккө окшош, кайсы жерге барып консо, ошол жерге ыңгайлашып жашоосун улап кетет.

"Көчмөндөрдүн жери"

“Номадленд” быйыл алты категорияда “Оскар” үчүн ат салышат. Кызыгы – бул тасманын дагы режиссеру азия тектүү америкалык режиссер – Хлои Чжао.

Хлои мыкты режиссура наамында жеңишке жетишсе, алгачкы “Оскарга” татыктуу делген азиялык-америкалык айым режиссер болуп калат.

“Номадленддин” аркасынан дагы бир айым - Френсис Макдорманд “мыкты айым ролун” аткаргандыгы үчүн сыйланышы мүмкүн. Ал ишсиз калган жесир аялдын супсак күндөрүн, үмүтсүз абалга карабай жашоого болгон умтулуусу өчпөгөн өжөр образын мыкты чагылдырды.

"Номадленд" тасмасынан үзүндү. Кадрда башкы ролду ойногон Френсис Макдорманд.
"Номадленд" тасмасынан үзүндү. Кадрда башкы ролду ойногон Френсис Макдорманд.

Мындан тышкары, “Иуда жана кара мессия” деп аталган тасманын актеру “экинчи пландагы мыкты эркектин ролу” деген наамдагы жеңишти алары божомолдонууда. Бул тасма жалаң африкалык-америкалык продюсерлер тарабынан тартылган.

Консервативдүүлүк, расизм, улутчулдук жана гендердик теңсиздик үчүн сындалып келген “Оскар” сыйлыгы акыркы жылдары ачыктыгы, толеранттуулугу менен өзгөчөлөнүүдө.

Албетте, “Оскардын” кино таануучуларын дайыма эле бейтараптуулукту бузбай карманат деп айтуу кыйын. Анткени тасмаларды баалоо өлкөнүн саясатына жараша өзгөрүп кете берет, кээде сыйлыкка татыктуу делген тасмалар көңүл сыртында калып, пропагандага ыңгайлуу сюжеттер тандалганы көрүүчүлөрдү нес кылган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG