Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

«Оскар» сыйлыгын ыйгаруу талаптары өзгөрдү


«Оскар» сыйлыгы.
«Оскар» сыйлыгы.

Америкалык «Оскар» киноакадемиясы «Эң мыкты фильм» наамын ыйгарууга байланыштуу жаңы талаптарды киргизди. Билдирүүдө талаптар «расалык, сексуалдык жана башка азчылыктардын өкүлдөрүнө экранда адилеттүү орун берилишин» камсыз кыла тургандыгы маалымдалган.

Ага ылайык, башкы же экинчи пландагы ролду кара терилүү, азиат, латын америкалык, Жакынкы Чыгыштын же жалпы эле башка бир расалык же улуттук топтун өкүлү ойноого тийиш. Актерлордун 30% аялдар, расалык же улуттук жана башка азчылыктардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болушу шарт. Фильмдин негизги мазмуну же темасы да аталган топтордун көйгөйүнө тийиштүү болушу керек. Азчылыктардын өкүлдөрү тасмада гана эмес, аны тартуучу топто, менежментте иштегени да эске алынат.

Жаңы талаптар 2024-жылдан тартып иштей баштайт.

2022-2023-жылдары кинокомпаниялар сыйлыкка сунуш кылчу тасмалары бул талаптарга жооп берерин тастыктаган документтерди киноакадемияга тапшырышы абзел. «Жылдын мыктысы» наамына ат салышкан тасмаларда жогорудагы талаптардын кеминде экөө аткарылууга тийиш.

Америкалык киноакадемиянын сыйлыгын 1929-жылы «Metro-Goldwyn-Mayer» киностудиясынын башчысы Луис Барт Майер негиздеген.

Америкалык киноиндустриясын өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары «Оскар» деген аталышка ээ болгон. «Оскар» сыйлыгы жыл сайын Американын Лос-Анжелес шаарында, «Долби» театрында өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG