Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57

Саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги орду аныкталды


Саясий партиялардын шайлоо тизмесиндеги орду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 9-сентябрда түн жарымына жакын өткөн жыйынында чүчүкулак кармоо аркылуу аныкталды. Чүчүкулакты шайлоого бараткан 16 саясий партиянын ар биринин ыйгарым укуктуу өкүлү кармап, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

1. «Биримдик»

2. «Мекенчил»

3. «Ыйман Нуру»

4. «Мекеним Кыргызстан»

5. «Реформа»

6. «Ата Мекен»

7. «Замандаш»

8. «Бүтүн Кыргызстан»

9. «Социал-Демократтар»

10. «Мекен Ынтымагы»

11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы

12. «Ордо»

13. «Бир Бол»

14. «Республика»

15. «Кыргызстан»

16. «Чоң Казат»

БШКнын маалыматына караганда бюллетенде 16 партиянын тизмесинен тышкары «баарына каршы» графасы да болот. БШК 9-сентябрдагы жыйынында шайлоо бюллетенинин формасын жана мазмунун бекитти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG