Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

Мадумаров: Соттун чечими саясий эмес, мыйзамдык чечим болду


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы доо арызын канааттандырган сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров «мыйзамдык чечим» деп атады.

Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?» деген суроосуна:

«Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам», - деп жооп берди.

Бишкектин административдик соту бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы берген доо арызын карады.

Судья Анар Эгембердиева БШКнын партияны каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарды.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG