Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

"Эгемендүүбүз" деп эдиреңдей берүүгө эрте


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы жоогазын.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына журналист Дайырбек Меймановдон келген материалды сунуштайбыз.

Мындан отуз жыл мурда 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган. Ошондон тарта Кыргызстан өзүн көз карандысыз, эркин жана эгемен мамлекет деп жарыялаган. Отуз жылдан бери Кыргыз мамлекетинде болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? деген суроого тилекке каршы “ооба” деп айтуудан аргасыз карманып турам.

Себеби бир топ: социалдык, экономикалык, маданий, тил, идеологиялык аспектиден алганда да жогорудагы суроого оң жооп берүүгө оозум барбай турат. Сөздүн ачыгы - “эгемендүү өлкөбүз” деп эдиреңдей берүүгө бизге эртелик кылат.

Себебин төмөндө айтып берем: Чаек айылында бир үйдө конокто отурганбыз. Акаевден баштап, азыркы президент Садыр Жапаровдун бийлигине чейин сөз болуп жатты. Бир убакта ошол айылдыктардын бири мындай деди:

“Президенттер алмашып эле жатат, бири да жыргаткан жок. Элдин турмушу күндөн-күнгө начарлап атат. Балдарыбыздын баары чет өлкөлөрдө, айрыкча Орусияда самсып жүрүшөт. Эгемен өлкө болгонубузга 30 жыл болуптур. 30 жылдан бери оңолбосок, эми качан оңолобуз?! Мурдагыдай эле Орусиянын курамына кирип алсак жакшы болмок”.

Бул кишинин сөзүн башка бир айылдан келген аял туура көрүп коштоп кетти:

"Орусиянын курамында турганда көңүлүбүз ток болчу. Кийимибиз бүтүн, тамак-ашыбыз белен. Кыйналбай жашачубуз. Эмичи? Эртеңки күнүбүз эмне болот, бүдөмүк”.

"Орусиянын курамына кирсек жашообуз жакшырат"деген мындай пикирлерди бул эки аял-эркектен эле эмес, мындан мурда да, кийин да башкалардан уктум. Угуп түпөйүл ойдо калдым, азыр да каңырыгым түтөп жүрөм. Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген мындай осол ой-пикирлерди кара турмуштан каржалган карапайым адамдар эле эмес, аттуу-баштуу адамдардын айтып жатышы камтама кылбай койбойт.

Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун "Правда.ру" сайтына өткөн жылы маеги басылып, анда ал "азыр көптөгөн кыргыздарда Орусиянын курамына республикалардын бири катары кириш үчүн Москвага кайрылуу тууралуу ойлору пайда болууда", - деп айткан.

Былтыр дагы бир саясатчы, “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушууда “Биздин партиянын идеологиясы - евразиячылдык. Биз ал жакка багыт алабыз. 30 жылдык жашообуз жана көз карандысыздыгыбыз оюбузду өзгөртүүгө мезгил келгендигин көрсөттү, кайра кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү... Бүтүндөй евразиячыл аймакта бирдиктүү болгондо гана мамлекет эгемендүү боло алат... Субъективдүүлүгүбүздү жоготпош үчүн, биз чогуу болуп, интеграцияланышыбыз керек", - деп айткан.

Кыргыз эли, алгач 50 жыл орус империясынын, андан кийин азыркы Орусия Федерациясынын түздөн-түз мураскору болгон СССРдин курамында 70 жылдан ашуун, баш-аягы 150 жыл бою Орусияга көз каранды болуп келген.

Аманкуловдун эскини эңсеп жатышы өкүнүчтүү. Ырас, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө СССРдин ролу чоң болгон. Айыл чарбасы өнүгүп, завод-фабрикалар курулган. Бирок биз тилибизден, салт-санаабыздан акырындап ажырап баратканбыз. Орустар кадимкидей үстөмдүк кылчу. Шаарларда орустардын эки-үчтөн үйлөрү болсо, кыргыздардын баш калкалаар жайы жок орустардын үйүндө батирлеп жүрөшчү ж.б.

Бизге Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман калктардын, анын ичинде кыргыздардын, Орусиядагы бурят, хакас, якут, алтайлык боордош элдердин кейиштүү тагдыры, тилинин, үрп-адаттарынын, салт-санаасынын жоголуп баратышы, көз карандылык жашоосу сабак болушу керек.

Ансыз да Кыргызстан Орусияга көп жагынан көз каранды. Күйүүчү майды дээрлик Орусиядан алат. Мамлекеттик стратегиялык объект болгон бүтүндөй газ тармагын 1 долларга сатып жиберип, эми мына газга болгон көз карандылыгы өтө күчтүү.

Ошол эле учурда Орусияга көз каранды делген Украина кыргыз бийлигине окшоп бүтүндөй газ тармагын эмес, газ ташуучу түтүктөрүн Орусияга 8 миллиард долларга сатпай койгон.

Акаевдин мезгилинен бери эле кыргыз бийлиги “Кремль эмне дейт?” деп Орусияга кылчактап турат. Ошонун айынан экономикалык дагы, саясый дагы жагынан Кыргызстанга пайдалуу болгон АКШнын Ганси авиабазасын Кыргызстандан чыгарып жиберишти. Америкалыктар авиабазанын ижара акысы үчүн 2 миллион доллар төлөп келген болсо, 2006-жылдан тарта 207 миллион доллар төлөө тууралуу сөз жүрүп баштаган.

Бирок Орусиянын кыргыз бийлигине болгон кысымынан улам авиабаза чыгарылган. Ошол эле учурда Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашып турат. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Бул аскердик авиабаза Кыргызстанды сырткы душмандардан коргой бербестигин ушул жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуя ачык далилдеди.

Ошол мезгилде жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал болуп, карапайым элдин үй-жайы өрттөлүп, жайкын тургундар жапырт качты. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү делген Орусия чек арадагы мындай бул агрессияга көз жумуп койду.

Эмне үчүн? Себеби, Тажикстанда авторитардык режим. Орусияда да авторитардык режим. Бул жагынан Рахмон менен Путиндин көз караштары бирдей, оңой тил табышат. Путиндин каш-кабагын карап турган кыргыз президенттери биринин артынан бири куулду.

Жаңы президент Садыр Жапаров Путин үчүн жаңы адам. Мурдагы кыргыз президенттериндей болуп Кремлдин айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып туруш үчүн Рахмондун Кыргызстанга согуш ачып, басып кириши Путинге жакты. Болбосо, “мындай болбойт, баардык маселе тынч жол менен чечилиши керек” деп Рахмонду тыйып коймок.

Анын үстүнө Тажикстан да, Кыргызстан да Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары 1992-жылы 15-мартта кол коюшуп, ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык жолу менен чечүүгө милдеттенишкен.

Рахмон мына ушул келишимди бузду. ЖККУнун түзүлүшүн демилгелеген Кремль Мария Захарованын оозу менен “кырдаалды байкап турабыз” деп гана койду. Демек, Орусия Кыргызстандын өз алдынча, көз карандысыз күчтүү мамлекет болушун чын дилинен каалабайт. Кыргызстандын алсыз, көз каранды болуп турушу Орусия үчүн ыңгайлуу. Кыргызстан канчалык алсыз болсо, анын жаңы өлкө башчысына Москванын сөзү ошончолук өтүмдүү болот...

Идеология маселеси

Кыргызстан Орусияга идеологиялык жактан да көз каранды. Орусиянын ОРТ жана РТР телеканалдары Москванын басымы менен Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн кийин бир катар жеңилдиктер каралган соцпакетке кирип калган. Мисалы, Кыргызстандын телеканалдары контенттин 50% милдеттүү түрдө атамекендик программалар менен толтурулушу керек.

Ал эми ОРТ менен РТР мындай талапты аткарбайт жана өз берүүлөрүндө кыргыз тилинде контент жасабайт. Ошол эле учурда өздөрүндө жарнама жайгаштырып келишет. Анан да Орусиянын эки каналын ретрансляциялоо үчүн Кыргызстан өз бюджетинен жылына 50 миллион сом төлөөдө. Муну менен Москва “бир ок менен эки коён атып” жатат. Биринчиден, өзүнүн идеологиясын бүтүндөй Кыргызстанга таратып жатса, экинчиден, ансыз да кыргыз өкмөтүнүн эңшерилген бюджетине кол салууда.

Орусия түзгөн Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) Кыргызстан эч бир пайда тапкан жок. Орус бийлиги кыргыз мигранттарына бир аз жеңилдик берүү менен гана кыргыздарды сооротуп койду. ЕАЭБди Москва саясый максатта түзгөнүн орус бийлиги жакында өзү эле ачыктап алды. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин 3-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда “Батыштын Орусияга каршы санкцияларына Евразия экономикалык биримдиги биргелишип жооп кайтарат” деди. Буга кыргыз бийлиги үн ката албады.

Ал эми бул эле коңшу Казакстан ЕАЭБ экономикалык максаттагы уюм экенин, орус бийлигинин эсине салып, аны саясатташтырбоого чакырып, "санкцияларга бирге жооп кайтаруу, экономикалык басым чаралары же чет өлкөлөр менен алакага басым көрсөтүүнүн түрлөрү ЕАЭБдин күн тартибинде жок. Бул Казакстандын принципиалдуу жана туруктуу позициясы", -деп каяша айтты.

Тил маселеси

Кыргызстандын эгемендиги, көз карандысыздыгы тууралуу ойлонгондо, аргасыз өтө көйгөйлүү болгон тил маселеси көңүл оорутат. Тил жоголсо, улут жоголот. Анда эгемендүүлүк, өлкөнүн көз карандысыздыгы тууралуу сөз кылып да болбойт.

Республикабыз эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдан бери орус тилине болгон көз карандылыктан арылбай келебиз. Мамлекеттик органдарда иш кагаздары алгач орус тилинде даярдалып, анан кыргызчага которулат. Котормо деген котормо да! Бири туура келет, бири туура келбейт дегендей.

Бара-бара аң-сезимибаз ошол туура келбеген котормолорго ыңгайлашып, адаптацияланып да баратат, балээ басып! Айталы, “Бишкек – бир тууган шаарым” деген сыяктуу келегей, түз котормолор бар. Бизде эң көйгөй – көпчүлүк аткаминер тыңчыкмаларыбыздын орусча ойлонуп, анан кыргызча сүйлөгөнүндө.

Жанагы котормочуларыбыз да орусча ойлонуп, анан кыргызчага которушат. Муну менен кыргыз тилинин көркөмү, аземи, көп түрдүүлүгү, өңү-түсү жылдан жылга көөнөрүп баратат. Көптөгөн ЖОЖдордо дарстар орус тилинде өтөт.

Эгемендигибизди, улуттук уңгубузду түбөлүккө сактап калалы десек, тилибизге эч качан кайдыгер карабашыбыз керек. Ырас, кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында мыйзамдар кабыл алынып жатат. Бирок толук аткарылбай келүүдө. Жаман жери бийлик башындагылар саясий себептен, ачык айтканда орус бийлигине жагынуучулуктан улам мыйзамды өздөрү бузуп коюшууда.

Мыйзамдын 8-беренесинде КР президенти, өкмөт башчысы, ЖК төрагасы, Жогорку соттун, Конституциялык соттун төрагалары, ошондой эле маморгандардын жетекчилери мамлекеттик тилди талаптагыдай билүүгө тийиш, өз оюн кенен-кесири айтууга, түшүндүрүүгө милдеттүү деген талап бар.

Дин маселеси

Өлкө эгемендигин көздүн карегиндей сактоо тууралуу сөз кылганда дин маселесине көз жумуп коюуга дегеле болбойт. Диндин мамлекет ичиндеги ордуна, улуттун алмустактан бери калыптанып калган традициясына, тилине, элдин жашоо-тирлигине кандай таасир тийгизип жаткандыгына дайыма баам салып, байкап, анализдеп турбаса, улуттун уңгусун упуратып, өлкө эгемендигин эңгиретип, бара-бара билинбестен ошол элди, өлкөнү кайсы бир чоң элге, мамлекетке көз каранды кылат.

Эки жыл мурдагы окуя такыр эсимден кетпейт: Бир туугандар чай ичип олтурганбыз. Сөздөн сөз чыгып “кыргыздар ата-жотосу көрбөгөн Арабиянын Мекке, Медина шаарларын ыйык тутуп, барып келгенди, ажы болгонду самап, ак эткенден так этишет. Ошол эле учурда Таластагы Манас атанын күмбөзүнө барып сыйынып келгенге моюндары жар бербейт” дедим.

Дин жолунда жүргөн иним “ажылыкка акарат келтирбеңиз, Мекке, Мединага сөз тийгизбеңиз, ал жерлер – ыйык” деп мага атырылып бир тийди. Сөздү уласам урушчудай болуп турат. Иним Манас атага, кыргызга, мага, агалык бир туугандыкка караганда ажылыкты, Меккени жогору көрүп калганын билип, айласыз укчукпай олтуруп калдым.

Бир жолу сакал коюп, араптарча шөлбүрөтүп узун көйнөк кийип жүргөн кошунама “сен кыргызсың да, кыргыздын жигиттериндей эле кийинип жүрбөйсүңбү” десем, “мен мусулманмын, астафуроллах” дейт.

КРдин Дин иштери боюнча мамкомиссиясы дин кызматкерлерин светтик билим алууга, дин менен светтик билимди айкалыштырууга жана алар даават айтып жатканда Манастын осуяттарын да кошо айтып турушу керектигин милдеттендириши керек.

Куран семит элдеринин ыйык китеби. Дүйнөдө Забур, Тоорат, Инжил сыяктуу ыйык китептер бир топ. Ал эми Манас кыргыздарга гана таандык ыйык-таберик китеп.

Ар бир кыргыз Манасты баардык нерседен жогору коюп, таберик тутушу зарыл. Жаштарыбыздын үйдө, бала бакчада, мектепте, ЖОЖдө ж. б. жайларда дайыма кыргыз экендигин, Манастын урпагы экендигин эсине салып турбасак, патриоттук сезимин ойготпосок жылдар өтүп улуттук уңгубуздан, эгемендүүлүгүбүздөн кол жууп, кайсы бир өлкөнүн кебин сүйлөп, “кетменин чаап” калышыбыз мүмкүн. Бул – ачуу чындык.

Дайырбек Мейманов

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG