Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт


Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Чаткал районунун Терек-Сай айылынан Чынар Токоева "Отуз жылдык арманым" деген ыр саптарын өзү окуп аудио кат жиберген. Элеттик ардагер акын Чынар Токоеванын буга чейин ыр китеби да чыккан экен.

Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт

Чындыкты айтсам чыркырап,
Чычайба түркөй чычалап.
Абийир намыс ченемин,
30 жыл күттүк ай карап.

Маңбаштын "маңка" мыйзамы,
Мамлекетке тийди залалы.
Менчиктешүү айласын,
Жетекчилер көрдү пайдасын.

Баштайын анда кошокту,
Башчылар көрсүн тозокту.
Бат эле жалмап коюшкан,
Бакыйган "Ленин" заводду.

Айтайын күйгөн кошокту,
Ач көздөр көрсүн тозокту.
Алеки замат бөлүшкөн,
"Автомаш" деген заводду.

Кузгундай тарпты талашкан,
Жүлүнүн журттун куйкалап,
Орун алган шаардын ортосунда,
"Октябрдын 40 жылдыгы" фабрика.
Окшотуп тигип пальтону,
Ошол кезде аты чыккан союзга.

Баскан жердин баары алтын,
Баркына жете албадык.
Башка элден келген байларга,
Баш ийип берип карматтык.

Аска зоонун бары алтын,
Ала албай карап биз калдык.
Чет элден келген баштууга,
Чечиле күлүп карматтык.

Көр көкүрөк маңкурттук,
Көз көрүнөө алсыздык.
Өзгөгө жерин тепсеткен,
Өз элге кылган нак кастык.

Акылдуу башчы жер сатпайт,
Ар түркүн элге сыр ачпайт.
Алтынын бербей текейге,
Аярлап кенин бек сактайт.

Барынан кымбат мекениң,
Бай тоолор менен түздөрүң.
Баркына жетип сактагын,
Билип жүр ыйык экенин.

Мезгилиң аса байланбайт,
Мейкиндик гана тунжурайт.
Замандын өйдө-төмөнүн,
Мезгилдин өзү баяндайт.
Улуу көч кылган катаны,
Урпактар кийин баяндайт.
XS
SM
MD
LG