Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Москва Түркмөнстандын көңүлүн ала баштады


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Талибан Пакистанга сес көрсөттү

The Diplomat АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу маселесине кайрылды. Тактап айтканда, 27-майда жарык көргөн макалада “Талибан” кыймылынын кошуналарына кайрылып, өз аймагында америкалык базага орун бербөөнү эскерткени тууралуу сөз болот.

“Биз андай чагымчыл жана жийиркеничтүү аракетти жоопсуз калтырбайбыз”, - деген экстремисттик топ.

Басылманын жазганына караганда, өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Хелвей Cенаттын куралдуу күчтөр комитетинде Пакистан буга чейин Ооганстандагы операцияларга катышкан америкалык аскерлерге аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берип келгенин, мындан ары да ошентерин айткан.

Ал эми Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши апта башында парламентке кайрылуусунда өкмөт базаларды Америкага сунуш кыла албай турганын билдирген. Анын артынан Пакистандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдө АКШнын базасы жайгашуусу мүмкүн деген кабарларды “негизсиз жанап жоопкерчиликсиз спекуляция” деп атады.

The Diplomat расмий түрдө андай маалыматтар четке кагылып келгени менен, 2008-жылы WikiLeaks сайты Исламабад америкалык атайын күчтөргө өз аймагынан иш алып барууга уруксат бергенин жазганын эске салды.

2013-жылы The Washington Post гезити чыгарган дагы бир документте Пакистан өкмөтү жылдар бою дрондордон чабуул коюу программасын тымызын колдоп жүргөнү, соккулар жана курмандыктар тууралуу жашыруун маалымат алып турганы айтылган.

"Андыктан америкалык базалар маселесинде расмий билдирүлөр сөзсүз эле Пакистандын саясий багытын чагылдырбайт", - деген автор өлкө бийлигине кайсы күч келбесин, АКШнын планын колдоо олуттуу кесепетке алып келерин жакшы түшүнүшөрүн белгилейт.

"Ошол эле маалда “Талибандын” соңку эскертүүсү согушкер топ Исламабаддын америкалык атайын бөлүктөргө өз аймагында орун беришине нааразылыгын гана эмес, базаны жайгаштырууга эми караманча каршы турарын туюндурат", - деп улантат басылма.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан "Талибандын" делегациясы менен. Исламабад, 18-декабрь 2020-жыл
Пакистандын премьер-министри Имран Хан "Талибандын" делегациясы менен. Исламабад, 18-декабрь 2020-жыл

Автордун көз карашында, “Талибан” эми Пакистандын таасирисиз, өз алдынча аракетенүү жөндөмүн көргөзгүсү келет.

"Мындай ишенимдин артында согушкер топтун акыркы күндөрдөгү дипломатиялык жана аскердик жетишкендиктери турат" деп жыйынтыкталат макала.

Кошумчалай кетсек, айрым маалымат каражаттары АКШ аскерлери Ооганстандан кеткенден кийин базасын жайгаштырышы ыктымал деген мамлекеттердин катарына Тажикстан менен Өзбекстанды да кошкон.

Москванын Ашхабадга жардамы

Eurasianet Орусия Түркмөнстанга көбүрөөк инвестиция сала баштаганын жазып, бул тенденцияны талдап чыкты. Автордун пикиринде, Москванын президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу, ыктымал мураскери Сердардын көңүлүн алуу аракеттери жемишин берип жаткандай.

Маалыматка караганда, 21-майда министрлер кабинетинин жыйынында вице-премьер, кенже Бердымухамедов Орусия менен өкмөт аралык экономикалык кызматташтык программасын тааныштырды. 2021-2023-жылдарга мерчемделген «жол картасында» өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана жогорку технологиялар тармактарында кызматташуу каралган. Президент аны дароо жактырып, программаны ишке ашырууга көз салууну кайра эле уулуна тапшырды.

Автор белгилегендей, Сердар акыркы кездерде Орусияга тез-тез каттап жатат. 23-майда ал жана тышкы иштер министри Рашид Мередов Ашхабадда Санкт-Петербургдан келген аткаминерлер менен ишкерлерди кабыл алды. Делегациянын курамындагы эки компания Түркмөнстанда буга чейин эле иштеп келген жана өз позицияларын бекемдөөнү көздөшөт.

"Орусия түркмөн мамлекет башчысына да жагуу жолун билет" деген журналист, ал өлкөнүн Ашхабаддагы элчилиги Бердымухамедовдун жаңы китебинин орусча котормосунун бет ачарын уюштурганын жазат.

Макалада Орусия бир катар багытта Түркмөнстан үчүн ылайыктуу өнөктөш экени белгиленет. Алсак, министрлер кабинетинин жыйынында айтылгандай, өлкө “Газпромдун” филиалынан жаңы электростанция үчүн түтүктөрдү сатып алды.

"Өлкөдө азык-түлүк кымбат, атүгүл тартыш болуп жаткан чакта, Орусиядан эң керектүү товарларды сатып алса болор эле. Бирок “түркмөн жетекчилиги өзүн өзү камсыздоо идеясына" берилип алган" деген көз карашын ортого салат.

Коронавирус сактанган кишиге жукпайт

The Lancet журналы Барселонада коронавирустун жайылышын текшерүү үчүн жүргүзүлгөн экспериментин жыйынтыгын басып чыгарды. 18-59 жаштагы 465 кишиге концертке катышууга сунуш кылынган. Иш-чарадан кийин эч кимиси COVID-19 оорусун жуктуруп алган жок.

Концерттин алдында экспериментке катышкандардын бардыгы анализ тапшырып, таза адамдар гана залга кое берилген. Аларга ырдап, бийлөөгө, социалдык аралыкты сактабоого уруксат берилген. Бирок 95 үлгүсүндөгү респиратор тагынып жүрүү шарты коюлган. Андан тышкары концерт өткөн жай жакшылап желдетилип турган. Көрүүчүлөр залда орточо эсеп менен эки саат 40 мүнөт өткөрүштү. Алар концертке чейин 10 күн, андан кийин дагы 10 күн адистердин көзөмөлүндө болушту. Эксперимент былтыр 12-декабрда, шаарда илдетке чалдыккандар азая баштаганда уюштурулган.

Ошентип изилдөөчүлөр бардык керектүү санитардык чаралар сакталганда чоң концерттер коронавирусту жайылат деп коркпой, коопсуз өткөрсө болот деген жыйынтыкка келишти. Алар вирустун жайылышынан жакшы коргогон респираторлордун жана тест тапшыруунун эсебинен алдын алуу мүмкүн болду деп эсептешет.

Ошол эле маалда адистер "кээ бир залдарда санитардык чаралардын сакталышына шарт түзүү үчүн көбүрөөк каражат керек" деп эскертишет. Андан тышкары күнүмдүк турмушта иш-чарага эки саат калганда миңдеген көрүүчүдөн анализ алуу ишин уюштуруу да оңой эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG