Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Ниязов: Борбор Азия өлкөлөрү АКШ базасы боюнча сунуш түшсө чечимди өз алдынча кабыл алганы туура


Мирослав Ниязов.
Мирослав Ниязов.

Борбор Азия аймагында жайгашкан өлкөлөр Кошмо Штаттардын аскердик базасын өз аймагына жайгаштырууга макулдук берүү же бербөө маселесин эгемендик укугунан пайдаланып өз алдынча чечкени туура болот. Мындай пикирин 10-майда «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди.

Ниязов АКШ жана НАТО Ооганстандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетсе бул өлкөдө талибдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда «чоң согуш» чыгары тууралуу сөздөр негиздүү экенин айтып, «Кошмо Штаттар базасын Өзбекстанда же Тажикстанда ачышы ыктымал» деген жоромолдор боюнча суроого төмөнкүчө жооп берди:

«Борбор Азия – Орусиянын таасирине түздөн-түз тиешелүү мамлекеттер. Орусияга ошондуктан бул кереги жок. Бирок ар бир мамлекет эгемендик укугунан пайдаланып, өзү чечиши керек. АКШ күчтөрүн 11-сентябрга чейин чыгарып бүтөрүн айтып жатат. Кайда алып кетиши керек буларды? Бул да чоң маселе. Биздин кошуналар макулдугун береби же жокпу, аны жашоо көрсөтөт, азыр так айтыш кыйын».

АКШ Ооганстандагы күчтөрүн 11-сентябрга чейин чыгарып кетерин жарыялагандан бери ооган жергесинде чабуулдар жана өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кагылышуулары күчөдү.

АКШдагы 2001-жылкы ири террордук чабуулдан кийин НАТО Ооганстанда атайын операция баштаган. Ошол эле жылы "Манас" аба майданында кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун негизинде база ачылып, ал Ооганстанга каттаган учактарды тейлеп турган. 2014-жылы ал база кыргыз тараптын талабы боюнча мурда сүйлөшүлгөн мөөнөтүнөн жарым жыл эрте жабылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG