Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу медкызматкерлер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Беловодское айылындагы психоневрологиялык интернатта каза болгон өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу эки санитарка жумуштан бошотулду. Дарыгер менен медайымга катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Актан Балбаков билдирди.

“Бул окуя 25-апрелде түндө болгон. Жагдайды билүү үчүн министрликтен атайын топ түзүлүп 26-апрелде жерине барып көрүп келгенбиз. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бир палатада жаткан 13, 15 жана 18 жаштагы балдар урушуп кетишкен. Экөөлөп 15 жаштагы баланы сабап коюшкан окшойт. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алгачкы маалыматтар боюнча каза болгон баланын башына катуу сокку тийгени аныкталды. Ошол күнү нөөмөттө турган эки санитарка иштен кетти. Окуя тууралуу толук маалымат тергөөнүн жүрүшүндө билинет. Интернаттын директорунун жоопкерчилиги да каралышы мүмкүн”, - деди Балбаков.

Өспүрүмдүн сөөгү туугандарына берилген. Окуяны Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG