Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Чек ара коогасында каза болгондордун жакындарына үй салына баштады


Баткендин Чет-Булак конушунда турак жай куруу иштери башталды.
Баткендин Чет-Булак конушунда турак жай куруу иштери башталды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына үй салына баштады. Имараттар Баткендин Чет-Булак конушуна курулууда. Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 36 имарат салына баштаганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, ар бир үй бардык шарттары менен төрт бөлмөлүү болот жана короо үчүн 6 сотых жер бөлүнгөн. Аймакта бала бакча жана сейил бак да болот.

Курулуп жаткан турак-жайлардын планы.
Курулуп жаткан турак-жайлардын планы.

Курулушту "Каганат-Инвест" холдингинин "Ихлас" компаниясы жүргүзөт. Аталган компания өкүлдөрү үйлөр эки айда бүтөрүн маалымдады.

Капсула салууга президенттин Баткендеги чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана "Каганат-Инвесттин" өкүлдөрү катышып, алгачкы капсула куюлду.

28-30-апрелде чек арадагы куралдуу жаңжалдан соң "Каганат Инвест" компаниясы Баткендеги калабада турак жайы күйгөн кыргызстандыктарга 20 үй куруп берерин жарыялаган.

Андан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, коогада жабыркаган аймактарга жардам берүүгө чакырган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Алардын 100ү ооруканада жатат.

Тажикстан 20 жараны өлүп, 90дой адам жабыркаганын билдирген. Басылмалар айрым кыштактарда турак жайлардын талкаланган сүрөттөрүн жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG