Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Ошто кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттү


Кыргызстан тараптан протоколго өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, тажик тараптан Жер башкаруу жана геодезия комитетинин төрагасы Ориф Хожазода кол коюшту.
Кыргызстан тараптан протоколго өкмөттүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, тажик тараптан Жер башкаруу жана геодезия комитетинин төрагасы Ориф Хожазода кол коюшту.

Ошто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара боюнча топографиялык иш топторунун кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. 10-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу 5-9-май күндөрү Ош шаарында өттү, жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын иш топторунун протоколу кабыл алынды.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү макулдашылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, "Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү".

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (RK)

XS
SM
MD
LG