Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

"Раритет" китеп дүкөнү жайгашкан имарат аукционго коюлду


"Раритет" китеп дүкөнү жайгашкан имарат
"Раритет" китеп дүкөнү жайгашкан имарат

Бишкектеги "Раритет" китеп дүкөнү жайгашкан имарат аукционго коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта имарат мыйзамдын негизинде сатыкка коюлганы айтылат.

"Раритет" китеп дүкөнү ээлеген жер төлөнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 7-майда интернет аукционго койгон. Имарат аталган министрликке карайт.

Аукцион 2021-жылдын 4-июнуна белгиленди. "Раритет" китеп дүкөнүнүн Бишкекте бир нече филиалы бар. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG