Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Навальный дарыланган оорукананын мурдагы башчысы аман-эсен табылды


Омск облусунун саламаттык сактоо министри Александр Мураховский.
Омск облусунун саламаттык сактоо министри Александр Мураховский.

Орусиянын Омск облусунун саламаттык сактоо министри, былтыр оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды дарыланган оорукананын мурдагы башчысы Александр Мураховский аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустун бийлиги 10-майда билдирди.

7-майда Мураховский Поспелово айылындагы аңчылык базасынан квадроцикл менен токойго аң улоого кеткенден бери дайыны чыкпай жаткан. Дарыгерди алгач жакындары өз алдынча издеп, майнап чыкпагандыктан тиешелүү кызматтарга кайрылган.

ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги дүйшөмбү күнү жазгандай, Мураховский дайынсыз кеткен жайдан 32 чакырым алыстыктагы токойдон өзү чыккан. Омск облусунун бийлиги азыр дарыгер медициналык текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлады.

Мураховский Омскинин саламаттык сактоо министри болгонго чейин шаардык оорукананын башкы дарыгери болчу. Дал ушул ооруканага былтыр августта оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ууланып түшкөн эле. Алгач дарыгерлер оппозиционердин ууландырылганын айтышып, кийин ал маалыматты четке кагышкан.

Быйыл жыл башында Мураховский менен чогуу иштеп, Алексей Навальныйды дарылоого катышкан эки дарыгер мезгилсиз каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG