Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Баткен: Барымтада кыйноого кабылгандар боюнча документ даярдалууда


Барымтага алынган кыргызстандык.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда барымтага алынган кыргыз жарандары кыйноого кабылганы документтештириле баштады. Бул тууралуу 10-майда «Кыйноолорго каршы коалиция» уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери жана эксперттер алардын денесиндеги көк-аланы, ур-токмоктун издерин «Стамбул протоколунун» негизинде каттоого алып жатышат.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков «Азаттыкка» билдиргендей, «Стамбул протоколу» кыйноо фактысын далилдөөчү эл аралык медициналык документ:

«Ооруканага түшкөн кишинин денесинде зомбулуктун кандайдыр бир изи бар болсо, ошону каттоо документи. Дарыгерлер ошондой бейтап түшөр замат «Стамбул протоколун» толтуруп, 24 сааттан ашырбастан укук тартибин коргоо органдарына билдириши керек».

Барымтага алынган кыргызстандык.
Барымтага алынган кыргызстандык.

Эксперт катары тартылган «Справедливость» уюмунун адвокаттарынын айтымында, барымтага түшкөндөр аларды тажик аскерлери үйүнөн алып кеткенин, Гафуров районунун милиция бөлүмүндө ур-токмокко алышканын айтып беришкен.

Толтурулган документтер Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү комитетине жөнөтүлүп, кыйноого кабылгандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам суралат.

Баткендеги чек ара чырынан улам Тажикстанда барымтада кармалып турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылган жана Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүшкөн.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG