Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

“Баткенге жардам” эсебине элден 66 миллион сом топтолду


Жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады.
Жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган атайын эсепке 66 миллион сомдон ашык каражат чогулду.

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чогулган акчанын 59 826 820 сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 1 710 189, Бишкек шаардык мэриясынын атайын эсебине 5 007 580 сом чогулду. Бул каражаттарды ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлүп, облуста президенттин атайын өкүлү дайындалды.

Ушул күндөрү жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады.

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жаракат алды. 100дөн ашык турай жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG