Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Далай актердун багын ачкан Мамат Рыскулов


Кыргызстандык актерлер

Өткөн доордо Кыргыз Республикасынын эл артисти атактуу режиссер, устатым Алмаз Сарлыкбеков “Мамат Рыскуловду билесиңби?" деп сурап калды. Ал жөнүндө "маалыматым жок, билбейм" дедим. Ошондо устатым буларды айтып берди эле.

"Кыргыз театр режиссерлорунун дээрлик көпчүлүгүнүн чыгармачылыгы унутта калып, эмгеги эскерилбей баратканы өтө өкүнүчтүү. Алыс барбайлы кыргыз театр режиссурасына негиз салгандардын бири Кыргыз Республикасынын эл артисти Аманкул Куттубаев, биринчи профессионал режиссер Мамат Рыскулов жөнүндө кыргыз коомчулугунда такыр эле эскерилбей калды. Чынында эле унутулуп калышты. Алар тууралуу кийинки муун маалыматы жок калчудай заманга келдик.

1972-жылы Ленинграддан Маданият институтун бүтүп келип, Киров элдик театрында иштеп калдым. Ошол жерден кыргыз театр искусствосунун биринчи профессионал режиссеру Мамат Рыскулов менен тааныштым. Кыргыздын алгачкы “Салтанат” фильмин ошол киши тарткан. Атактуу киши экен. Үйүнө ээрчитип барып көрсөттү, анын чыгармачылыгы тууралуу эки чемодан макала бар экен. Ошол адам эч кимге белгисиз болуп жашоодон өтүп кетти. Отуруп ойлоном, эмне үчүн кыргыз театр режиссерлорунун тагдырлары окшош?

Жалил Абдыкадыровду алалы. Эң мыкты иштеп жаткан адамды интригалар менен Кыргыз драма театрынан четтетишти. Жаке Нарында, Ысык-Көлдө жүрдү. Кайра театрга келип “Манастын уулу Семетей” сыяктуу чоң спектаклдерди коюп, таланты ташып турган 52 жашында каза болуп калды. Себеби жанагы интригалардан, ак жеринен күйгөндөн канча нерви желип, ден соолуктан ажырады да.

Бообек Ибраевдин да тагдыры ойлонтот. Бообек Ибраевич да Кыргыздрамдан куулуп, Нарынга, анан Ош өзбек театрында, Каракол театрында иштеп жүрдү. Ал киши көзү өтөрүнө жакын кабинетиме кирип, “жүрчү” деп ээрчитип экинчи кабатка чыкты. Сүрөттөр турбайбы. Бокенин сүрөтүнүн алдына “бөлүм башчысы” деп жазышыптыр. Ал Кубарып, “мен режиссермун да” деген эле.

Медербек Назаралиевдин да тагдыры оң болбоду. Атактуу режиссер акырында жумушсуз көчөдө калып, дүйнөдөн өтүп кетти.

Адылбек Дыйканбаев убагында Кырдрамда баш режиссер болуп, “Мүрөктүн суусу” сыяктуу мыкты спектаклдерди жаратты. Ал кишинин да наамы жок, аты унутулуп, кароосуз калды.

Дагы бир мыкты режиссер Офелия Эркинбаева болчу. Ал эже кезинде Москвадан окууну эң мыкты педагогдордун классынан бүтүп келип, Кырдрамда Лопе де Вега баштаган дүйнөлүк жазуучулардын чыгармаларын койгон. Ал кишинин да наамы жок. Жумушсуз көп жыл жүрдү.

Искендер Рыскулов Ош драмтеатрын кандай бийик деңгээлге жеткизди эле. Айтор ал оорулуу болуп театрда жашаганы кейитет.

Азыркы режиссерлордон Нурлан Асанбеков жакшы режиссёр. Ал ГИТИСтен музыкалык комедия факультетин бүтүргөн. Опера-балет театрынан орун берилиши керек эле, беришпеди. Айласы кетип “Учкун” концернинде ТАА деген чакан театр ачып жатат.

Менин жолум деле шыдыр болгон жок. Ал театр өнөрүн билгендерге белгилүү.

Кырдрам театрда баш режиссер болуп иштеп турганымда ошондогу жаш жетекчибиз “байке ишке контракттык келишим менен өтүп бербейсизби, сиздин аркаңыз менен артисттерди да өткөрүп алайын” дегенде макул болгом.

Жаңы жылдан кийин “контракт бүттү, кабинетти бошотуңуз” деди. Көрсө, мыйзамды жакшы билет экен. Аргасыз беш-алты китебимди көтөрүп чыгып кеттим. Кайра Нарынга барсамбы же Москвадагы досторума кетсемби деп турганда Жалил Садыков арачалап жатып, кайра кызматымда калдым. Иштеп жатам. Мен да 52ге келдим.

Жалил Абдыкадыров дал ушул жашында өтүп кеткени өтө өкүнүчтүү. Эми баралына келген да. Башкы театрда эң атактуу спектаклдерди ушу киши коюптур. “Атанын тагдырын” койду. Анын аркасы менен Бексултан Жакиев элге таанылды. Башкы ролдо ойногон Муратбек Рыскулов атагы таш жарган актер болду. “Король Лирди” да койду.

Жаке, Мукем Лирдин образын Англияга чейин барып көрсөттү. “Акбоз ат”, “13-председатель”, “Келиндер козголоңу” сыяктуу театрдын чыгармачылыгынын өсүшүнө түз таасирин тийгизген этаптуу спектаклдерди Абдыкадыров койду.

Анан ошондой мыкты талантты кодулап, жамандап жатып театрдан кетиргендердин бир тобунун көзү өтүп кетти, бир топ карыялар азыр да тирүү. Муундар кармашы болуптур көрсө. “Театрда мен лидермин” деген адамдар Жалил аганын чыныгы лидерлик сапатын, талантын, жасаган ишин көрө албай, ичи тардык жасашканы театр тарыхында калды. Бизде театр тарыхынын чыныгы жүзү жазылбаганы өкүнүчтүү. Айткандай, Жакени “жайлагандардын” кээ бири азыр, “Жакем мыкты эле, чогуу жүрчү элек” деп сүйлөп калышат. Кары кишилерди какпайын деп тим болосуң.

Жалил аганын 70 жылдык мааракесин уулу Нурлан ага-тууганы, бирге иштегендер болуп чакан белгиледик. Өкмөт режиссер Абдыкадыровдун эмгегин баалашы керек эле. Режиссура боюнча жаңы уюштурулган “Жалил Абдыкадыров атындагы” сыйлыктын алгачкы лауреаттарынын бири болгонума сыймыктанам” деген эле устатым.

Алмас агай замандын залкары Чыңгыз Айтматовдун кайтыш болгонун угуп, өтө кейиген. Эки күндөн кийин өзү акка моюн сунду.

Коомчулук Айтматовду акыркы сапарга узатып атып 12-июнда кайтыш болгон устатыма көңүл деле бурулбай калган.

Театр деп жүрүп 58 жашында оо дүйнөгө кете берген Сарлыкбеков ушул жылы 70 жашка чыкмак. Бир кезде өзү иштеген Муратбек Рыскулов атындагы Нарын муздрам театры, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры буга байланыштуу эскерип койсо арбагы ыраазы болот беле...

Мамат Рыскулов жана Муратбек Рыскулов

Кезинде кыргыздын күчтүү таланттары Муратбек Рыскулов, Мираида Далбаева, Советбек Жумадылов режиссер Мамат Рыскуловдон таалим алышкан экен.

Билгендердин айтымында, Мамат Рыскулов кыргыз радиосу менен телевидениесинин көркөм деңгээлин жогорулатууга зор салым кошкон. Ар кандай интригалардын курмандыгы болуп иши жок жүрбөй калганда райондук элдик театрларга спектаклдерди койгон.

Мамат Рыскулов туңгуч профессионал кыргыз театр режиссеру, телевидение режиссеру.

Балалыгы

1926-жылы Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылында жарык дүйнөгө келген. 1981-жылы кайтыш болуп, Фрунзенин түштүк тарабындагы Чоң-Арык бейитине коюлган.

Жаштайынан томолой жетим калып, жалгыз иниси менен жетим балдар үйүндө чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин 1944-1948-жылдары Ташкент университетинде юридикалык факультетте окуган. Аны аяктаган соң 1948-1952-жылдары Ташкенттеги театр жана сүрөт өнөрү институтунун режиссердук бөлүмүнө өткөн.

Окуусун аяктап, Мамат Рыскулов дипломдук иши катары айтылуу драматург Токтоболот Абдымомуновдун “Тар капчыгай” комедиясын, Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Кыргыз мамлекеттик драма театрында (КМДТ) ийгиликтүү сахналаштырып, андан соң ушул эле театрга режиссер-коюучу болуп кызматка алынган.

1952-1958-жылдары ал аталган театрда кызмат өтөп, онго жакын спектаклди коюуга үлгүргөн. 1958-жылдан тартып жаңыдан ачылган кыргыз телевидениесине башкы режиссер болуп которулуп кеткен.


Мамат Рыскулов совет доорунда, кыргыз театр режиссерлорунун ичинен ысымын, чыгармачылыгын айтууга тыюу салынган чебер сүрөткер болгон. Ошондуктан ал тууралуу маалыматтар өтө сейрек болушу ыктымал.

Мамат Рыскулов Ташкенттеги театр өнөрү институтунда окуп жүргөн мезгилде эле, өзүн жөндөмдүү адис катары көргөзө алган. Бул артыкчылыгы үчүн кыргыз өкмөтүнө караштуу искусство башкармалыгы окуусун бүтөөр замат дароо эле борбордук театрга иштөөгө калтырат.

Алгачкы эле спектаклинен Мамат Рыскулов психологиялык театрдын жактоочусу жана чебери катары көрүнгөн. Ошол эле учурда ал эпикалык спектаклдерди коюунун устасы катары да өнөрүнүн дагы бир кырын ачууга жетишкен.

Жаш режиссер алты жылдын ичинде КМДТта кыргыз театр өнөрүнүн тарыхында кала турган бир нече спектаклдерди койгон. Касымалы Жантөшевдин пьесасынын негизинде коюлган “Азоого чалма” комедиясы ошол мезгилдин көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Ал койгон “Курманбек” спектакли кыргыздын улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу окуя болуп саналат. Өзгөчө, бул спектаклде залкар артисттер Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаевдердин даңкы ого бетер арткан. Айрыкча, Муратбек Рыскулов менен Бакен Кыдыкеева жараткан образдар (Тейитбек менен Айганыш) өтө ийгиликтүү чыгып, кыргыз театрынын тарыхына кирип, ооздон оозго айтылып келет.

1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун 2-декадасында Мамат Рыскуловдун эки спектакли катышып, экөө тең СССРдин эң көрүнүктүү режиссерлорунун, адистеринин жогорку баасын алган.

Анын ичинен “Курманбекке” 1958-жылы москвалык театр адистери жогору баа берген.


Кийинчерээк 50-жылдардын орто чениндеги дагы бир олуттуу маданий окуя катары кабыл алынган Мамат Рыскулов койгон спектакль “Атабектин кызы” драмасы ( Т.Абдумомунов).

Бул драма менен кыргыз театрында жаңы этап башталат. Кандай гана жүзү каралыкка кабылса да адамдын адамдарга болгон ишенимин, ыймандуулугун жоготпош керек – анын башкы касиети ушул деген негизги ой спектаклде баштан-аяк кызыл сызык менен өткөн. Спектакль психологиялык жактан өтө кылдат иштелген.

Мамат Рыскулов жетиштүү түрдө кыраакы сүрөткер болгонун замандаш артисттери Советбек Жумадылов, Мираида Далбаева анын кесипкөйлүгүн өтө жогору баалашкан.

Ушул эле Жумадыловдун чыгармачылык тагдырында Мамат Рыскулов өтө олуттуу роль ойногон. Ал 1957-жылы Жумадыловго “Тар капчыгай” спектаклинде Мухтардын ролун берип, актердун бактысын ачкан. Аталган спектакль 1958-жылкы декадада Москвада көрсөтүлүп, өтө жогору баа алган.

Алматы, Ташкент, Санкт-Петербург, Омск шаарларындагы театрларда, окуу жайларда, айрым райондорунда көрүнүктүү театр ишмери жөнүндө конференция, эскерүүлөр өтүп турат. Мындай иш-чара Кыргызстанда колго алынбаганы өкүнүчтүү. Медиа каражаттары эбегейсиз өнүккөн маалда, өнөр адамдарынын өмүрү чыгармачылык жолу чагылдырылып турса жаман болбос эле.

Мамат Рыскуловдун койгон спектаклдери:

  • "Тар капчыгай" (Т.Абдумомунов).
  • "Азоого чалма" (К.Жантөшев).
  • "Каныбек" (К.Жантөшев).
  • "Атабектин кызы" (Т.Абдумомунов).
  • "Жүрөк толкуйт" ( К.Маликов).
  • "Укмуштуу эритме" (В.Киршон).
  • "Жакшынын шарапаты" (Р.Шүкүрбеков).
  • "Дос" жөнүндө поэма
  • "Жүзү каралык жана сүйүү" (Ф.Шиллер).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG