Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Актриса Бермет Өмүрованын баалана элек эмгеги


Бермет Өмүрова. (Сүрөт Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын Д.Сариев жетектеген бир жамааты мындан 38 жыл мурда Токтогул шаарчасындагы маданият үйүндө Адылбек Дыйканбаевдин “Мен апамды издеп келем” драмасынын негизинде спектакль койгон.

Ошондо залдагы көрүүчүлөр жетим баланын татаал тагдырына кейип-кепчип, каардуу өгөй эненин ролун ойногон Бермет Өмүрованы каргап-шилегендер да болгон.

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүү максатында спектаклден кийинки концерттик программаны “Айылчы абысындар” деген интермедия менен баштадык.

Сахнанын сол жагынан чачы саксайган, байпагы тизесине түшкөн, колтугуна баштык кыскан кызымтал аял теңселип чыгат. Бека аттуу бул аял көрүүчүлөрдү таң кала карап, мурдун чүйрөт.

Сахнанын оң тарабынан дагы бир жашыраак аял теңселе басып келет. Муну Буку дей берели.

Бека “Ой аябай сонун болбодубу төрт аялга эки табак тартылды, ар биринде эки бөтөлкөдөн арак. Берекелүү адамдар сыйды ушундай көрсөтөт экен, Өлгөндүн өз шору деген ушул тура, сөөк койбой эле бешик той өткөндөй болду" дейт ыктытып.

Буку: -Уу-уу (Бышактап, үңүлдөйт).

Бека: - Ай, абысын ачууланып) жаман жорук баштабачы эмне уңулдайсың? Тиги өлгөн шордууну эми эстедиңби?

Буку: - Жоок, тиги жүз грамм ичкенден кийин жатып алып уктагым келет. Андан ашык ичсем уңулдап ыйлагым келет. Жеңе. Уу-уу.

Бека: – Уу, уңулдабай жерге кир. Ушундай сыйды көргөндөн кийин көз жашыңды көрсөтпөй жүр экинчи, ээрчитпей коем деп каткырып күлөт.

Анын обужок каткырыгы залда отурган элди да жылмайтты.

Буку:- Макул жеңе, экинчи ыйлабайм. Устуканымды каякка таштадым деп атсам, сен алган турбайсыңбы. Алдагы баштык меники. Келе?

Бека: - Эмне деп атасың?! Бул менин устуканым, бербейм.

Экөө баштык талашып чачташат, анан корозчо тебишет.

Алардын жосунсуз жоруктарын көргөн эл боору эзилгиче күлүп, залдын ичи дуулдай түштү.

Мына ошол Бека менен Буку абысындардын жоруктарын ашкере импровизация кылып ойногондо көрүүчүлөр эмес, сахна артында турган артисттер кыраан каткы түшүп күлчүбүз.

Ошентип Букунун эри чыга калып, арбашып аткан абысындарды арачалап, аялын үйүнө алып кеткени менен оюн бүтөт.

Бул чакан интермедия ошол доордо коомубузга жагымсыз илдет болуп жылып кирген адатты ашкерелөө болчу. Сөөк койгондо арак берүүнү, аруузат аялдардын ичкиликке берилип баратканын көргөзүп, "энелер, эсиңерге келгиле" деген чакырык эле.

Ошентип концерттен кийин бир үйгө сый тамакка бардык. Дасторкон үстүндө ичимдик да болду. Бермет эже менен Бурул эже баш чайкап "биз ичпейбиз" деп стаканды албай койду. Үй ээси ошондо "Сахнадан көргөндө экөөңдү тең ичкич аялдар экен деп ойлодум” деп күлдүргөн эле.

Мына ошол таланттуу, жоопкерчиликтүү Бермет эжени былтыр көрдүм. Таякка өбөктөп, баса албай ийрелеңдеп калыптыр. Кезинде сахнанын ажарын ачып, көркүн чыгарган эженин бул абалына боорум ооруду.

"Ой эже, эмне мынча карылыкка эрте алдырып?”, - дедим ишене албай.

“Курусун илгери ушул театрдын планын толтурабыз деп жүргөндө кырсыкка кабылгам. Машине кагышканда жамбаш сөөгүмө доо кеткен. Мына эми кээрин чыгарып атат”, - деп көзүнө жаш алды эже.

Чынында эле Бермет Өмүрова театрдагы бригада менен тогуз айлап гастролго чыгып, Кыргызстанды түрө кыдырып кетчү.

Мамлекеттик наамы болбосо да жамы журттун сүймөнчүгүнө айланып, "Элдик артист" болуп калган. Аймактарда аны келет деп күткөндөр көп эле. Бермет Өмүрова театрда коюлган спектаклдердин баарында роль ойноп, концерттик прораммалардын көркүн аччу. Барган жерлерде анын өнөрүнө ыраазы болгон көрүүчүлөр актрисанын наамы жоктугуна, мамлекет мээнетин баалабаганына нааразы болушчу.

Эже азыр 80 жашты аркалап калса да сахнадан түшө элек. Спектаклдерге катышып, концерттерде катыра ырдап жүрөт. 1995-жылы ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылганда бир сыймыктандык эле.

Таланттуу актриса эжебиз Бермет Өмүрова 1941-жылы Ысык-Көлдө Карагай-Булак (азыркы Темир) айылында 14-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Айылдагы мектептен билим алгандан кийин медициналык окуу жайына тапшырган. 1965-жылы көкүрөктөгү шыгы тынчтык бербей, филармонияда иштей баштайт. 1977-жылдан баштап Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын актрисасы.

Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө Бермет Өмүрованын салымы зор.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болгондон тышкары Баткен облусунда өткөн Алтынчы театр фестивалында А.Несиндин “Өлтүрчү мени ... Кымбатым” аттуу спектаклинде Диханын жана 2017-жылы Арт-Ордо фестивалында К.Мамбетакуновдун “Үкөй” спектаклинде Эненин ролун мыкты аткарганы үчүн “Экинчи пландагы аялдын мыкты образын жараткандыгы үчүн” номинацияларынын жана 2007-жылы "Нарын облусунун ардактуу атуулу", “2014-жылдын мыкты артисти” наамдарынын ээси.

Бирок “Кыргыз Республикасынын эл артистине” бир нече ирет көрсөтүлсө да белгисиз себептерден улам наам ала элек.

Бермет Өмүрова ички ой толгоосу күчтүү, кеңири диапозондогу көп кырдуу актриса. Ал концерттик жанрда эң мыкты аткаруучулук өнөрү менен кеңири таанылган. Айрыкча, композитор Ж.Шералиевдин, обончулар А.Кыязовдун, К.Мендебаиров, Э.Мааданбеков, К.Жусупов, К.Тургуналиев баштаган обончулардын чыгармаларын өзгөчө шаң менен ырдап келет.

43 жылдан бери Нарын театрында эмгектенген Бермет эже быйыл күздө 80 жашка чыкты. Жараткан күч-кубат берсе, дагы далай ролду ойнойм деп турган кези.

Өкмөт ушундай инсанга өнөрүнө татыктуу наамды ыраа көрбөй келатканы өтө өкүнүчтүү.

Таланттуу актриса ойногон ролдор:
Н. Анкилов «Жоокердин жесири» - Кемпир 1978-жыл, Т. Абдымомунов «Жарыктык карыларым» - Үпөл 1978-жыл, Э. Токтогулов «Жибек жал»- Кемпир 1979-жыл, Т.Актанов «Күч күйөө» -Бегайым 1979-жыл, Б. Өмүралиевдин «Жолчубектин көпүрөсү» башкы каарман Макешова 1978-жыл, К. Мамбетакунов «Үкөй» - Эненин ролу 1972-жыл, Ч.Айтматов «Кыямат»- Кечил аял 1987-жыл, Ф. Достоевский «Кылмыш жана Жаза» Эне 1984-жыл, Ч. Айтматов « Эрте жаздагы турналар» - хор 1987-жыл, С. Раевдин « Күн кармаган бала» 1988-жыл, Эне чычкан, С. Ахмед «Күйөө бала»- Кумри 1987-жыл, Б Сейдакматов «Сапарлашым менин»- Кемпир 1986-жыл, Б. Үсөнкулов «Кечил ак жылан»- Зоотехник аял 1980-жыл, Н. Хикмет «Махабат баяны»- басмачы аял 1999-жыл, А. Макаенок «Трибунал»- башкы роль Полина 1987-жыл, Ч. Айтматов «Чыңгызхандын ак булуту»- Эне, 1998-жыл, Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн» - Эдигейдин энеси 1999-жыл, Т.Актанов «Эр Табылды» - Агача 2000-жыл, Б.Алаков «Тагдыр»- Сайра 1999-жыл, Т.Актановдун «Теңирим Манас» - Канымжан 2000-жыл, А.Цагарелли «Ханума» 2-курамда - Кабато 1987-жыл, Т.Актанов «Саламандра» - Марта 1988-жыл, А.Мамбетов «Адам шайтан»- кемпир 1984-жыл, К.Ажымүдүнов «Аттестация»- Бурма 1988-жыл, В.Дельмар «Жашоо деген көп…» - Ливицкая 2005-жыл, З.Сооронбаеванын «Баян» - Баян 2014-жыл, Азис Несин “Өлтүрчү мени ... Кымбатым” аттуу спектаклинде - Диханын, К.Мамбетакуновдун “Үкөй” спектаклинде - Эненин, Ж.Өзүбекованын “Революциям- сүйүүм менин” спектаклинде - Сокур аялдын, А.Жапаровдун “Алиман чоң эненин жомогунда” Желмогуздун ж.б. көптөгөн образдарды жаратты.
А.Дыйканбаев «Мен апамды издеп келемде» өгөй энени, “Айылчы абысындар”интермедиясында ойногон жана жүздөн ашуун концерттерге катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG