Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Комиссар Каттанинин" кол тамгасы жана насааты 


Италиянын “Спрут” телесериалындагы башкы каармандын образын жараткан белгилүү актер, режиссер, продюсер Микеле Плачидо (итал. Michele Placido) ушул жылдын 19-майында 75 жашка толду. Анын мааракеси үй-бүлөсү, достору жана жакын туугандарынын курчоосунда өтө жупуну өткөнү маалымдалды.

Микеле Италиянын көп сериялуу “Спрут” телесериалындагы комиссар Коррадо Каттани менен дүйнөгө таанылганы белгилүү.

Өткөн доордун 90-жылдары бул сериалды көргөн ар бир кыргызстандык комиссар Каттани жөнүндө кеп кылып калган.

Чолпон-Атадагы ички иштер бөлүмүн жетектеген жаш милиционер Өмүрбек Суваналиевге да "Каттани" деген каймана ысым ошондо ыйгарылган.

1991-жылы Ленинграддын Васильев аралчасындагы райондук Киров атындагы маданият үйүндө италиялык актер Микеле Плачидо менен чыгармачылык жолугушуу өткөн. Залдагы 50 чакты күйөрмандардын көпчүлүгү студенттер эле.

1991-жылы актер москвалык кинорежиссер Владимир Бортконун “Ооган тыныгуусу “ ("Афганский излом”) тасмасында советтик офицердин (майор) ролун аткарган болчу.

Жолугушууда Микеле ошол кинону Тажикстанда тартып жатканда туш болгон окуяны айтып бергени эсимде.

“Жазында "Ооган тыныгуусун" Тажикистанда тартканбыз. Бир күнү 100дөн ашуун киши башка кино аянтчага бара жатканбыз. Аңгыча эле куралчан адамдар алдыбыздан чыгып, жолду торошту. Мен алдыдагы БТРде (аскер техникасы) болчумун. Төбөдөгү капкагын (люк) ачып карасам аскер адамдары эмес, сакалы төшүнө жеткен кишилер экен. Колдорунда автомат, граната көтөрүп алыптыр. Аскер кийимчени башчысы окшойт бир нерсе деп кыйкырып, буйрук берип жатты. Кинодогу комиссардын инстинкти пайда боло калдыбы айтор, жаалдангандарды токтотууну ойлодум да БТРдын төбөсүнөн белиме чейин чыгып, кол көтөрүп койдум.

Алар "Оо-о! Комиссар Каттани" деп дуулдап калышты. Мен дагы колумду боорума алып башымды ийип койдум. Бир-экөө кол тамга алганы чуркашты. Мен кол коюп жатып “Грацио, грацио” деп күлүп койсом тигилер жаш баладай кудуңдап жүрүшөт. Баягы сакалчан буйрук берип кыйкырганда бизди тосуп тургандар жол бошотуп, "өткүлө" дегенсиди, куралчандар мага башын ийип, кол куушуруп жатышты. Эсен соо өтүп кеттик. Көрсө тигилер атуулдук согуштун жанкечтилери экен.

Кино аянтына жеткенде чыгармачыл топ “Азамат, азамат!" деп ураалап, мени бийик көтөрүп, кубанычын билдиришкен".

Жолугушууда бир орус кыз "Урматтуу мырза Микеле, сиз атактуу актер болуп туруп эмнеге көп жолу үйлөнгөнсүз же Италияда көп аял алууга уруксат барбы?" деген суроо берген.

Ал кезде советтик идеологиянын күчү кайта элек болчу, көп аял алууга, ажырашууга бир аз сын көз менен карашчу. Бирок Микеле бул суроого териккен жок. Тескерисинче, ошол жерден айткан сөзү өмүр бою эсимде калды.

"Кесибиме байланыштуу гастролго, киносьемкага, иш сапарга көбүрөөк чыгып, жеке турмушума, үйгө көңүл бурганга убактым болбоду. Чыгармачылыкта же кесибиңди, же үй-бүлөңдү танда деген суроо-талап кабыргасынан коюлат. Эгер мен күндөлүк турмушка алаксып жеке жашоомо убактымды бөлсөм, мынчалык деңгээлге жетпейт элем. Репетиция, долбоорлорду иштеп чыгуу көп убакытты, талыкпас эмгекти талап кылат. Уктаганы жатып да алдыдагы чыгармачылык план, долбоорлор жан дүйнөгө тынчтык бербейт, мындай учурда үй-бүлө экинчи планда калат. Албетте гонорарымдын көпчүлүгүн аялыма берем. Эгерде мен үй-бүлө маселесине көңүл бурсам, жан дүйнөдөгү сезимдер жабыркап, ишим жүрбөй, чыгармачылык терең депрессияга түшүп кетмекмин, балким сыркоолоп калмакмын.

Мен үй-бүлөлүк жашоомду экинчи планга коюп, биринчи орунга кесибимди тандап, баш отум менен чыгармачылыкка оодум. Кимде ким актердук кесибине канааттанбаса же чыгармачылыгы чектелүү болсо, ага мен үй-бүлөнү, жеке жашоону танда деген кеңеш берет элем. Үй-бүлө күтүү жоопкерчиликти, изденүүнү, убакытты талап кылат. Мен учурда үй-бүлөлүк жашоом менен чыгармачылыкты айкалыштырып, азыркы жубайым менен бактылуу жашап атам”, - дегенде залда отургандар шатырата кол чаап, гүлдесте берип, кол тамга алууга ашыгышты.

Мен дагы көпчүлүктөн калбай бир жупуну барак алып тасмадагы даңазалуу комиссар Коррадо Каттанинин колун кыса кармап, бир тууган карындашым Мирага автограф беришин өтүндүм. Ал мага ийгилик, бакыт каалап, кол тамгасын коюп берди.

Карындашым, көкүрөк күчүгүбүз Мира 10-класста окуп калган. Анын кумири комиссар Каттани болчу. Кол тамганы көргөндө терисине батпай сүйүндү.

Микеле Плачидонун кол тамгасы.
Микеле Плачидонун кол тамгасы.

Кийин театрда иштеп жатканда Микеле Плачидонун жолугушууда айтканын эстеп, көпкө ойлондум. Кыргызстандагы театр режиссерлорунун кейиштүү тагдыры, жупуну жашоосу мени канааттандырган жок.

Бир күнү уктап аткан эки уулумду карап туруп үй-бүлөмдү тандоону чечтим. Кудайга шүгүр ошол тандоом туура болгонуна азыр кубанып, өзүмдү жооткотуп коем.

Окуткан шакирттериме дагы "Актердук кесибиңерге канааттанбасаңар, талант, чыгармачылык ой жүгүртүү чектелүү болсо, үй-бүлөнү тандагыла" деген кеңешимди айтып келем.

Микеле Плачидо Италиядагы “Пиццерио аркылуу байланыш” тасмасында комиссар Каттанинин образына карама-каршы келген мафиянын, жалданып киши өлтүргөн канкордун ролун дагы мыкты ойногон.

Ал 1990-жылдары режиссурага өтүп, “Помидор”, “Касташкан курбулар”, “Мещандык баатыр” деген кинотасмаларды жаратат. Италиянын үч жолу башкы сыйлыгына татыктуу болуп, Давид ди Донателло атындагы абройлуу сыйлыгын ”Үч бир тууган” тасмасындагы ролу үчүн алган. 63-Венеция кинофестивалынын калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Микеле Плачидо 1946-жылы 19-майда Италиянын Асколи-Сатриано шаарында төрөлгөн. Бала кезинен шыктуу Микеле Улуттук драма искусствосу академиясында окууну кыялданса да үйүндөгүлөрү макул болбой, Техникалык университетке тапшырууга аргасыз кылат. Окууга көңүлү чаппай, илең-салаң жүргөнүн байкаган атасы аны почтага жазмакер кылып орноштурат.

Микеле кийин туулган шаарын таштап Римге жөнөйт. Ал жерде аскерге баруу ордуна полицияда иштейт. Тапкан каражатын Драмалык искусство академиясына жөнөтүп жүрүп окууга өтөт.

1969-жылы сахнага биринчи жолу чыгып, эки жылдан кийин кинотасмаларга тартыла баштайт. Театрда ондогон ролдорду аткарып, 100дөн ашуун фильмге тартылып, дүйнөлүк зоболо күтөт. Учурда да роль ойноп, кино тартып, сценарийлерди жазып чыгармачылыктан кол үзгөн жок.

Кыргызстандын киночулары дагы бир кезде Плачидонун катышуусундагы кино тартууну көздөп, ал сөз боюнча калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG