Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Эсенбай Калдаровду эскерүү


Эсенбай Калдаров (1951–2011).
Эсенбай Калдаров (1951–2011).

Кыргызстандагы расмий "Эркин-Тоо" гезитине 2002–2005-жылдары баш редактор болгон маркум журналист, театр сынчысы жана сатирик Эсенбай Калдаровду (1951–2011) замандашы, журналист Сапалкан Арипов эскерет.

ЭСТУМ

Карегимди калбас үчүн дат басып,

Кирпигимди турсун кээде жаш басып.”

Алым Токтомушев

ЭСЕНБАЙ ЖӨНҮНДӨ ЭССЕЛЕР...

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист, театр сынчысы Эсенбай Калдаровдун кыргыз маданиятына сиңирген эмгегин унутуп салуу чекилик болор. Анткени, адамгерчилиги жагынан алдыга киши салбаган, кичипейил, ак көңүл, алабарман, иштерман Эсекеден журналисттер көп нерсени үйрөнүштү. “Эсенбайдын мектебинен” кимдер гана өтпөдү? Кандай материал жазбасын, ыкчам, олуттуу, жүйөлүү мисалдар менен коштолгон макаланы Э.Калдаровдой жазгандар өтө сейрек. Мезгил өттү. Эсенбайды эстегендердин катары суюлууда. Ырас, ар бирибиз көрпендебиз. Өз турмушубуз бар. А бирок, эсте калган замандашыңды унуткарып коюш абийирсиздик болоор, замандаш! Андыктан Эсекени эскерип коюш биздин парз....

Кыргыз журналистикасында атан төөдөй өз орду бар Эсенбай Калдаров тууралуу көп сөз айтса болот. Баарын тизмектей берсем кагаз бети түтпөйт. Эсекем жөнүндө эргип кеткенде ыр жазайын дейм, Кудай аткырдыкы, андай талант мага буюрбаптыр. Дегинкиси төрт шиңгил менен Калдаровдун образын катыра ачып берсем не? Айла жок. Колуман келишинче кара сөз менен эсте калган күндөр жөнүндө азын-оолак кеп козгоюн. Анда сөз башынан болсун.

Университетти бүткөнгө дейре Эсенбай Калдаров менен тааныштыгым жок эле. Гезит беттеринен анын театр жөнүндө, бөтөнчө кыргыз театрынын дөө-шаалары Сыдыкбек Жаманов, Мираида Далбаева менен Сатыбалды Далбаевдер боюнча жазган аналитикалык макалаларын окугам. Өзүн көргөн эмесмин.

Тагдыр буюруп, азыркы Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине экскурсовод болуп ишке орношуп калдым. Кыргыз тилинен экскурсия жүргүзөм. Эки ай сүрөт боюнча китептерди окуп, жаттай турган жерин жаттап, акыры комиссияга экзамен тапшырдым.

Ошентип дардалактап жүргөн күндөрдүн биринде шыңга бойлуу, каштары керилген бир жигит менен таанышып калдым. Музейдин живопись бөлүмүнүн улуу илимий кызматкери экен. Аты Шерназар. Менден бир топ улуу. Жаш курагыбызга карабай экөөбүз бат эле камыр-жумур болуп кеттик. Сураштырып отурсам, мага жезде болуп чыкты. Жезде-дос, үкө-дос болуп жүрдүк. Бул мен окууну бүткөн жылдын жай айы...

Жайында эмне, музей ичи салкын. Эшик болсо кайнайт. Ысыкта акактап суусайсың. “Жүрү, чаңкооңду басайын”, деп Шекем мени ээрчитип алып, азыркы опера жана балет театрынын артында чайканага алып барды. Азыр ал жерде ресторан бар.

Бир күнү чайканадан орто бойлуу, мурду коңкойгон, чымыр денелүү бир жигит менен тааныштырды. Аты Эсенбай. Тамашөкөй неме экен: “Аа, коңкобай үкө турбайсыңбы!” деп колумду кабыштыра кармады. Жаман карылуу жигит экен, колдорумдун манжалары бири-бирине жабышып калды, сыр бербедим.

Эсекем барпалактап үстөл үстүн заматта толтуруп таштады. Ошентип ал күнкү түштөнүү майрамдагыдай өттү. Чайыбыз түгөнүп калса, эңгезердей, бутун бир аз сылтып сүйрөгөн кара сур киши улам толтуруп коёт. Ичи таза, бакылдаган бу кишинин аты Бакир эле. Ал жердегилердин бары ага “Бакир аке,”- деп кайрылышат.

Арадан бир топ күн өткөндөн кийин Шекемди ээрчип жүрүп, мен дагы көк чайдын фанатына айландым. Эсекеме күндө жолугабыз. Анда ал киши “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштечү. Музейден чыгып эле редакцияга барабыз. Андан ары Бакир акенин чайханасын көздөй сапар тартмай.

Чайканада жүрүп академиктер А.Эркебаев менен О.Ибраимов, окумуштуу С.Кайыпов, жазуучулар С.Раев, А.Жапаркулов, М.Апышев, Баяс Турал баш болгон бир топ интеллигент, адабиятчы, жазуучу-акындар менен тааныштым.

Койдон бөлүнгөн жат эчкидей кылбай, алар мени өздөрүнө кошуп алганына тан калам. Анткени ал кезде жер-жерге бөлүнүү, кокту-колот саясаты биздин арабызда жок эле. Биздин тарбия таптакыр башка нукта болгон тура...

***

... Эсекем менен таанышкандан кийин музейдеги көргөзмөлөр жөнүндө макалаларымды көтөрүп барам. Эсекем: “Жарайт!”-деп суурмасына салып коёт. Көп өтпөй гезитке чыгат.

Ошентип жүрүп Эсекем макалаларымды топтоп туруп, штаттан тышкаркы кабарчылардын республикалык сынагына кошуп жибериптир. Аны өзүм да билбейм. Бир күнү эле “гезитти окудуңбу?”-дейт. Кайсы гезитти депмин. “Советская Киргизиянын” экинчи бетин көрсөтүп, Эсенбай колун өйдө көтөрүп редакцияга кирип кетти.

“Советская Киргизияны” карасам, республикалык кабарчылар арасындагы сынакта үчүнчү орунга чыкканымды, менден башка биринчи, экинчи орун алгандарды куттуктоо тексти жүрөт. Не кылаарымды билбей калдым. Ракмат айтсам, мулуюп күлүп,“түшкү чай сенден болот да?”- деп далыга таптады.

Чайканада ал күнү чайына пайы кошулуп, бака-шака, гүрү-гүү болуп таркадык.

Эсекемдин мага окшогондордун ажатын ачкан жапакечтигинин далай көргөм. “Сен минтип жүрө бербе! Жаз. Жаза бер. Анан гезит беттерине чыккан макалаларыңды менчилеп, четинен кыркып, бир папкеге чогутуп кой. Кийин бирде болбосо, бирде пайдасы тийет", деп, мага үч папке толтура эмгектерин көрсөткөн.

Анын айтканындай кылып, мен дагы гезиттерге чыккан жупкадай-жупкадай макаларды бир папкеге чаптап койдум эле, ортолукта жоголуп кетти. Эми болсо өкүнүп жүрөм.

Эсекемдин айтканы чын чыкты, кереги тийерде эле кайсалактап таппай калат экенсиң. Бу киши эч качан “Жок” деген сөздү колдончу эмес. Баарына “Буюрса болот. Шашпа!” деген гана кептерин айтып узата турган. Анан акыры айткан сөзүнүн аягына чыгаар эле...

***

...Театрда коюлган спектаклдерге жасалган сценографиялар боюнча илимий иш жазамын деп бир топ оолуккам...

Азыркы Кыргыз драма театрына коюлган спектаклдердин дээрлик көбүн көрүп чыктым. Орус драма театры болсо музейдин жанында. Колум бошогондо чуркап кире калам. Бул практикалык жагы. Ал эми теориялык жактан бир топ кыйналдым, китепканаларга барганга моюн жар бербейт. Анын үстүнө театр боюнча китептер менен жабдый турган Эсекем бар.

Театр, кино тууралуу китептери "Темир уста сепили" (“Кузнечная крепость", Кокон доорундагы Бишкек чебинин калдыгы) аймагындагы жалпак тамынын бир бөлмөсүндө шыбын тиреп үйүлүп турат, ал жерде не деген гана китептер бар. Ошонун баарын кантип окуганга убактысы жетишип жүргөнүнө таң калам.

Төтөн, театр тууралуу суроо бердиңби, болду балээсине каласың. Эсекем майдалап эзип, камыр кылып жууруп, кайра жайып, анан баарын майын чыгара эзип туруп, мээңдин ичине салып коёт. Бу эми образдуу айтканда.

Башка өңүттөн карасак, театр боюнча маалыматы кенен, өзүнчө бир энциклопедиялык билими боло турган. Дагы бир кызык нерсе макала болобу, же очерк жазабы, баарын тез бүтүрчү.

Бир топ китептерин алып окудум, арасында өзү жазган сатиралык аңгемелеринин топтому да бар. Классикалык чыгармаларга болгон ышкысы абдан күчтүү экенин У.Шекспир боюнча бир жолку кызуу талаштан улам байкап калган жайым бар.

Мага канча китеп бербесин, баарында тең Эсенбайдын кол тамгасы болор эле. Эсимде, бир жолу Г.Ибсендин китебин сурап алып, эки айча кайтарып бербей маалкаткам. Китеп дегенде жанын берчү.

Китеп жыйноо жагынан Шекем (Шүкүров) менен Эсенбай биринен–бири калышкан жок. Алардын жанында жүрүп мен дагы бир топ китеп чогулткам.

Көрсө, ошол кездеги биздин муун китеп чогултмай оорусу менен ооруган турбайбызбы. Бул эми керек беле же жок беле, билбейм. Балким ошол мезгилдин бир урунттуу учуру болсо керек. Канчалык интернеттин ичегисин чубабагын, баары бир китептегидей маалыматты эч жерден таппайсың. Китепсиз жашооң кунарсыз сезилет...

***

.... Эсекемдин эски кан сарайы азыркы “Темир уста сепили” деген жерде эле. Үйүн деле билбейм. (Бир кезде ушул үйдө Эсенбайлар менен атактуу академик Абдыганы Эркебаев чогуу жашаган деген аңыз кепти да эшиткем.)

Кан досу Шерназарды ээрчип жүрүп канча жолу үйүнө бардым. Байбичеси экөө барпалакташып, казаны майлуу, конушу жайлуу. Качан барсаң, куда тосконсуп кучагын жаят.

Эсимде, бир жолу Мексикада футбол боюнча дүйнөнүн чемпионаты өтүп калды. Ал кезде баарыбыз СССРдин курамасына жан тартабыз. Аныбыз же керекке жарасачы. Чү дегенде эле, тандоонун алгачкы этабында ыргып кетет.

Бул жолу да ошондой болду. Демибиз басылып, Аргентина, Бразилия, Германия, Голландия, Англия, Уругвай, Италия, Испания, Франция курама командаларын ар бирибиз өз-өзүнчө бөлүштүрүп алганбыз. Эсекемдин байбичеси айылына кетти беле, же үйүндөбү, эске жара чыгып, таптакыр унутуп калыпмын.

Иши кылып, Эсекемдин жер төлөөсүн он күнгө оккупацияладык. Музейден чыгып кечинде жолугабыз да, баарыбыз шатырап "Темир уста сепилине" жөнөйбүз. Үйдөгүлөргө “чыгармачылык иш сапар” деген шылтообуз даяр. Анын үстүнө аларың да бизди көрбөй эс алып калышат.

Тыйындар чогулган, тамак-ашыбыз жетиштүү. Бирде Шерназар, бир жолкусунда Эсенбай болуп мелдешип, аш басышат. Бириникинен өтүп бири даамдуу. А балким, мага окшогон эт менен чоңойгон кишиге ошондой сезилгенби, билбейм. Кыскасы, палоону сонун жасашат.

Телевизорду короонун ортосуна Шекем орноттурган. Биздин кылаар ишибиз чарпаяда ары-бери суламай. Эсенбай, Шерназар, анан Абдрахмандан экөө бар. Көбүнчө Абдрахман-сарысы такай футбол көрөт. Дагы бир экөө бар, алар эсимде жок. Оюн түнкү саат 1-2лерде башталат, ошону менен бирге кыйкырык-сүрөөн, бака-шака дагы башталат. Эсекемдин короосу алеки заматта “Спартак” стадионуна айланат да калат.

Оюн башталаар алдында Шерназар менен Эсенбай мелдешет. Биз арбитр, кээде мунусу, кээде тигиниси туура чыгат. Дагы бир эсте калаарлык жагдай, Эсенбай футболчулардын аты-жөнүн, туулган жылдарына чейин так билчү. Шекем кээде унуткарып, бир футболчунун атын сураса, Эсеке дароо ошол жөнүндө толук маалыматты: кайсы футбол клубунда, качантан бери, туулган жылын, койчу, баарын саймердентип айта берген таланты бар эле...

***

Ош драма театрынын имаратынын совет доорундагы жасалгасы.
Ош драма театрынын имаратынын совет доорундагы жасалгасы.

...Бишкектин тогузунчу кичи райондо жашайбыз. Бир күнү кабелдик телеберүү деген пайда болду. Тааныштарым бирине-бири атаандашып үйлөрүндөгү телевизорлоруна кабелдик каналды туташтыра башташты.

Элден мен кем бекем деген кыязда биз дагы ошол каналга акы төлөп кирип алдык. Тири шумдук түрдүү каналдар. Биринде ырдаса, биринде мушташ, биринде спорт көрсөтсө, биринде жер кыдырмай. Кыскасы, телевизордун жанынан чыкпайбыз. Акыры ал кездеги совет элинин этикасына жат деп эсептелинген эротика дагы ушул каналда. Чоңдор балдар уктаганда телевизордун үнүн азайтып алып көрүшөт. Жашырганда не, совет доору көп нерсеге тыюу салып койгонун биздин муун жакшы билет.

Мен турган көп кабат үйдүн алдынкы кабатындагы Славик деген жигит бир күнү: “Сашка, балдарың барбы. Кино көрсөтөлү?”- дейт. Кандай кино десем: “Келгенде көрөсүң, болгону ар биринен он рублден чогулт, 2-3 саатка. Кааласаңар таң атканча калгыла. Менин досумдун үйү 4-кичи районунда”, деп калды.

Мындай жылуу кабарды дароо Шекеме маалымдадым. Бүттү. Эки-үч күн өтпөй баягы дарек боюнча үйгө барып кино көрдүк. Эсенбай менен Шерназар камдуу келишиптир. Көк-сак, гөш күрүч, май. Палоонун майын чыгара тамак жасап, курсакты тойгуздук да, бешөөбүз кинонун кызыгына баттык.

Адам канчалык тыюу салынган нерсени көрсө ошончолук кумарданат турбайбы. Баарыбыз пендебиз. Ошондогу эротиканы көргөн достордун тазалыгына тан бербей коюуга болбойт. Пендечилигибиз ушу, алдыбыз эки-үч, артыбыз бир балалуу болгон кезде эротика дегенге куштарланып жатканыбыздын өзү кызык.

Төтөн, Эсекемдин кино тасмадагы кадрлардын кульминациялык жерлерин көргөндөгү алаканын тарс чаап, үй жаңырткан каткырыгы али да кулагымдан кетпейт. Кино бүткөн соң, үй ээсине тыйын төлөмөй. Чөнтөгү калыңдаганына Паша дос кудуңдап жүрөт. Маанайбыз жарык, биз дагы бир чоң иш бүтүргөнсүп, маашырлана үйлөрүбүзгө тарадык. Көрсө, ал кезде баарыбыз тең баёо болгон турбайбызбы....

***

...“Аалам” гезитине баш редактор болуп иштеп жатканымда, Эсенбай атайын келип куттуктап кетти. “Эч нерседен коркпо иштей бер. Эң биринчи гезиттин сыртына көңүл бур, макет жакшы түзүлсө, маанисиз макалалардын да кемчилиги билинбей калат. Үзүктөй материалдардан кач. Аларыңды эч ким окубайт. Колуңан келсе бир тилкеге ("полоса") 7-8 материал бергенге аракеттен. Сен эми жакшы редактор болсуң. Анткени жоопкерчиликти жакшы түшүнөсүң. Мен сага ишенем!” деп далыга таптап, батасын берген.

Республикага атагы чыккан мындай журналисттин оозунан уккан жылуу сөз мени көпкө элөөрүтүп, демиме дем кошконун жашыра албайм... Анын ошондо айткан насааты мени гезиттен кеткенче коштоп жүрдү. Макет түзөөрдө Эсекемди айткандары кулагыма жаңырат. Айткандарынын баарынын калети жок экен. Аны турмуш көрсөттү.

Бирок баарыбыз пенде экенбиз, Эсенбайды эскерип гезит бетине өзү айткандай куш тилиндей ”макала” жазганга жараган жокмун. Кыргыз элинин каны менен кирип жаны менен чыга турган кайдыгерликтин курмандыгы болуп кала бердим...

***

Эсенбай Калдаровду (1951–2011) эскерүү. "Эркин-Тоо" гезити. 20.10.2017.
Эсенбай Калдаровду (1951–2011) эскерүү. "Эркин-Тоо" гезити. 20.10.2017.

...Бир жолу Мамлекеттик тил комиссиясы тарых музейинде жыйын куруп, гезитчилердин баары катыштык. Ал кездеги жетекчиси Ташбоо Жумагулов. Эсенбай Калдаров тил коомунун алдындагы гезитти өзү чыгарып, материалдарды топтоп, макетин жасап, баарына жалгыз өзү жетишип жүрүптүр.

Кучакташып, чеке тийип көрүштүк. Үстүндө кара тери күрмө. Ичинде кара тордомо. Көзүмө бир башкача көрүндү. Көптөн бери көрбөгөндүкпү, таптакыр бир башка элес калтырды.

Эсекем мурункудай эмес. Көздөрү чүңүрөйкү. Арык. Эки далысы чыгып, шылынып калыптыр. "Не болду?" десем: "Жүрөк кичине ооруп жүрөт. Догдурга барыш керек эле", деген. “ Уулуң кандай?” деген суроомо жүзүн кан тээп: “Уулумду бүгүн сүннөткө отургуздум. Атактуу Мар Алиевдин өзү баарын тууралады”, деп сүйүнүчүн жашыра албай, барпалактаганынан телегейи тегиз болуп турганын байкагам...

***

Журналист Элнура Кулуева маркум Эсенбай Калдаровду эскерет. 26.10.2018.

...Ай өткөрүп дагы бир жолу кезиктим. Демейде ар бир гезит жыл аягында “Жылдын мыкты адамдары” деген ат менен республикабыздагы аттуу-баштуу инсандардын ичинен тандап, редакциянын кароосуна коёт. Эсенбай Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев агайды “Жылдын мыкты ректору” деген номинацияга сунуш кылган материалдарын таштап кетти.

Жашырганда не, буга окшогон нерселердин баарын акча коштойт. Өмүр бою журналисттик кесипти аркалап жүргөн Эсеке мындай сырларды жатка билген жан эмеспи, дароо чөнтөгүн оодарып, редакцияда иштегендериңе сый акы болсун деген кыязда тыйын-тыпырын кошо тапшырып кетти.

Ошондон кийин экөөбүз жолукканга мүмкүнчүлүк болбоду. Гезит иши фабрикадагыдай эмеспи. Бир жагы бүтсө, экинчи жагы калат. Чоло жок. Акыры тааныштардан “Эсенбай жүрөгүнөн операция болуптур” деген кабарды уктук.

Ооруканага мына барабыз деп онтоп жүргөнүбүздө “Калдаровду айылына, Ноокаттагы Көк-Белге алып кетишиптир” деген суук кабар угулду. 2009-жылдын 22-октябры эле... 60 жашта болчу...

Көп өтпөй Эсекемди аруулап көөмп келишкен достору Шерназар менен Насырга жолуктум.

Шекем баарын төкпөй-чачпай баяндап берди. Томсоргондон башка ылаажы жок. "Карагай ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап" дегендей, Эсекеме ыйлабаган, кайгырбаган жан калбады. Ал ошого татыктуу эле. Жан дүйнөсү таза, кыргыз дегенде кырчылдашууга даяр турган намыскөй жигитибизден айрылып калдык.

Бөтөнчө үч доско кыйын болду. Үч дос дегеним: Шерназар Шүкүров, Абдыманап Жапаркулов, Эсенбай Калдаров. Булар – "Аккан достордон" эле. Эки досунан айрылып, Шекем эңгиреп басып калды. Эңгиребей турган жорукпу?! Жан күйөөр досунан айрылып жатса.

Эсенбай Калдаров дегенде эң биринчи “ Кыргыз Туусу” менен “Эркин Тоо” гезиттери көз алдыга тартылат. Ал бүт өмүрүн ушу Өкүмөттүн камчысын чапкан гезиттерге арнады. Гезит аны жеди, гезит анын түбүнө жетти.

Күнүмдүк жаңылыктарды оңду-солду жазып жүрүп кантип жашы өтүп баратканын да байкабай калды көрүнөт. Жашоо бу аккан суудай тура. Токтото албайсың, тосо албайсың.

Канчалык жанталашсаң да, бир жерин жарып чыгып кетет. Эгер Эсекем баарын таштап чыгармачылыкка кеткенде, андан кыйын сатирик жазуучу чыкмак. Ырлары деле бар эле. Кээ бир чакан пьесаларынан үзүндүлөрдү окуп калгам.

Сапалкан Арипов Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев тууралуу өзү жарыялаган китеп менен. 12.10.2016.

Не дейбиз, жер муштаган менен Эсекем кайрылып келбейт. Эл ичинде Эсенбайды эстеген бар. Эчак эсептен чыгарып салгандарын да көрдүк. Турмушуң ошонусу менен кызык тура...

Менин баамымда, Эсекем, В.Распутиндин чыгармаларына бөтөнчө маани берген инсан болгон. Анын сыңары кептин аягын ал сүйгөн чыгарма менен, бирок, бир аз башка маанайда бүтүрөйүн:

ЭСЕН БОЛУП, ЭСЕКЕМДИ ЭСТЕЙ ЖҮРГҮЛӨ! ПЕНДЕЛЕР.......

Сапалкан Арипов,

журналист. Бишкек шаары.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG