Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Караан үзгөн калемдештер

Каза болгон журналисттерди эскерүү көргөзмөсү. 7-ноябрь, 2018-жыл.
Каза болгон журналисттерди эскерүү көргөзмөсү. 7-ноябрь, 2018-жыл.

Бишкекте 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүндө буга чейин көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилип, сүрөт галереясы уюштурулду.

Алардын арасында кыргыз журналистикасына бараандуу салым кошкон Алым Токтомушев, Мелис Эшимканов, Азамат Алтай, Султанбек Жумагулов, Уланбек Эгизбаев да бар. Уюштуруучулар Кыргызстанда акыркы 25 жыл ичинде каза болгон 120дай журналисттин тизмесин түзүшкөн.

2018-жылы кыргыз журналистикасында чоң жоготуулар болду. Убагында “Азаттык медиа” уюмун, КТРК, ЭлТР каналдарын жетектеген Султанбек Жумагулов, “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев, “Sputnik Кыргызстан” редакциясынын журналисти Исмаил Мамытов, теле алып баруучу Салтанат Саматова көз жумду.

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева иш-чара тууралуу буларга токтолду:

Элнура Кулуева.
Элнура Кулуева.

- Киши колдуу болуп өлгөн журналисттерден Геннадий Павлюк, Алишер Саипов бар. Ошондой эле ооруп, жол кырсыгына кабылып каза болгон журналисттер да бар. Анын ичинен Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча азыркыга чейин укуктук баа бериле элек. Анын себептери да изилдене элек. Мисалы, чет өлкөдө журналистке кол салуу болуп же шектүү жагдайда каза болсо укук талаасында баа берилет. Бирок Кыргызстанда андай эмес. “Каза болду” деп, калганы белгисиз бойдон калат.

Көзү өтүп кеткен кесиптештерди эскерүү менен бирге кыргыз журналистикасындагы өксүктөр менен жетишкендиктер тууралуу сөз болду. Буга чейинки бийлик башчыларынын тушунда өлтүрүлгөн Геннадий Павлюк, Алишер Саипов жана катуу токмоктолуп, оор запкы көргөн Сыргак Абдылдаевдин башынан өткөн окуя журналисттердин коопсуздук маселесин эске салып турат.

«Бешинчи каналдын» директору Эрнис Кыязов “журналисттердин коопсуздугуна мамлекет кепил болушу керек” деген пикирде:

Эрнис Кыязов.
Эрнис Кыязов.

- Журналисттик кесип өтө кооптуу, - дейт ал. - Бул кесипти тандап алган адам ушуну билип туруп, анан чечим кабыл алышы керек. Мисалы мушкер алдында турган тоскоолдуктарды билип туруп, ошол спортко барат. Бирок бул журналистти ар ким келип сабап, өлтүрүп кетсе боло берет деген сөз эмес. Журналисттин өмүрүнө мамлекет мыйзам чегинде кепилдик бериши керек. Бизде мыйзамдар бар. Бирок алар аткарылышы зарыл.

Адистер Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу эркин экенин, бирок Батыш өлкөлөрүнө караганда абал начар экенин белгилешти.

Алар айрыкча буга чейинки бийлик тушунда ЖМКларга тагылган миллион сомдук айыптар сөз эркиндигине доо кетиргенин айтышты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев журналисттерди сот аркылуу тизгиндөө мүмкүн эмес деп эсептейт.​

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Чоңдор журналисттер менен соттошуп, аларга миллиондогон айыптарды салып кутулам дегени - бул эң чоң жаңылыштык, - деди депутат. - Журналисттерден качып же алар менен сүйлөшпөй коюу мүмкүн эмес. Бир гана жалгыз жолу - кыргыз саясатчысы уурдабашы керек, түз жүрүшү керек. Ошондо журналисттер менен маселе болбойт. “Айыпка салып эле ишти бүтүрүп коёбуз” деген жаңылыштык. Дүйнөлүк практикада деле андай жол менен журналисттердин оозун жабыш кыйын.

КТРКнын радио бөлүмүнүн жетекчиси Шайырбек Абдрахманов азыркы бийликтин журналисттерге көзү түз экенин белгиледи:

- Президент Сооронбай Жээнбековдун айрым учурларда “мен социалдык тармактардан окуп жатам, теледен көрүп жатам, радиодон угуп жатам” деген сөздөрүн угуп калып атам. Демек, президент ЖМКларды окуп, ага көңүл бурууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков да журналисттерди кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчы жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө чоң таасир этүү менен өнүккөн жарандык коомдун эң маанилүү бөлүгү болуп калганын белгилеген.

1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү болуп жарыяланган. Анткени 1924-жылы 7-ноябрда алгачкы кыргызча гезит – “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) жарык көргөн.

"Биз силерди унутпайбыз..."

Соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.
1/12 Соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Быйыл кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.
2/12 Быйыл кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Октябрда өсмө илдетинен жабыркап жүргөн журналист, өмүрүнүн акыркы жылдарында маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген Султан Жумагулов 59 жашында дүйнөдөн кайтты. (Сүрөттө Султан Жумагуловдун кызы Айгерим Жумагулова). 
3/12 Октябрда өсмө илдетинен жабыркап жүргөн журналист, өмүрүнүн акыркы жылдарында маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген Султан Жумагулов 59 жашында дүйнөдөн кайтты. (Сүрөттө Султан Жумагуловдун кызы Айгерим Жумагулова). 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин депуттары, коомдук ишмерлер, өлкөнүн алдыңкы журналистери катышты. 
4/12 Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин депуттары, коомдук ишмерлер, өлкөнүн алдыңкы журналистери катышты. 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
 "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев быйыл Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. 
5/12  "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев быйыл Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Сүрөт галереяны көргөнү келген спорт журналисти Сурат Жылкычиев. 
6/12 Сүрөт галереяны көргөнү келген спорт журналисти Сурат Жылкычиев. 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Эркин журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 22-декабрда Алматыда киши колдуу болуп каза болгон. Ал ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы сын пикирин ачык айткан. 
7/12 Эркин журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 22-декабрда Алматыда киши колдуу болуп каза болгон. Ал ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы сын пикирин ачык айткан. 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
"Журналисттик кесип өтө кооптуу кесип. Бул кесипти тандап алган адам ушуну билип туруп анан бул жумушту тандаш керек. Мисалы, мушкер анын алдында турган тоскоолдуктарды билип туруп ал спортчу болгондой журналисттер дагы так эле ушундай болушу керек. Бирок бул деген журналистти ар ким келип сабап, өлтүрүп кетсе боло берет дегенди билдирбейт. Журналисттин өлүмүнө мамлекет мыйзам чегинде кепилдик бериши керек. Бизде мыйзамдар бар. Бирок алар аткарылышы зарыл" (Эрнист Кыязов).
8/12 "Журналисттик кесип өтө кооптуу кесип. Бул кесипти тандап алган адам ушуну билип туруп анан бул жумушту тандаш керек. Мисалы, мушкер анын алдында турган тоскоолдуктарды билип туруп ал спортчу болгондой журналисттер дагы так эле ушундай болушу керек. Бирок бул деген журналистти ар ким келип сабап, өлтүрүп кетсе боло берет дегенди билдирбейт. Журналисттин өлүмүнө мамлекет мыйзам чегинде кепилдик бериши керек. Бизде мыйзамдар бар. Бирок алар аткарылышы зарыл" (Эрнист Кыязов).
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
"Чет өлкөдө журналистке кол салуу болуп же шектүү жагдайда каза болгон болсо, өлүмүнүн себеби изилденип, укуктук баа берилет. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Каза болду,  калганы белгисиз болуп кала берет" (Элнура Кулуева, иш-чаранын уюштуруучусу). 
9/12 "Чет өлкөдө журналистке кол салуу болуп же шектүү жагдайда каза болгон болсо, өлүмүнүн себеби изилденип, укуктук баа берилет. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Каза болду,  калганы белгисиз болуп кала берет" (Элнура Кулуева, иш-чаранын уюштуруучусу). 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Чыгаан журналист Мелис Эшимканов. 
10/12 Чыгаан журналист Мелис Эшимканов. 
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
7-ноябрь Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат күнү. Ошондой эле 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыркы жылдан бери белгилене баштаган.
11/12 7-ноябрь Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат күнү. Ошондой эле 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыркы жылдан бери белгилене баштаган.
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
12/12
Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Төрөгелди

    Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG