Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Булбул үнү эми эфирден жаңырбайт...


Салтанат Саматова мыкты алып баруучу, элдин маанайын көтөргөн чечен инсан катары эсте калды.
Салтанат Саматова мыкты алып баруучу, элдин маанайын көтөргөн чечен инсан катары эсте калды.

Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан улам каза болду.

15-августтун таңы кыргызстандыктар үчүн суук кабар менен башталды. Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова мезгилсиз дүйнө салганы социалдык тармак аркылуу желдей тарады. Телерадио, маалымат сайттардын дээрлик баарында маданият тармагы оор жоготууга учураганы кабарланды.

46 жаштагы Салтанат Саматова жети жылдан бери рак оорусу менен алышып келген. Бирок ал эч качан ооруга моюн сунуп, тагдырга таарынган эмес. Эл, күйөрмандары аны эрки күчтүү аял катары тааныды. 2017-жылы берген маегинде өзүнүн бактылуу экенин айткан:

- Кыйналдым, өтө оор мезгилдер болду деп айта албайм. Кудайга шүгүр, жараткандын жазган жолу бар экен, ошол жол менен келатам. 14 жаштагы уулум, беш жаштагы кызым, бир туугандарым, ата-энем, өмүрлүк жарым, жакындарым бар, алар менин бактым. Демек, мен бактылуумун. Эл баалаган жумушум бар. Ошондуктан, өзүмдү аябай бактылуу сезем.

Салтанат Саматова өзү сезген бакытты башкаларга бөлүшүүдөн тартынган эмес. Ал алып барган телерадиоберүүлөр, мааракелер, майрамдар дайыма шаңга бөлөнүп турган. Маркум кыргыз жана орус тилин мыкты билген, кесипкөй алып баруучу эле.

Айрыкча жаш муундарды турмуштун сыноосуна майтарылбоого үндөгөн, багыт көрсөтө билген инсан катары эсте калды. Аялзатын күчтүү болууга чакырып, бир канча жолу “Азаттык” радиосунда кыздардын укугун коргоп сүйлөгөн:

- Сөзсүз күрөшүш керек. Кыздар, жөн отурбагыла деп айтып келем. Өз эркиңе каршы, ата-энең, жакындарың каалаган инсанга турмушка чыгып жашаган заман артта калды. Өзүңдүн бактыңды өзүң курганга акылуусуң.

Салтанат Саматова жана Эркин Рыскулбеков
Салтанат Саматова жана Эркин Рыскулбеков

Жакындарынын айтымында, Салтанат айым айыккыс дарт жармашканын кеч билген. Жакын досу, алып баруучу Эркин Рыскулбеков минтип эскерди:

- Ооруган күндөн баштап эле “мен айыгышым керек, бутума турам” деп беш жыл бою, тагыраагы 2017-жылдын август айына чейин иштеди. Кыйналып, ооруп жатса да “Жардамдашуу оңой”, “Эргене” деген уюмдар менен иштешти. Бейтаптарга каржылык, моралдык жардам көрсөттү. Онкологиялык дартка чалдыккандар жаткан ооруканага Салтанат эжем экөөбүз көп бардык. “Оорулуу балдарга жардам берели, концерт уюштуралы” деп, демилге көтөрүп жүрдү. Эки жыл мурда 23-февралга карата бейтаптарга майрам уюштуруп бергиси келди. “Эркин, беш миң сом чогулталы, балдарга белек алалы” деп “Орто-Сай” базарына ээрчитип барды. Таң калганым, онкологияда дарыланып жаткан балдардын баарынын аты-жөнүн билет экен. “Бул оюнчукту баланчага алалы. Муну түкүнчөгө алалы, ал 14кө чыгып калды, бул оюнчукка караганда тигил буюм ага жарашат” деп өзү менен өзү сүйлөшүп эле белек-бечкегин камдап, алып барган күндөрү болгон.

“Эргене” коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова алып баруучу кайрымдуулук иштерин уюштурган, муктаждарга кол сунган берешен, үлгүлүү инсан болгонун эскерди:

- Бизде онкологиялык дартка чалдыккан адамды төшөк тартып жатып калат деп ойлошот. Салтанат ал пикир туура эместигин далилдегенге аракет кылды. Үзгүлтүксүз дарыланып, кайра дароо ишке кайтчу. Күч-кайратын жумшап, башкаларга кубаныч тартуулаганга аракет кылды.

Салтанат Саматова рак оорусуна чалдыкканын жашырган эмес. Кайра бул дартка каршы күрөшүүгө чакырган бир канча социалдык роликтерге тартылды. Кыргызстанда нур менен дарылаган медициналык аппарат эскиргенин айтып, жаңысын сатып алууга чакырык таштады. Бирок Салтанат айым самаган аппарат өтө кымбат болгондуктан, ушул күнгө чейин алына элек.

Алып баруучу замандаштарынын эсинде кайда барбасын Кыргызстанды даңктаган ыр саптарын окуп, туулган жерин даңазалаган мекенчил инсан катары калат.

Адамдар Салтанатты айлананы шаңга бөлөгөн инсан катары эскеришет
Адамдар Салтанатты айлананы шаңга бөлөгөн инсан катары эскеришет

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радиосунда, кийин “Европа плюс" радиосунда иштеп, Коомдук телеканалдагы ток-шоуларды, интеллектуалдык берүүлөрдү алып барган. Артында бир уул, бир кызы калды.

Маркумдун сөөгү 16-августта Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG