Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Мараттын артында калган изи өчпөйт


Марат Козукеев.
Марат Козукеев.

Белгилүү актер, режиссер Марат Козукеев тирүү болсо 50 жашка чыкмак.

Маркум өмүрүнүн акырында “Керээз” спектаклин сахналаштыруу үстүндө иштеп жаткан, тилекке каршы аягына чыкпай калган.

“Аталар керээзи”, “Гаишниктер”, “Президент жана бомж” ж.б. тасмаларга тартылып, бир канча спектаклде ойноп, эл эсинде калган актерду эскерүү иш-чарасы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 8-декабрда өттү.

Марат Козукеевдин ""Сынык асман" спектаклинде ойноп жаткан учуру. 2010-жыл.
Марат Козукеевдин ""Сынык асман" спектаклинде ойноп жаткан учуру. 2010-жыл.

Анда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев материалдык кызыкчылыктар үстөмдүк кылган доордо Марат Козукеев элди театрга үндөгөн маданияттын жоокери болгонун белгиледи.

«Марат театрга 24 жашында келип, дароо эле Мар Байжиевдин “Кыз-күйөө” спектаклинде өзүнө берилген ролду келиштире ойногон. Ал дал ошол ролу менен кыргыздын белдүү драматургдарына жаккан, режиссерлор Бообек Ибраев, Искендер Рыскулов, Замир Сооронбаев, Алмаз Сарлыкбековдун купулуна толгон. Ошондон кийин алар спектакль койгондо Маратка башкы ролдорду бере баштаган».

Марат Козукеев өмүрүнүн аягында режиссерлук иш менен алек болду. 2015-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклин кайрадан сахнага алып чыккан. Эмгеги жерде калбай, спектакль Казакстанда өткөн эл аралык фестивалда биринчи орунду жеңип алган.

Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде сахналаштырылган спектаклде Толгонайдын ролун Анара Сыдыгалиева аткарган болчу.

Актриса Марат Козукеев ошол учурда жан дилин төшөп, өзгөчө берилүү менен иштегенин эскерди.

Анара Сыдыгалиева
Анара Сыдыгалиева

«Марат экөөбүз “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам” деген спекталде чогуу ойногонбуз. Жубайлардын ролун аткарган элек. Ошондо ал аракечтин образын көргөн киши унутпагандай чеберчиликте ачып берген. Кийин “Саманчынын жолун” Маратка көтөрүп бардым. "Сен кой, мен ойноюн" десем, сценарийди алып иш бөлмөсүнө кирип кетти. Бир аздан соң жаныма келди. Абдан толкунданып алыптыр. "Эже сиз мага ишенесизби?" деп сурады. "Ооба, ишенем, үйгө кел, сүйлөшөлү" дедим. Төрт сааттык спектаклди эки саатка батырдык. Марат көп сүйлөчү эмес, ток этер жерин гана "момундай болсо кандай дейсиз, оюңуз кандай?" деп сурап койчу. Ал актерлордун дараметин, кимиси кандай ойной аларын сезчү».

Режиссер көзүнүн тирүүсүндө Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут ата” жана акын Бактыгүл Чотурова жазган “Тумар ханыша” спектаклдерин элге тартуулаганга үлгүрдү. Аталган спектаклдер эл аралык конкурстарда баш байгени жеңип алган.

“Коркут Ата” спектаклине Түркиянын Мерсин шаарынын мэри Бурханеттин Кожамаз жогору баасын берген.

Бурханеттин Кожамаз
Бурханеттин Кожамаз

«Чынында “Коркут Ата” спектакли абдан жакшы сахналаштырылган. Ушундай жогорку чеберчиликте коюлган спектаклди Мерсиндин жашоочулары көрүп атканы биз үчүн бакыт. Алгач жаратылыштын символун чагылдырып, андан кийин өткөн учурдан келечекке карай көпүрө сыяктуу окуя менен коштолгону эле өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кыргыз актёрлору өтө мыкты ойноп, бизди жаңы ыкма менен коюлган “Коркут Атага” жолуктурду».

Марат Козукеевдин шакирти Данияр Жанжигитов устаты кесиптик чеберчилиги менен кошо адамдык сапаты бийик инсан болгонун айтты:

Данияр Жанжигитов
Данияр Жанжигитов

«Ал "актер болордон мурда адам болгонду үйрөнүшүбүз керек" деп турчу. Марат агай баарыбыздын ичибиздеги көйгөйлөрдү билчү, аны чечкенге жардамын аячу эмес. Спекталь сахнага коюлганча үйүнө кетпей иштечү. "Азыр муну таап жиберели" деп тынымсыз изденип жүрдү».

Маркумдун жубайы Айсалкын Кыйыкбаева учурда режиссер тууралуу даректүү тасма тартуу үстүндө иштеп жатышканын кабарлады.

«Тасмада Марат жашоодо жана театрда эмнени каалап, артында кандай эмгек калтыргысы келгенин өзүнүн ички монологу аркылуу бергибиз келет. Мараттын жашоого болгон көз карашы өзгөчө эле да. Актёр катары жаркын элеси жашай берет. Атында из калтырган адам өлбөйт, Марат өлгөн жок».

Марат Козукеев 1988-1992-жылдар аралыгында Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актерлук факультетин бүтүргөн.

Ал театр чөйрөсүнө аттын кашкасындай таанымал Дмитрий Астрахандын өнөрканасында билим алган. Кийин Бообек Ибраев, Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков, Замир Сооронбаев баштаган белдүү режиссёрлордун тарбиясын көргөн.

Марат Козукеев койгон "Тумар ханыша" спектакли.
Марат Козукеев койгон "Тумар ханыша" спектакли.

Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов Марат Козукеев устаттарынан алган тарбиясына өзүнүн жаңычылдык көз карашын кошконун айтып отурду.

«Марат студенттер менен "Апокалипсис кумфугурус" спектаклин койгон. Ошондо Айтматовдун образын башкача өңүттө ачкан. Тоталитардык доордо чынчыл художниктин эл кийген масканы кошо кийип жүргөнүн, Айтматовдун ичиндеги драманы таасын көрсөткөн. Кийин "Бетме бетти" да сахнага алып чыкты. Айтматовдун бул чыгармасын башка режиссерлор койгондо Сейде менен Ысмайылдын мамилеси ага-карындаштыкындай берилип калган учурлар болгон. Марат болсо экөөнүн жубайлык сүйүүсүн көрүүчүгө жеткирип, чыгарманын контекстинде катылган сырды ачып жатпайбы».

2016-2017- жылдар аралыгында жаңы муундун режиссеру катары таанылган Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында, чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Марат Козукеев 2017-жылы 8-декабрда 47 жашында жүрөк оорудан улам каза болгон. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Эркин-Сай айылында жерге берилген. Көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка чыкмак.

XS
SM
MD
LG