Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:13

Муфтияттагы чырдан кийинки маанай


Бишкектеги мечит.

Адистер Кыргызстандын дин тармагында чечиле турган көйгөйлөрү көп экенин белгилешет. Калктын 80% ашыгы карманган Мусулман дин башкармалыгы - муфтияттын тегерегиндеги акыркы окуялардын коомго таасири кандай болот? Мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле кандай моделдин негизинде ишке ашууда?

"Биз жана дин” түрмөгүнүн бул чыгарылышында кеп болот. Эксперт Канатбек Мурзалалилов Дин иштери боюнча комиссиясынын башкы адиси Алтынбек Эркимбековду кепке тартты.

- Расмий эсептик каттоодон өткөн диний уюмдардын саны 3500дөн ашканы парламенттин жыйынында айтылгандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары тараптан түшүнбөстүктөр жаралып, түрдүү пикирлер айтылды. Деги эле бул эмне болгон сан? Диний уюмдарды каттоо тартиби кандайча ишке ашарын түшүндүрө кетсеңиз.

Алтынбек Эркимбеков
Алтынбек Эркимбеков

- Ооба, 3500дөн ашык диний уюм Дин комиссиясында эсептик каттоодон өткөн. Калайык-калкка, коомго ушул маалыматты туура жеткирүү керек. Бул деген 3500 дин бар дегенди эмес, ушунча диний уюм каттоодон өткөн дегенди билдирет. Өзү “диний уюмдар” деп биргелишип дин тутуу, Кудайга табынуу, диний каадалар менен аземдерди өткөрүү менен өздөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн атайын топторду атайбыз. Ар бир диний уюм, мейли ал ислам, христиан багыттарында же башка диний багытта болсун, атайын өздүк юридикалык дарек ачып, уставын түзүп, диний ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан атайын күбөлүк алат.

Диний коомдор, борболор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, храмдар, монастырлар диний уюм болуп эсептелет. Мисалы, ислам багытында эле 2 миңден ашуун мечит каттоодон өткөн. Эми бул сан токтобой өсүп кете бериши мүмкүн.

Диний уюмдарды каттоого алуунун бардык процедуралары мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Эгерде диний уюм Дин иштери боюнча мамлекеттик органда каттоосу жок ишмердүүлүк жүргүзсө, анда тиешелүү чаралар колдонулат. Бул үчүн мыйзамда атайын санкциялар, атайын нормалар бар.

- Кыргызстандагы эң ири диний уюм болгон Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы же муфтияттын айланасында акыркы мезгилде түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу боюнча Дин комиссиясы кандай иштерди аткарды?

- Акыркы кезде муфтияттын тегерегинде орун алган окуяларды жөнгө салуу көбүрөөк укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө багытталган. Бирок бул жалпы комплекстүү иш болгондуктан, биз да түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келебиз. Ал иш-чаралар жеке эле муфтиятка эмес, бардык диний уюмдарга тиешелүү.

- Мөөнөтү жылып, май айынын акырына белгиленген Кыргызстан мусулмандарынын курултайы, андагы муфтийди, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо кандайча ишке ашарын да айта кетсеңиз. Муфтияттын бүгүнкү күндө жүргүзгөн иштери кандай деңгээлде болуп жатат?

- Курултайды өткөрүү Орозо айы бүткөндөн кийинкиге пландалган. Азыр датасы такталып, мөөнөтү белгилене элек. Уюштуруу боюнча тиешелүү иш-чаралар, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Учурда муфтияттын иши канааттандырарлык. Мурункудай эле калыптанган система менен иштеп, өз ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келе жатат. Түшүндүрүү иштери өзүнчө жүргүзүлүүдө.

- Кыргызстандагы бүгүнкү диний кырдаалдын абалына кандай баа бересиз?

- Учурда диний кырдаал боюнча абал туруктуу. Тиешелүү иш- чаралар компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылууда. Албетте, диний чөйрөдө орчундуу маселелер, көйгөйлөр бар.

- Өлкөбүздө дин тутуу эркиндигине, диний уюмдардын, анын ичинен тыюу салынган диний топтордун ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу көйгөйлөрдү санап бере аласызбы?

- Диний чөйрөдөгү ар бир көйгөй сиздерге дагы белгилүү. Мисалы, биринчиден, диний сабаттуулук жалпы коомчулукта жетишсиз. Дин ишмерлеринин, мамлекеттик органдардын, дин менен иштеп жаткан кызматкерлердин дүйнөбийлик принципти карманышы боюнча дагы көйгөйлөр бар. Динге байланыштуу стереотиптүү көз караштардын орун алышы, кээ бир коопсуздукка, анын ичинен киберкоопсуздукка байланышкан көптөгөн маселелер жок эмес. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

- Учурда Кыргызстандагы мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелер кандай моделдин негизинде ишке ашууда?

- Дүйнөбий мамлекеттин модели боюнча илимий эмгектерди жазып жүрөбүз. Негизинен, дүйнөбий мамлекеттин моделдери экиге бөлүнөт. Биринчиси - мамлекет менен диний уюмдардын ортосунда өнөктөштүк мамиле болот. Экинчиси - диний уюмдардын мамлекеттин укуктук системасына тийгизген таасири. Эгерде мамлекет менен диний уюмдардын ортосунда өнөктөштүк болсо, анда ал дүйнөбий мамлекет боюнча калат. Бул багытта илимпоздордун да көптөгөн изилдөөлөрү бар.

Диний уюмдар мамлекеттин укуктук системасына таасир тийгизген учурда ал төрт бөлүккө бөлүнөт. Алар преференциалдуу, эквипотенциалдуу, контаминациалдуу, анан идентификациалдуу болуп бөлүнөт. Бул төрт бөлүк тең Кыргызстандын дүйнөбий моделине кирбейт. Себеби, бир динге артыкчылык берилип же мамлекеттен динди бардык тарабынан такыр эле бөлүп салган эмес. Жогоруда айткандай, бизде мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы өнөктөштүк модели колдонулат.

Кыргызстанда диний уюмдар мамлекеттин укуктук системасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Тиешелүү мыйзамдарда жана Конституциябызда дин тутуу эркиндиги жазылган. Диний уюмдар жөнүндө мыйзам бар. Ошол жерде дин менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер боюнча конкреттүү принциптер жазылган. Экөөнүн ортосундагы өз ара мамилени, руханий, маданий, улуттук салттардын калыптанышына диндин таасирин эсепке алынып, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылат деп көрсөтүлгөн. Негизги принциптер мына ушундай.

- Быйыл Дин комиссиясы мамлекеттин дин саясатын жакшыртууга багытталган кайсы приоритеттүү багыттардын алкагында иш жүргүзөт?

- Азыр 2021-жылдан 2026-жылга чейинки диний чөйрөдөгү концепцияны талкуулоо алкагында ишмердүүлүк жүргүзүлүп жатат. Мындай талкуулар коомдун кеңири катмарында жүргүзүлүп, кабыл алуу этабында турат. Ошол эле учурда эң негизги приоритет - мамлекеттин дүйнөбий түзүлүшүн жана диний сабаттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-диний кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү. Диний жана коомдук институттардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, аны жогорулатуу боюнча иштерди да жүргүзүү.

- Мамлекет өзүнүн дин жаатындагы саясатын жакшыртуу үчүн дагы кандай кадамдарга барышы керек?

- Ишмердүүлүктү комплекстүү жүргүзүү керек. Себеби, тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү коомчулук, диний уюмдар бири-бири менен ар тараптуу иш алып барса, чоң жыйынтыктарга жетишебиз деп ишенем.

Муфтият чыры жана дин саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 1:09:06 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG