Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Эркиндик бизге дем берди


Кыргызстандын желегин кармаган жаштар
Кыргызстандын желегин кармаган жаштар

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Кайыпбек Айдарбеков аттуу мекендешибизден келген блогду сунуштайбыз.

Эркиндик бизге дем берди,
Эркин өс деп күч эрк берди.
Кылымдар жашап көксөгөн,
Кыргыз эл ага демденди,

Кыйыры чексиз бүрдөгөн,
Кыргыз эл бүгүн гүлдөгөн.
Дүңгүрөп чыккан атагы,
Дүйнө жүз бүт билген.

Улан кыз сүйлөйт көп тилде,
Умтулуп түркүн ар ишке.
Үйрөнүп иштеп жүрүшөт,
Үңүлүп окуп ар элде.

Элимде өсүп жаш кары,
Эркинде сүйлөйт бүт баары.
Жергеге келген эгемен,
Желбирейт жеңиш байрагы.

Баарыга ыңгай түзүлгөн,
Бактыбыз келди күтүлгөн.
Өнүгүп өсүп бараткан,
Өлкөдө жаран бүгүн сен.

Орногон ата мекен сен,
Ооруба эми эсен сен.
Колдоого алып ар дайым,
Коргойбуз өзүң бөлөктөн.

Эмгекти сүйөт деп ойлойм,
Ээрчишип жаштар коргогон.
Байлыкты жыйнап куралы,
Бакыт деп билип ойлогон.

Жеп ичкич келет жек сурлар,
Жем издейт карап көп алар.
Арылсак балким алардан,
Арабыз анык тазараар.

Элимде турмуш оңолуп,
Эринчээк жалкоо жоголуп.
Эмгекти сүйөт деп ойлом,
Ээрчишип жаштар топтолуп.

Байлыкты жыйнап куралы,
Бакыт деп билип биз аны.
Бакубат жашап өлкөдө,
Башка эл сыяк туралы.

Эгемен оңой келген жок,
Эрдикти жумшап тосуп ок.
Көптөрү жанын кыйышты,
Көргөзүп бизге күйгөн от.

Ушул жол биздер улайлы,
Улантып жаңы курайлы.
Олтуруп албай бир жерде,
Ойлонуп ойду убайды.

Бейишке арноо жерлерин,
Берилген бизге ал дейли.
Каранып андай болгондо,
Каректей сактай билели.

Ынтымак достук ширелип,
Ырыс бак турат гүл өнүп.
Бирдиктүү алдыга баралы,
Биримдик туусу түбөлүк.

Кайыпбек Айдарбеков, Балыкчы шаары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG