Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Эгемендикке 30 жыл. Мамлекеттүүлүккө жети коркунуч


Алтайдагы кыргыз жоокерлерине коюлган таш эстеликтер.

***
(Мен) мамлекетте кадырлуу адам сыяктуу элем (кадыр-барктуу элем).
Мамлекетиме бирге өлгөн эр (мамлекетим үчүн өлгөн эр).
(Абалы) начар мамлекеттин кымбаты элем, алп элем.

***
Мамлекетимдин урматына өзүмдү (колдоочу тотемимди) таптым. Атам, акылман бегим тапкан кырк кудуреттүү… тууганымды таштабадым (колуман чыгарган жокмун).
Каным-мамлекетим, аттиң ай, кайрандарыма, кандай өкүнүчтүү, тойбодум.

***
Күрөң жердеги мамлекетим-каныма, кайрандарыма, аттиң ай,
туугандарыма, аттиң ай, кайрандарыма, тойбодум, аттиң ай.
Так төбөдө (кылда чокуда, өмүрүмдүн так толгон учурунда согушта жолдошторум менен) бирге түгөндүм (каза болдум).

***
Мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум.
(Эне-Сай эстеликтериндеги кыргыз жазууларынан)



Быйыл суверенитет алганыбызга отуз жыл болот. Адам өмүрү менен өлчөгөндө бүтүндөй бир муундун жашоосу. Мамлекет үчүн көз ирмем. Америкадагы жандуу тилдер институтунун айтуусунда (“НГ”, №16, 2007-ж) дүйнөдө 7 миңге чукул тил жана эки жарым миң улут бар. Алардын ичинен 193 өлкө гана өз эгемендигине ээ. Биз сыяктуу саны чакан болуп, башка дүйнөлүк тилдерди эмес (англис, испан, араб, португал, француз, немис ж.б.) өз тилин мамлекеттик тил кылып (ар эки жумада бирден тил жок болууда) өз эгемендигин алган өлкөлөр жыйырмага жетпейт.

Маселен, Монголия, Финляндия, Сербия, Эстония, Латвия, Литва ж.б. өздөрүн эгемен мамлекет катары жарыялап, бирок дүйнөлүк коомчулук тааныбаган дагы 60ка жакын өлкө бар (Хазарстан, Читтогонг, Кашмир, Ириан Джая, Курдистан, Белуджистан, Каталония, Түндүк Кипр, Тайвань, Минерва, Сомалиленд ж.б. сыяктуу).

Демек, эгемендик биз үчүн ыйык дөөлөт. Энциклопедиялык сөздүктө: “мамлекеттик суверенитет – ички жана тышкы маселелердеги толук көз карандысыздык” деп түшүндүрөт. Мамлекеттүүлүк адамзат цивилизациясында 10 миң жылдык тарыхы бар байыркы институт. Кытайда мамлекеттик бюрократия пайда болгонуна миң жылдан ашты. Ал эми аскери, калыптанган салык системасы, мамлекеттик аппарат, ыйгарым бийлик укуктары бар мамлекеттүүлүк Европада француз, испан, швед монархтары менен бирге XV, XVI кылымдарда пайда болгон.

Суверенитет концепциясына тээ илгери эле Жан Боден, Николо Макиавелли, Мартин Лютер, Томас Гоббс, Жан Жак Руссо кайрылышкан. Боден “мамлекеттик суверенитет маселесинде башкаруучулар менен элдин ортосунда чыр-чатак болбош үчүн эң ириде алардын укугун чектөө керек” экендигин баса белгилеген. Руссо болсо, “суверенитет – жамааттык башкаруу жана жалпы эрктин ишке ашырылуусу катары” баа берип, “суверенитет бөлүнбөс, ал жалпы биргелешип башкаруу, элдин бирдиктүү эрки мыйзам аркылуу турмушка ашарын” белгилеген.

Мартин Лютер болсо реформация идеясынын башында туруп, немис манаптарын католик чиркөөсүнүн бийлигинен көз карандысыз кылууга жетишкен.

Эне-Сай кыргыз каганатында ал доорго тийиштүү мамлекеттүүлүктүн бүт белгилери болгон. Алар: территория, эли, аскери, ажосу, туусу, элчилери жана тышкы өлкөлөр менен мамилеси. Ал эми 1648-жылдагы Вестфальдык келишим мамлекеттик суверенитеттин тышкы эл аралык мамилелерин так аныктады. Ал бүгүнкү күндө да маанилүү. Суверенитет маселесин иликтеген америкалык окумуштуу Стивен Д. Краснер “суверенитет” төрт негизден турат дейт: 1) ички суверенитет жана коомдук көзөмөл; 2) өз ара байланыш суверенитет, чек ара алака-катышын көзөмөлдөө; 3) эл аралык суверенитет, эл аралык аренада тең укуктуулук; 4) “вествалдык” суверенитет, тышкы өлкөлөрдүн ички иштерге кийлигишпөөсү.

Азыркы доордо алсыз (Сомали, Гаити, Руанда, Либерия, Сьерра-Леоне, Конго, Чыгыш Тимор өлкөлөрү) жана күчтүү мамлекет (АКШ, Орусия, Кытай, Жапония, Германия, Улуу Британия ж.б.) түшүнүгү талаш болуп келет.

Дүйнөлүк атактуу окумуштуу Фрэнсис Фукуяманын айтымында, мамлекет жок дегенде төмөнкү минималдык функцияны аткарышы ылаазым: мыйзамдуулук тартиби, коопсуздук, коргоо, коомго пайда келтирүү, менчикти коргоо, макроэкономикалык тескөө, саламаттык сактоо, социалдык коргоо. Ал эми ортозар мамлекет буга кошумча төмөнкү маселелерди өз мойнуна алат: тышкы күчтөргө жооп кайтаруу, экология маселесин чечүү, монополияны тескөө, билимсиздикти жоюу, камсыздандыруу, финансылык тескөө, социалдык камсыздандыруу. Мамлекеттин активдүү фунцияларына индустриялык саясат, капиталды туура бөлүштүрүү кирет. Бул өңүттөн караганда биз орто өлкөлөрдүн катарына кирет өңдөнөбүз.

Реалдуу суверенитети бар күчтүү мамлекеттер болсо мындан тышкары, өз аба мейкиндигин, энергетика, аба жолдорун, темир жолун, газ, нефть байлыктарын, өндүрүштү коргоо инфраструктурасын, атүгүл маалымат каражаттарына толук ээ боло алган саналуу эле державалар кирет. Дагы кошумча, өзүнүн фундаменталдуу илимине, ири бизнес элитасына, технологиялык жетишкендиктерине таянып өз алдынча стратегиялык саясат жасай алган АКШ, Орусия, Кытай сыяктуу өз ара атаандааш өлкөлөр гана реалдуу суверенитетке ээ.

Бүгүн эгемендиктин 30 жылдык мааракесинин алдында биздин эгемендик жолунда эң көйгөйлүү болгон жети опурталдуу маселе тууралуу ой бөлүшүүнү туура таптым.

1-коркунуч: Чек ара

Чек ара маселеси биротоло чечилмейинче суверенитет дайым коркунучта. Уинстон Черчилль айтмакчы, «Чек араны сүйлөшүү согуш маселесин сүйлөшүү менен барабар».

30 жыл ичинде негизинен чек ара тилкеси тоо кыркасы менен өтүп, калктуу айылдар (Чүй, Таласты айтпаганда) азыраак болуп жана ошондогу саясий жетекчилик диалогго бара алгандыктан эки чоң өлкө (Кытай, Казакстан) менен чек ара маселеси эртерээк чечилди.

Тажикстан менен болгон соңку окуялар көрсөткөндөй, чектеш жерлерде суу, жайыт талаш маселелерине кошо аткезчилик, баңгизат ташуу, кылмыш дүйнөсү кошул-ташыл аралашып кеткен. Бул микрохирургиялык чеберчиликти, кылдаттыкты талап кылат. Чек ара маселесинин эң талылуу жерине келдик. Бу күндө Өзбекстан менен дагы 15%, Тажикстан менен 47% чечиле элек жагдайлар бар. Чек ара тозотторун, аскерий күчтөрүбүздү бекемдеп, кезинде демилгеленген “Чек арага жакын жайгашкан аймактарды мамлекеттик колдоо” жөнүндө мыйзам так аткарылышы абзел.

Сүйлөшүү делегациясын бул маселени ийне-жибине чейин мыкты түшүнгөн адистер менен бекемдөө ылаазым. Үч жагдай өтө маанилүү. СССР кулаган соң көп өлкөлөр чек ара көйгөйлөрүн 1991-жылдагы келишимди өзөктүү документ катары кабыл алышты. 1924 же 1927-жылдарга таянсак көп талаш-тартыш узакка созулат. Экинчиден, сүйлөшүүлөрдө чегинүү (уступка) бир тараптуу болбош керек. Үчүнчүдөн, бул сезимтал маселеде мамлекеттик жашыруун стратегиялар (Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, коомчулук, жергиликтүү бийлик, оппозиция), ар бири өзүнө тиешелүү милдетин аткаруусу зарыл. Бул маселеде улуттук консолидация эң башкы күч экени шексиз.

2-коркунуч: Коррупция

Атактуу окумуштуу М. Восленский өзүнүн “Номенклатура” деген китебинде СССР доорунда айрыкча Кавказ республикаларында, Орто Азияда болсо Өзбекстанда (ызы-чуу болгон “пахта окуясы”) эбегейсиз коррупция болгонун жазган эле (М. Советская Россия, 1999, 280, 287 бб.).

Коррупция суверенитет үчүн эң зор коркунуч. Дагы бир чет өлкөлүк иликтөөсү (Й. Энгвалл, “Государство как инвестиционный рынок: осмысление коррупции в Кыргызстане”, Бишкек, 2014) “Кыргызстанда мамлекеттик институттун бүт тармагына таркап, биротоло чырмалышып калган” деген тыянакка келет.

Эгемендик доорунда биздин өлкөбүз да Transparecsy International компаниясынын дүйнөлүк рейтингине ылайык ар жыл сайын төмөндөп
2004-жылы – 125, 2005-жылы – 138, 2011-жылы – 165, ал эми 2020-жылы – 132 орунга жылганы өтө өкүнүчтүү. Көмүскө экономика 40-60% жетет.
Эң кызыгы ар бир төңкөрүш болгон сайын (2005, 2010, 2020) кеткен бийлик коррупцияга айыпталып, бирок реалдуу түрдө коррупциянын деңгээли төмөндөй элек.

Негизинен коррупцияга каршы күрөш саясий упай топтоону же саясий оппоненттерден өч алуунун куралына айланып келгени жашыруун эмес. Эң өкүнүчтүүсү, коррупцияга каршы күрөшүүгө милдеттүү беш орган болсо, (сот, прокуратура, ички иштер, коопсуздук, фискалдык) тескерисинче баарысы тең эң көп коррупцияга аралашып калган. Бүгүнкү күндө бала бакча, мүрзө бөлүштүрүү, төрөтканадан баштап эң жогорку бийлик бутактарына чейин терең коррупциялашкан. Өлкөбүз коррупцияга байланыштуу эл аралык келишимдердин баарын ратификациялаган.

Жетиштүү мыйзамдар, тийиштүү органдар, ал тургай коомдук пикир да даяр. Болгону эбегейсиз саясий эрк жана ал күрөштү баштаган жетекчи, өзү акактай таза болушу ылаазым. Акыркы болуп жаткан аракеттерди карапайым эл кубаттап жатканы менен бизнес чөйрөсү үчүн кооптонуу жараткан шекилдүү. Мамлекеттик институттарда коррупцияга каршы “антитела” пайда болмоюн бул илдетти жеңүү да өтө татаал. Өзгөчө шайлоолордо добуш сатуудан арылмайын жана реалдуу сот реформасын жүргүзмөйүн коррупция менен жигердүү күрөшүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүп жаткан күч – бул жарандык коом, эркин басма сөз жана айрым эркин журналисттер экени талашсыз.

3-коркунуч: Экономикалык чабалдык

СССР доорунда экономиканын негизги көрсөткүчтөрү боюнча республикабыз он беш союздук өлкөнүн ичинен онунчу же он биринчи орунда (Молдова, Армения, Түркмөнстан, Тажикстандан алдыда) кээ бир тармактар боюнча алдыңкы экинчи-үчүнчү позицияда тургандыгы маалым. (Т. Усубалиевдин китебин караңыз. Бишкек, Шам, 1997).

Азыркы күндө ички дүң продукциянын көлөмү боюнча он төртүнчү орунда (бизден Тажикстан гана артта) ал эми дүйнө боюнча 193 өлкөдөн 161-орунга түшүп, б.а. Африканын 59 өлкөсүнүн 39у бизден алдыда экени көӊүл кейитээрлик.

Казакстандын азыркы деңгээлине жетүү үчүн 52 жыл, Грузияны кууп жетүү үчүн бизге 35 жыл керек экен. Акыркы 10 жылда ички дүң продукция киши башына (1123 доллар, дүйнөлүк орточо эсептен 9 эсе аз) эсептегенде дээрлик өскөн эмес. Ар бир үчүнчү инвестор бизден чыгып кеткен. Ички дүң продукциясынын төмөндөөсү рекорддук (-9,4%) көрсөткүчкө жетти.

Тышкы рыноктун талкаланышы, инвестициялык жагдайдын терс жагына өзгөрүшү, бизнес менен саясаттын аралашып кеткени, ЕАЭБ рыногу биз күткөн натыйжаны бербегени, тышкы карыздын өсүшү, өндүрүштүн төмөндөшү, энергетикалык кризис, мигранттардын акча которуусунун азаюусу, эми ага кошумча пандемия кризиси катуу сокку урду. Анын кесепетинен бир жылда жакыр адамдардын саны дээрлик 1 млн. көбөйүп, азыр ар бир үчүнчү мекендешибиз (2,3 миллион адам) итке минген абалга келди.

Жакырчылык болгон жерде саясий туруктуулукту камсыз кылуу абдан кыйын. Глобалдык экономикада атаандаштык боюнча 96-орунга түшүп калдык. Суунун башында туруп энергетика кризисине кабылгандыгыбыз, алтынга бай жерди мекендеп туруп кедей экендигибиз, Орто Азиядагы эң эркин өлкө болуп келип, эми экономикада күндөн күнгө бөгөттөр көбөйүп жатканы кейиштүү.

Дүйнөдө Кытайга 193 өлкөнүн ичинен 120 мамлекет карыз. Анын ичинен карызын төлөй албай турган 8 өлкөнүн ичине Кыргызстан кирген. Бул өтө опурталдуу. Карыз ИДПнын 68% жетти.

Орусиялык чыгаан экономист Е.Гайдардын айтымында, Кыргызстан сыяктуу океандан алыс, мунай, газ сыяктуу байлыгы жок өлкөлөр үчүн либералдык реформадан башка жол жок. Ал үчүн Грузиядагыдай чечкиндүү реформаларды жасоо зарыл: экономиканы толук либеризациялоо, рынок экономикасынын принциптерин так сактоо, менчиктештирүү, бизнести жана инвестицияны жигердүү коргоо, мамлекет менен жеке менчиктин шериктештигин күчөтүү, жөнөкөй салык системасын жана калыс сот бийлигин орнотуу, тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүү, ж.б. Кыргызстанга ылайыкташкан жаңы улуттук модели керек.

Дүйнөлүк банк, Бүткүл дүйнөлүк валюта фонду жана башка эл аралык финансы уюмдары 1993 – 2004-жылдары Кыргызстанды реформа боюнча үлгүлүү өлкө катары карап келген. Эл да, коомчулук, бизнес чөйрө да, кардиналдуу реформаларга даяр. Ал эми өкмөт өзү даярбы? Кеп ошондо.

Глобалдык фонд, “G20”, “Бир алкак, бир жол”, “ВСП+”, “Жашыл экономика” сыяктуу эбегейсиз финансы булактары бар эл аралык уюмдар менен иштешүүдө, тышкы карызды реструктуризациялоодо өкмөт чабалдык кылып, улам карыз алып, экономикада “ит көндүм” (жанбактылык) гана фунциясын аткарып келет. Ал эми креативдүү, санарип экономикага өтүү бизде популисттик ураан боюнча кала берүүдө. Жаңы өкмөттүн курамында реформаторлук духу, таланты, билими жетиштүү жетекчилер жок экендиги (бир-экөөнү айтпаганда) өкүнүчтүү.

4-коркунуч: Башкаруунун алсыздыгы. Мыйзамсыздык.

1991 – 2015-жылдары райондон республикалык деңгээлге чейин көбүнесе СССР доорунда комсомолдо, партияда такшалган кадрлар жетектеп келген. Азыр ал муундан бир-экөө эле калбаса, калгандары дээрлик пенсия курагында. Эгемендиктин 30 жылында ырааттуу кадр саясаты болгон жок. Бийликке саясатчылар, чиновниктер келди, ар бири өз командасы менен келген сайын бийликтин сапаты төмөндөп, институциялык эс-тутуму (память) өтө начарлады.

Мамлекеттик чечимдерди, токтом, буйрук, тескеме, мыйзам, эң ириде Конституцияны ишке ашыруучу бирден бир күч – бул мамлекеттик институттар, мамлекеттик аппарат.

Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү боюнча 193 өлкөдөн 135 орунга түштүк (Армения – 90, Казакстан – 85, Грузия – 47 орунда). Ал эми чиновниктердин саны 2000-жылы 38 миң болсо, азыр 60 миңге жетти. Мамлекет өз элинин алдындагы жоопкерчиликти сапаттуу аткаруусу мамлекеттик кызматкерлердин иш жөндөмүнө, билимине, тажрыйбасына байланыштуу. Начар башкаруу суверенитет принциптерине катуу кедергисин тийгизет. Бийликке ишеним болбогон жерде эч бир реформа ишке ашпайт. Былтыркы пандемия кризиси бизде саламаттык сактоо тармагы өтө алсыз экенин көрсөттү. Азыр дүйнөлүк банктын эсеби менен мамлекеттүүлүктүн эӊ негизги озуйпасы болгон мыйзамдуулукту сактоо боюнча биз кээ бир Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине түшүп калдык (127 өлкөнүн ичинен 90-орунда).

“Конституция” деген сөз өзү “constante” – “туруктуулук” дегенди туюндурат. Конституциянын улам-улам алмашуусу элдин мыйзамдуулукка болгон ишенимин кетирди. МГИМОнун окумуштууларынын иликтөөсү менен биздин республика “мамлекеттүүлүк индекси” боюнча 192 өлкөдөн 191-орунга (бизден артта Чад гана) төмөнгө түшүп калганы өкүнүчтүү. Өтө уят.

Төрт чакырылыштын депутаты катары айтарым, 2000-2005-жылдарга салыштырмалуу азыркы (2015-2021-жылдары) кабыл алынган мыйзамдардын сапаты начар. Сапатсыз мыйзам, жөндөмсүз чиновник, адилетсиз сот менен эч убакытта алдыга жыла албайбыз. Мыйзамды кабыл алуу, так аткаруу жана көзөмөлдөө – мамлекеттин эң негизги озуйпасы. Дагы бир кызыктуу жагдай, бизде районго келгенде көп министрликтин өкүлчүлүктөрү жок. Андан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башкача айтканда, айыл өкмөттөрү уланат.

Өлкөбүздө Бишкектен тартып ар бир айылга чейин өз структурасы бар үч гана күч бар экен: дааватчылар, улакчылар жана уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү. Демек мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жөнгө салуу, мамлекеттик институттардын жоопкерчилигин көбөйтүү жана мамлекеттик кызматкерлерди кайра даярдоо боюнча жаӊы концепция иштеп чыгуу зарыл.

Акыркы 4-5 айда болсо мамлекеттик ишкана, ведомство, агенттик, министрликтерди ирилештирүү болду. Ийкемдүү башкарууну орнотуунун ордуна эми тескерисинче чаржайыт, башаламандык, жоопкерсиздик жаратып жатканы байкалууда. Элдин бийликке болгон ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү.

5-коркунуч: Диний фанатизм. Улуттук иденттүүлүк

Саясий элитабыз ар кайсы топ, кландарга ич ара бөлүнсө, ал эми диний элитабыз да ар кандай агымдардын таасиринде калып жатканы жакшы жышаан эмес. Коом ашкере динге ооп баратканы ачык көрүнүп, кээ бир диний уюмдар чет жактан каржыланса, кээси эл аралык террористтик уюмдар менен байланышта экени жашыруун эмес.

Диний эркиндик жана диний башаламандык эки башка жагдай. Бизде салттуу ханафий мазхабынан башка саясатташкан диний агымдар күч алууда. (КМШда мыйзам менен тыюу салынган айрым диний уюмдар бизде ачык эле таасирин арттырууда). Диний экстремизмге ыңгайлуу шарт түзүлүүдө.

Киши башына мечиттердин саны боюнча Кыргызстан Орто Азияда биринчи орунга чыкты. Өлкөбүздө диний агартуучулуктун (просвещение) ордуна диний фанатизм күчөп (600дөй динчилдер Сирияда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун катарында согушуп келгени айтылууда) диндин саясатка аралышып, саясий радикалдуу күчкө айланып атканы өтө опурталдуу. Былтыр ар бир төрөлгөн он наристенин тогузуна арабча ысым коюлуптур. Айрыкча, пайгамбарыбыздын ысымын алып жүргөндөр көбөйүүдө, андай ысымдардын коюлушуна каршы эмесмин. Бирок бул жагдай биз улуттук өзгөчөлүгүбүздөн алыстап баратканыбыздын далили эмеспи.

20 – 30 жылдан кийин бир өлкөдө эле жашап туруп, төрт-беш түрдүү “арабдашкан кыргыз”, “кытайлашкан кыргыз”, “батышчыл кыргыз”, “орусташкан кыргыз”, “улутчул кыргыз” образдагы ж.б болуп, улуттук иденттүүлүккө коопсуздук жаратары шексиз. Өлкөбүздөгү диний окуу жайлар, медреселерде канчалык сапаттуу жана улуттун кызыкчылыгына ылайыктуу билим берип жаткандыгын айтуу кыйын. Биз, азыр маданияты, салты, руханий дөөлөттөрү жалпы бир кыргыз элибиз. Улут руху менен күчтүү. Биз ириде тарыхы, эне тили бай, руху эбегейсиз, салты нарктуу, эркиндикти туу туткан, салттуу мусулманчылыкты карманган эгемен кыргыз эли экенибизди унутпайлы.

Биз Орто Азияда саны боюнча эң аз калкпыз, ошондуктан ден соолугу чың, билимге каныккан, маданияты жогору, максаты бийик, руху улуу, ар бир кыргыз баласы биз үчүн байлык. Болбосо ар бир күнү жарыя болуп чыккан кылмыш маалыматтары (зордуктоо, ала качуу, ажырашуу, ар бир 3-наристе атасыз төрөлүүдө, СПИД оорусун жуктуруу боюнча дүйнөдө 100-орунга киргенибиз, үй-бүлө институту кыйроого учуроодо, абанын булганышы, мыкаачылык, баңгизат кылмышы, адамды мазактоо, автокырсыктын көптүгү ж.б.) улутубуздун руханий коопсуздугуна каршы урулган сокку эмеспи.

6-коркунуч: Миграция. Демография

Мамлекеттин ээси – эл. Элдин азайышы – мамлекеттүүлүктүн азайышы.
Глобалдык дүйнөдө миграция кадыресе көрүнүш болуп калды. Орто Азия, Кавказ өлкөлөрүнөн эмгек мигранттары Орусияга барып атса, Орусиянын өзүнөн Европа өлкөлөрүнө, Америкага агылып кетип жатат.

Кыргызстанга акчанын үчтөн бири дээрлик мигранттардан келет. Демек, мигранттар – инвестор. Дүйнөдө территориябыз 117 өлкөдөн кенен, суу байлыгы боюнча 110 өлкөдөн алдыда туруп жаштардын бизден агылып кетип жатканы эң чоң көйгөй. Жылына 50-60 миң эмгек мигранттары башка өлкөгө кетип жатат. Жашоосу сырткы мигранттардан көз каранды болгон дүйнөдөгү үчүнчү өлкө болдук (бизден алдыда Тонга менен Гаити гана). Европалык эксперттердин иликтөөсүндө эң жогорку квалификациясы бар ар бир адистин мигрант болуп кетиши өлкөгө 300 миң долларга чейин чыгым алып келет.

Биздей чакан өлкө үчүн жаш, эмгекке жөндөмдүү, репродуктивдүү (укум-тукум улай турган жаштагы) мекендештерибиздин өлкөдөн улам кетип жатканы зээнди кейитет. 10 жыл мурда 400-500 миң болсо, азыр алар 1 миллиондон ашса (алардын ичинен 600 миңге жакыны Орусиянын, 70 миңге чукулу Казакстандын жарандыгын алышкан), жакынкы 5-7 жылда 2 миллионго жетет. Ошондо 7 миллион калк болсок, 2 миллиону тышта жүргөнү жакшы жөрөлгө эмес.

Кетип калган мигранттардын үчүнчү мууну чет чакта төрөлүп, басымдуу көпчүлүгү ал жактын жараны болуп, уул-кызы кыргызчаны чала-бучук билсе, небереси эне тилин билбей калып жатат.

Эң негизги трагедия, алар өз тагдырын келечекте кыргыз өлкөсүнүн тагдыры менен байланыштырбастан, бак-таалайын башка өлкөдөн издеп, анын жарандыгын алып, ал мамлекеттин казынасына салык төлөп, аны байытып жаткандыгында (мигранттардын 80% 35 жашка чейинкилер).
Демек, бизге мигранттарды колдоо боюнча (“Чет жердеги мекендештерди колдоо жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдаган элем) күчтүү, максаттуу программа керек. Маселен, жай айларында Ысык-Көлгө келип же эс алууга шарт түзүп, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча кечки курстарды уюштуруу, өз өлкөсүндө бизнес ачуу үчүн кредиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ар бир шаардагы диаспоралар менен эриш-аркак иштешип, аларды мамлекеттик кызматтарга тартуу ж.б. өлкөбүз социалдык-экономикалык кризистен чыкмайын мигранттардын агымын токтотуу өтө кыйын.

Миграция маселеси бара-бара демография кризисин жаратары шексиз. Эмгек мигранттары кете берип, бизде салык, социалдык төлөмдөрдү төлөгөндөр азайып, пенсионерлер (бизде 690 миң пенсионер бар. Дүйнөдө 3 жумушчуга бир пенсионер туура келсе, социалдык система туруктуу болуп эсептелет. Бизде иштеген 1,1 жумушчуга 1 пенсионер туура келет), эмгекке жараксыздар, жумушсуздук өтө көбөйүп, өндүрүмдүүлүгү аз, ар дайым жардамга гана муктаж республика бойдон кала берерибиз шексиз.

Демографиялык божомол боюнча, 5-7 жылдан кийин бизде калктын өсүүсү стагнация болушу күтүлүүдө.

7-коркунуч: Билимсиздик

Мамлекеттүүлүк – бул акыл-эс, интеллектуалдык категория.
1906-жылы Санкт-Петербург шаарында жарык көргөн журналда "кыргыз эли толук орто билимдүү болуш үчүн дагы 400 жыл керек" деп жазылган экен.

Бирок, Совет бийлигинин алгачкы 15-20 жылында эле элибиз кат-сабатын жоюп, дээрлик көпчүлүгү билимдүү болуп чыга келди. 1970-1980-жылдары болсо М. Адышев, И. Ахунбаев, М. Иманалиев, А. Алтымышев сыяктуу дүйнөлүк илимге салым кошкон кыргыз окумуштуулары пайда болду. 1993-жылы ЮНЕСКО дүйнөдө киши башына китеп окуу боюнча иликтөө жүргүзүп Кыргыз Республикасы 192 өлкөдөн 26-орунда турарын жазып чыккан. Биз ошондой зирек, илим-билимге умтулган элбиз. Илгери китеп окуган адамды “молдоке” деп ардактап, китепти үйдө нандан бийик коюуга ата-энелерибиз үйрөтүп, 10-классты бүткөн ар бир уул-кыз жогорку окуу жайга өтүүгө умтулган.

Бүгүн болсо, билим берүү өтө кейиштүү абалга келди. Биринчиден, бала бакчага 18% гана бөбөктөр бара алат, окууга барбаган мектеп жашындагылар 5-8% жетти (айрым иликтөөлөр боюнча 60-80 миңге чукул), ал эми мектепте билим алгандар дээрлик жарымынан көбү дүйнөлүк орточо талаптарга жооп бере албайт. Маселен, 4-класстын окуучулары 41% гана “жүз жыйырма жети миң үч жүз кырк” дегенди цифра менен жаза алат экен, ал эми кесиптик техникалык окуу жайларда 75-80% сабакка келишпейт, жогорку окуу жайды бүткөндөрдүн 75-80% өз кесиби менен иштебейт, 91% татыктуу кесиптик билим ала албайт.

ЖОЖду бүткөндөрдүн 5-10% гана өз адистигин мыкты билет экен (билим берүү индекси боюнча Грузия – 26, Беларус – 32, Казакстан – 35, биз болсо 70-орунга түшүп калдык).

БААУ (АУЦА) жана Кыргыз-Түрк Манас университетин айтпаганда, жогорку окуу жайларыбыз дүйнөлүк атаандаштыктан артта калды. Ал эми тышта дүйнөлүк ЖОЖдордо окуган улан-кыздарыбыз саналуу гана. Кедей, колунда жок балдар үчүн бюджеттик орундар кыскарып отуруп, эң төмөнкү деңгээлге жетти. Жеке менчик жана мамлекеттик ЖОЖдор негизинен диплом берип, коммерциялык гана кызмат көрсөткөн ишканага айланып бара жаткандыгы жашыруун эмес. Кыргызстандын негизги байлыгы – жаратылышы жана интеллектуалдык байлыгы. Бир сөз менен айтканда, билим берүү системасы түп-тамырынан бери заманбап реформаларга муктаж. Аны убагында жасай албасак, дагы 30-40 жыл доордон артта калабыз.

Кеп соңунда

Сиздер менен болгон ой-толгоомду, албетте, майрамдык маанайда аяктагым келет. 30 жыл ичинде өйдө-төмөн окуялар болду. Бир канча ирет кырсыкка кабылдык. Дүйнөгө дүң салган (Манас – 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Көчмөндөр оюндары ж.б.) окуялар өттү. Эң негизгиси мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала алдык. (Украина, Армениядагыдай окуялардан кудай сактасын). Биз, кыргыз эли Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы, Эне-Сай жазмаларын жараткан, Ай-Күн жыл санагын ойлоп чыгарган, улуу Кыргыз каганатын курган, түрк элдеринин ичинен тили, маданияты эң бай, “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматов сыяктуу (акыркы миң жылда жалпы мусулман элдеринен Ч.Айтматовдун жаралышы өзүнчө зор феномен) шедеврлерди жараткан түпкүлүктүү, нарктуу элбиз.

Бүгүнкү айтылган коркунучтарды жеңүүгө толук кудуретибиз жетет. Ал үчүн, үч жагдай өтө маанилүү.

Биринчиден, жалпы улуттук консолидация. Экинчиден, мамлекеттүлүктү бекемдөөнүн жаңы концепциясы. Үчүнчүдөн, сот жана экономика багытында чыныгы реформа.

Биз, Улуу Жибек жолунда нукура билимге, руханий дөөлөттөргө, санарип технологияга (акыркы жылдары IT индустриянын миң эсе өсүүсү күтүлүүдө, азыркы күндө дүйнө муктаж болгон 5 кесиптин баары IT менен байланыштуу), чыныгы атаандаштыкка, асыл наркка, мыйзамдуулукка жана демократияга таянган, руханий жактан өнүккөн, адамгерчиликтүү Кыргыз мамлекетин курууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Сөзүмдүн соңунда Кыргыз Республикасынын 30 жылдык мааракесине карата төмөндөгүдөй үч сунуш менен кайрылам.

Биринчиден, саясий куугунтук менен жүргөндөрдү толук актоо;
Экинчиден, түрмөдө отургандардын жок дегенде үчтөн бирин бошотуу үчүн мунапыс берүү (мыйзам долбоору даяр).
Үчүнчүдөн, 31-августка карата бүт саясий күчтөрдү консолидацияга чакырган “30 жылдыкка манифест” (үндөө) документин кабыл алуу.
Биз эгемендүүлүккө татыктуу болуу үчүн зор сыноодон өтүп жатабыз.
Эл-журтубузга жакшылык тилейли. Эгемендигибиз түбөлүктүү болсун.

Каныбек Иманалиев,
Жогорку Кеңешинин депутаты,
саясат таануу илимдеринин доктору

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG