Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Мүргүгөн күлүк


Салбурун фестивалы. Кыргызстан.

Сардарбек Рыскулов саяпкерлик, мүнүшкөрлүк өнөрдүн кызыктарын, көөнө замандагы көчмөн турмуштун окуяларын кемелине келтирип сүрөттөчү. Бул ирет жазуучунун “Мырза тору” аңгемеси жайында кеп кылуунун удулу келип турат.

Саяпкерлик

Көчмөн турмуштун көркүн ачып, бир түс жашоого көрк берген каадалуу оюн-зооктор, салтанат-шаңдар, той-аштар болот.

Андайда балбандар менен өнөр жарышы башталат. Мыктынын мыктысы катаал таймаштарда аныкталат. Опсуз чоң байге сайылган күлүк чабышта жалгыз бир уруунун эмес, жаамы журттун, элдин намысы алдыга чыгат. Ошон үчүн мыкты саяпкерлер күздө чабылчу күлүгүн жаздан тарта таптоого киришет.

Сардарбек Рыскуловдун “Мырза тору” аңгемеси көөнө турмуштагы уруулук намыс менен эрегишти алдыга жайган көчмөндөрдүн катаал жашоосун чагылдырган чыгарма.

Аңгемеде Шамбет деген саяпкердин жашоо-турмушу сүрөттөлгөн. Күлүк чабуу кайсы бир инсандын же айылдын эмес, белгилүү уруунун, элдин намысына айланган, ортого намыс туруп калганда адам менен жаныбардын өмүрү түккө арзыбаган нерсе болуп калары “Мырза тору” аңгемесинде жаап-жашырылбай ачык баяндалган.

Уруулар ортосундагы эрегиш, намыс коомдук турмуштун бар тарабын каптап, бекем чырмап алганы чагылдырылган. Аңгемеде баяндалган окуялардын чок ортосунда саяпкердин иш-аракети, максат-мүдөөсү турат.

Бу саяпкер деген адам акылынын тереңдиги менен бийиктигин даңаза кылган өнөрдү табият баарына эле ыроолой бербейт. Ага каргадай бала кезинен жылкыга жакын өскөн, ойлогон ою менен жасаган иш-аракетинин баары Камбар ата тукумун таанып-билүүгө арналган, күлүк менен жашоо тирүүлүктөгү түгөнбөс кумарына айланган пенде гана жете алат. Шамбеттин да ышкысы кичине кезинен башталып, жүрө-жүрө ал жашоо-турмушунун маңызын түзгөн арзуусуна айланып, ансыз бу жарыкчылыктагы жасаган-эткендеринин баары маани-мазмунга ээ болбой калган. Аны билгендер саяпкерлик таятасынан небересине оогонбу деп ойлошот. Чынында эле ошондой болчу. Шамбеттин таятасы Бектен кыргыздын азамат уулдарынын бири Жайнак Саадаевдин чоң атасы эле.

Жайнак Саадаев кыргыз жерине совет бийлигинин орношуна каруусун казык кылып иштеген саясий ишмер катары тарыхта калды. 1938-жылкы репрессияда атылып кеткен кайрандардын бири болчу. Чоң атасы даңазасы жаамы журтка тараган чоң саяпкер эле, өмүрү Токмоктун үстүндөгү Шамшынын өндүрүндө өткөн.

Анын өнөрүн билгендер Бектен Толубайдан кийинки мыкты саяпкер дешчү экен. Ошол өмүрүн саяпкерликке арнаган Бектен жетимиштен ашканда көзү көрбөй, карайлап отуруп калат. Саяпкер үчүн мындан ашкан азап жоктур.

Үч күлүк

Тагдырдын башка салганы ушул деп ал киши отуруп калбай, алтымыштан өткөндө көргөн жалгыз уулу Саадайы кичинелигин ойлоп, эки карындашынын уулдарына билген өнөрүн үйрөтүүгө киришет.

Жээндеринин бири айтылуу саяпкер Шергазы, экинчиси ушул Шамбет болчу. Өнөр оошот, акыл жугушат деген ошол. Керек учурда анын кереги тиет экен.

Бектендин көзү көрбөй үйүнөн чыга албай калган учурда казактарда чоң байге сайылган аш болору кабарланат. Канаатташ калктын андай жаңылыгы кыргызга да жетет. Ортого намыс ташталып, кыргыздар үч күлүктү байгеге кошору айкын болот. Уруу башчылары кеңешип-таңашып отурушуп күлүктөрдү Бектен саяпкердин сынынан өткөрүүнү чечишет. Эки көзү көрбөй калган саяпкердин акылы бизден артык, дешет.

Көпчүлүк билермандардын көзү азиз саяпкерге токтолуп жатышынын себеп-жөнү кыргызда андан артык, андан мыкты саяпкердин жоктугуна байланыштуу эле. Бектен күлүктөрдү сындан өткөрүүгө макул болот, бул иште көзгө караганда көкүрөк маанилүү го.

“Бектен өзү жаткан үйдүн туурдугун жабыкка чейин түрдүрүп керегелерин жылаңачтатат, анан күлүк аттардын улам бирин үйдү айландыра жетелетет. Өзү жаткан үйдүн ичинде керегелердин баштарын кармап, тыштагы жетеленген аттар менен кошо ээрчип үйдүн ичинде баса берет. Ар бир аттын кезеги өткөндөн кийин “Бул аттын өңү кандай?” деп сурап калат Бектен саяпкер. Карыганда кишинин кулагы да каңырыштап калат эмеспи. Жетелегенде катуу үн чыгарып жооп беришет.

-Тору.

-Бул аттыкычы?

-Кара.

-Булчу?

-Күрөң. – Акырында Бектен саяпкер. – Тиги тору менен кара атты жөн койгула. Мына бу кийинки жетеленип өткөн күрөң атты алып баргыла, силерге ушул ат намыс алып берет,- дейт. Мыктылар Бектендин акылына көнбөй үч атты тең алып барып, ошол чоң ашка чабылган күлүктөргө кошуп жиберет. Тору ат менен кара ат байгеге жетпей орто жерде жинигип өлөт. Күрөң ат алда кайда алыс чыгып келет.”

Шамбет саяпкердин таятасы ушундай көрөгөч киши экен.

Мырза тору

Анын өнөр сырына каныккан жээни бир жылы жазында Токмок базарына келип минип турган атын сатып, ордуна арык тору байталды сатып алат. Жолдоштору аны урушат, ушундай да болобу, жакшы атын сатып тыртайган арык байталды сатып алат деген эмне?! Нааразы болгон жолдошторун Шамбет токтотот, арык байталдын мүчөсү мыктылыгын, күзгө чейин семирип алса сонун жылкы болорун айтат. Чоң атасы Төрөкелди “жаңынды берсең бээге бер” деп, мыкты күлүк мыкты бээден тууларын небересинин кулагына куюп кеткен экен.

Шамбеттин айтканы келип, ошол тору бээден туулган кулун кийин мыкты күлүк чыгып, кунанынан тарта чабылып, алдына бир да жылкы салбайт. Күлүктүн арты менен жарды Баатыркан уулу байыды. Алды миңге, арты беш жүздөн кой күтүштү. Ошонун баары тору аттын байгесинен уланган мал-жандык эле. Күлүк ат -көчмөндөрдүн сыймыгы, ишенген жаныбары. Бети-башын, көкүрөгүн жайпаган калың сакал Шамбеттин тору атты минип турганын көргөн көпчүлүк: “үстүндөгү жигит мырза эмес, аты мырза экен” дешип, ошондон күлүктүн аты Мырза тору аталып калат.

Мырза торунун даңкы чыгып турган чагында Шамбеттин Токтосун деген тууганы жакын агасына аш бермекчи болуп байгесине коондой семиз жүз торпок, жумурткадай аппак тогуз боз үй саймакчы болот. Аш даярдыгын баштаган жыйында ал туугандарына: “Башка жактын күлүгү чыгып келсе айла жок, Мырза торуга ишенип турам, Мырза тору чыгып келсе жүз торпогумду алып, боз үйлөрдү мага калтыргыла”, - дейт.

Ашта баш-аягы жүздөй күлүк чабылат. Шамбет бир уруу ишеним арткан күлүгүн сүрөп келиш үчүн орто жолдон келе турган аттарды күтөт. Айткандай эле күлүгү алдыда келе жаткан экен. Шамбет Мырза торунун үстүндөгү Белекке сууну “кече чап” деп айтам деп “жандай чап” деп, жакшы келаткан күлүктү жолдон калтырат.

“Белек жайыктан шашпай кечип алып, өлөр-тирилерине карабай күлүктөрдүн артынан Мырза торунун оозун коё берди. Аттардын аягына топурак белдин чаң уюлгуган түзүнө жетти. Ошол чаңы асманга созулган түздө катар-катары, топ-тобу менен далай аттарды артка таштады Мырза тору. Ак-Жардан өтүп, Түндүктүн коосуна жеткенде аттар суюла туштү. Алдыда анда-санда гана үч-төрт ат болбосо, алыс узап бараткан аттар көрүнбөйт. Кум-Дөбөдөн өтө бергенде ал аттар да бириндеп артта кала берди. Ошондо да Мырза торунун мойнунан чым этип тер чыкпады. Ашынган саяпкер аттын боюна тамчы тер да калтырган эмес экен. Көрсө күлүк ат табына келгенде ымшып да койбойт тура. Туяктан ыргыган чаңдары ар кай жерден бурт-бурт этип асманга көтөрүлөт. Ошого болбой жер түтпөй ичип-жеп баратат. Канча күлүктү басып өткөнүн Белек билген жок. Эл карааны көрүнүп, Кочкор-Атадан ылдыйкы желе дөбөлөр жакындады. Мурда эле барып элге аралашып калбаса, алдында ат жок экенин Белек ошондо билди. Мырза тору артынан кууп, ызы-чуу түшкөн топко жеткирбей ээликкен бойдон марадан өтүп барып токтоду”.

Мырза торунун күлүктүгүнө ошондо Шамбет өзү да таң калып, кечүүдөн кармалып кечигип чыкканына карабай алдыга чыкканына ишенип-ишенбей жүрдү.

Баатай аралы

Мырза торуга байланыштуу дагы бир окуя 1875-жылы Нарында Ботокандын Соң-Көлдөгү ашында болуп өттү. Алдына ат салбаган Мырза тору “бата чабыш”, “кемеге жарышта” алдыга чыкпай, артта калып, ага нааразы болгон Шамбет үйүнө кетмекчи болуп жолго чыгып алган жеринен Шергазы саяпкерге учурап атпайбы.

Шергазы анын жөн-жайын сураса Шамбет Мырза тору артта калып жатканын, ошондон чоң байгеге катышпай эле кете бермекчи болгонун айтат. Шергазы “атың жатып калган экен”, “бул ат сени кетирбейт” деп жолун улайт. Жолдон Шамбет артка кайтып, күлүгүн суутууга өтөт.

“Аттар эртеси күнү чабыла турган болду. Мырза тору менен Шамбетти топ арасынан Шергазы алыстан көрдү да, жолдошторуна карап кобурады: “Карагыла, тигил тыт сакал кайра келиптир, атында эки айып бар, билсе чыгарат, билбесе калтырат”. Кандай айып экенин жолдошторунун бирөө да сураган жок. Шергазы да айткан жок.

Саяпкерлер күлүктөрүн кечки суутууга даярдап жатканда Шамбет Мырза торудан түшкө чейин бир тер алды. Дал түштө көл жээгиндеги жашаңга тойгузуп, жумшак кумга оонатты. Шергазы муну да байкап турду. Кечинде эл катары кайра суутуп жөнөдү.

-Тапты, - деди Шамбеттин аракетин байкап турган Шергазы жолдошторуна. – Мырза торуда эки тер бар болчу. Кайран тыт сакал. Кыйын экен. Атын оңуна салып кетти.”

А бирок ал ирет Мырза тору Соң-Көлдүн Баатай аралында ылаалап турган опсуз көп жылкынын байгесине жете абай калды. Алдыда келаткан күлүктөрдү кайсы бир кара ниеттер орто жолдон койдуруп, баш байге төртүнчү болуп келген Ботокандын өзүнүн күлүгүнө тийди. “Күүгүм талаш ошол жазда бычылган Ботокандын өзүнүн кандуу бут көк быштысы марага биринчи болуп келди. Аны “жолдон койдуруп жыккан жан” болбоптур.

Байгени калтырыштын кыйды амалын ойлоп тапкан Ботокандын байбичеси болчу. “Баатай аралга биздин элдин жылкыларын толтура камагыла. Мейли миң, мейли эки миң болсун: Баш байге – аралдагы жылкы бүт дегиле, менин түшүмө аян берди. Чочулабагыла, өзүбүздүн ат чыгат, байге өзүбүздө калат” дейт карамүртөз кемпир. Алдыда келаткан үч күлүктү койдуруп, канабайрамды баштап ийүү ошонун натыйжасы болчу.

“Жаназардын тору атын утурлап тоскон Мырзабек болуш топтошкон жигиттери менен аттын өлүгүнүн үстүнөн чыкты. Тору аттын ооз омурткасы омкорулуп, жүлүнү үзүлүп кетиптир. Ат чапкан бала да жерге катуу тийген экен: “Койдурду” деген сөздү тиштенип жатып күч менен араң бөлүп-бөлүп айтты. Аңгыча болбой Муратаалынын боз чаарынын жыгылганы угулду. Аны да бирөө койдуруптур.”

Караниеттикти ким жасаганы белгисиз бойдон кала берди. Бул өзү ошол кездеги көчмөндүк доордун катаал окуялардын бири болчу.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG