Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Кожомкул балбандын касиети


Каба уулу Кожомкулдун спорт ордосунун алдындагы айкели, Бишкек

Шакин (Шарыпкул) Эсенгулов Жумгал элдик театрын түптөөчүлөрдүн бири, таланттуу жазуучу, кош өнөрдү эриш-аркак ала жүргөн талант эле. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун “Кожомкулдун канжыгасы” деген баянына токтолгону турабыз.

Кожомкул Каба уулун укпаган, билбеген кыргыз аз эле болсо керек. Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамырдын Жоожүрөк деген жеринде туулуп, 1955-жылы каза болгон. Замандаштарынын ырасташынча, анын боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, салмагы 170 кило, 52-размердеги өтүк кийген. Суусамырдагы көтөргөн ташынын оордугу 635 килограмм. Дүйнөнүн даңазалуу балбандарынын катарында турчу легендарлуу инсандын өнөрү учурунда бааланбай, ага чындап көңүл бурчу же бир мыкты азамат жок, кайталангыс инсанды алдыга сүрөчү саясий система болгон эмес. Күнүмдүк турмуш, кол-жолду байлаган кызмат иштери менен жүрүп, айтылуу балбандын потенциалы ачылбай кала берген.

Социализм заманы үчүн Кожомкулдун дүйнөдө сейрек кездешчү балбандык өнөрү эмес, жогортон келген буйрукту айныксыз аткарып турчу айылдык актив маанилүү болчу. Ошондуктан анын кыйла жылдары коомдук иштер менен мамыр-жумур болуп, ири спорттук мелдеш-таймаштардан оолак өткөн. Ким билет, убакыт-сааты чыгып ири спорттук мелдештерге катышып калганда айтылуу балбандын артында дүйнө калкынын эси-көөнүнөн кеткис ири жетишкендиктери калары бышык эле. Жалаң совет эли эмес, жаамы дүйнөнүн сыймыгына айланчу мүмкүнчүлүгү бар эле. Өкүнүчкө, Кожомкул алп тууралуу совет жергесинде деле жарытылуу маалымат болбоду.

Эл арасында анын чаалыккан атын Төө-Ашуудан көтөрүп өтүп кеткени, жол боюнда жатчу зылдай оор ташты ордунан жылдырып кыйлага көтөрүп барып таштаганы сындуу келки-келки, үзүм-үзүм аңыз кептер гана калды. Илим менен техника кадыресе жайылып калган коомдо жашаса да ал тууралуу аудио, видео материалдар тартылбай, табият берешендик менен жаратып койгон легендарлуу инсандын ичте уюп жаткан алп күчүн жалпыга жарыя кылуунун аракети жасалбаптыр деле. Мындай адамдын барк-баасын же замандаштары, же бийлик башында отургандар билермандар билбей калышканын айтпайсызбы. Катардагы бир адам, айылдык актив, тоо арасындагы жоош-момун пенделердин бири катары карап, маани берилген эмес.

Шакин (Шарыпкул) Эсенгуловдун аңгемеси айтылуу балбандын жаш кезиндеги жашоо-турмушунун бир үзүмүнө арналган. 2003-жылы жазуучунун “Кожомкул” деген романы чыккан. Ага чейин ага арналган поэма жаралган. Иши кылып, айта берсе, козгой берсе Кожомкул алп тууралуу арман кеп узакка созулуп кетчүдөй.

Аңгемеде кызыктуу окуя, Суусамыр болушу Түркмөнгө нааразы болгон Кожомкулдун ашуу ашып коңшу өрөөндөгү белгилүү бир жыйынга, Рыскулбектин тоюна барган эпизод сүрөттөлгөн. Рыскулбек кадимки Керимбай болуштун, Токтогулдун хрестоматиялык чыгармасына кирген белгилүү беш бир туугандын атасы. Ошол Рыскулбек чоң той берип, кыргыздын түштүк-түндүгүнөн, бул жагы канатташ казактын Меркесинен оголе көп меймандар келет.

Суусамырдын болушу Түркмөн да ошол тойго чакырылып кеткенин угуп Кожомкул балбан жакшы көргөн инисин отун жыйнап жүргөн жеринен тойго барып келүүгө макулдатат. Мингичи да жок, Суусамырдын чыгышындагы Тунуктан өрөөндүн экинчи башына жөө жөнөшмөй болушат. Рыскулбектин тоюнда Кожомкул күрөшкө чыгууну чечет, Түркмөн болуш ишенген Дуңган балбанга каршы чыкканга кайыл. Кожомкулдун балбандык касиети ачылган ошол Кетмен-Төбөдөгү окуяны токсонду серпип калган Кадыр деген аксакал айтып берет. Ал кишинин жаш кези, эч нерседен камы жок дарыянын боюндагы токойдон отун алып жаткан кези экен.

Кожомкулдун маанайы жок, отун алып жаткан жолдошуна ишин таштап алыска жолго чыгууну сунуштайт. Сөз төркүнүнөн Түркмөн болуш ыза кылганын, ага кошулбай Рыскулбектин тоюна ошонун көзүнө көрүнмөккө алыстыгына карабай Ала-Белди ашып, кетментөбөлүктөрдө өтүп аткан тойго барып, күчүн сынагысы келип калган экен. “Керек болсо, жанагы Дуңган баатырдын колун толгоп жулуп алам” деп ээлигип алыптыр. Көзү жайнап калган балбандын көпчүлүк алдындагы өнөрүн көрүшкө куштар жаш жигит отунун таштап ошол эле жерден алыскы жолго чыкты. Кеттик дешти да отунга деп алып чыккан арканды алып жөө эле чыгышты.

Суусамырдын болуп-толуп турган убагы, суунун өйүз-бүйүзүнө боз үйлөр тигилип, мал батпай, бетеге белден буралып турган кези. Улуу шашкеде Тунуктан чыгып бир үйгө кирип наар сызбай ээликкен экөө Өтмөктөн өтүштү. Күн ордуна отурайын дегенде Ала-Белге жете бербей дөбөдөгү жалгыз боз үйгө киришти. Үй ээси меймандарга “кымыз куй” деди эле кийими жүдөө немелерди жактырбаган жаш аялы чоң жыгач кесеге кымыз куюп Кожомкулга узатты. Кожомкул удаасы менен алты кесени бошотуп, жетинчисин алдына коюп отуруп калды. Жанындагы жолдошу эки кеседен ашык иче албай отуруп калганын көргөн үй ээсинин кабагы жазылып, конок камын көрүүгө киришти. Үй ээси төрт ирет үйлөнүп, ушу кезге чейин перзент көрбөй келатканын айтып, меймандарды жакшы тосту. Эртеси экөөнө эки ат мингизип сый менен узатты. Рыскулбек манаптын айылына келишкен эки жаш жигитти кадырлап тосуп алышты, Кожомкулдун сунушу менен түз манаптын алдына барышты. Чакырылбай келип, анан да дөбөдө отурган “жакшыларга” тайманбай учурушкан эки томаякты жактырышпаса да тойго келген мейман деп сыйлашып, унчукпай калышты. Рыскулбек Кожомкулдун тойго кызмат кылганы келгенин угуп, кызматың үчүн тетиги кулунду кармап ал деди.

“Экөөбүз тузга имерилип турган жылкылардын жанына бардык. Жээрде кулун бейкапар энесинин жанында турат. Эгерим нокто салынбаган кулун экен. Жалы тикчийип, соорусу көмкөргөн казандай толуптур. Бул эми карматпай айланы кетирер бекен деп чочулайм. Болуштар тамашага баткысы келгендей, бизди карап турушат. Мен антип-минтип оюмдун аягына чыга электе, Кожомкул ыргып барып кулунду эки арткы буттан алды. Жылкылар жапырт үркүп, кулун чыңырып жиберди. Азоосуна салып секиргиси келди эле ошол замат жерге күп жыгылды. Кожомкул аны бурай кармап, көпөлөктөй колтуктап, көтөрүп жөнөдү. Мен чуркап жетип, аркан менен ноктолоп жибердим.

-Болуптур,- деди Рыскулбек. – Байлап алгыла. – Анан жигитине буйруду. – Буларды өзүнчө киргизгиле. Мен анан барам...

Манаптын айтканы эки болмокпу, Суусамырдан келген экөөнү байбиченин үйүнө киргизишти. Ал киши азоо тайды кантип жетелеп кетишмек эле, а көрөкчө бир байтал берейин, укурук салбай кармап ал, дейт. Кетментөбөлүктөрдүн сыноосуна ичи чыкпаган балбан эки жыл туу калган улоо бээни жоошутуп артынан ээрчий басып кичине жоошуй калганда Кожомкул “анын куйругунан бурдай кармап силкигенде, кара бээ очурулуп отура калып кишенеп жиберди”. Мына күч, жанындагысы байкуш бээнин бели үзүлдүбү деп ойлоду.

“Кожомкул учуп жетип, эки кулагын толгой кармаганда азанаган азоо кайрадан асманга атырылды. Укмушуң кур, кулагына асылган Кожомкул кадимкидей өйдө көтөрүлдү. Аңгыча бээ чыңырып жиберип жерге тумшугу менен сайылды. Мен чуркап барып ноктолоп жибердим. Кожомкулдун колдору карышып калса керек, бээнин кулак түбүнөн кан шырылдап ага баштаганда араң коё берди. Көрсө, териси сыйрылып кетиптир.”

Той төртүнчү күнү башталды. Аркалыктар менен анжияндыктар, меркелик казактар батпайт. Кожомкулга Рыскулбек күрөшкө кийчү кийимин тиктирип, мелдешке даярдайт. Казактан келген Дөө балбан менен кыргыздан чыккан Кожомкул күрөшкө чыгарын тору атчан ырчы жар салып өттү. Дөө балбан тери шымчан, мойну күржүйгөн, эткээл, жашы отуздарга барып калган, чачын тасырайта кырдырып койгон жигит экен. Кожомкул ага караганда арык, бою узун, аягы ичке, көөдөнү кенен экен. Эки балбан учурашканы колун сунганда Дөө балбан Кожомкулдун колун коё бербей, Кожомкул күч менен билегин сууруп алганда, оң билеги кызыл-ала кан болуп, териси сыйрылып кеткен экен. Колун кысып коё бергенге жини келдиби, же ыңгайы келип калганбы, айтор “Кожокем Дөө балбанды сыга кучактап, жамбашка алып калган экен. Казак жанталашып буттарын артка сунду. Бели сынып кетчүдөй чүлүк болуп турат. Аңгыча Кожомкул далыга салып тап-так көтөрдү да, тегеретип келип жерге урду...”

Намыска жараган балбанды дуулдаган эл көтөрүп кетишти. Жолдошу келип байлап кеткен жылкыларын карашса минип келген аттары турат, бээ менен кулун жок. Аңгыча Кожомкул да келип экөө жолго чыгышты. Кожомкул алган байгени кыргыздын болуштары бөлүшө албай, Түркмөн менин балбаным десе, Рыскулбек кыргыздын балбаны деп талашып, дүйнө дегенде баарын унуткандардын жоругуна нааразы болгон Кожомкул баарын таштап баса берген экен. Бирок Рыскулбектин арттан жөнөткөн жигити келип, экөө кайра артка тартышып той ээсинин сыйга берген жээрде кашка атын минип жолго чыгышты. Рыскулбек “кыйналсаң кайрылып кел” деди. Кожомкул унчукпай жолго түшүп, ал күнү Ала-Белдеги Төлөгөндүн үйүнө конок болуп, эртеси жөнөрдө тойго баратканда мингизген көк быштыны алдына тартып, чепкен жаап дос болушту. Казак досу Кожомкулга өтүнүч кылды:

“ – Жаш болсоң дагы достошолу. Жолугушуп турабыз.

- Пейилиңе ыркмат, Төлөгөн,- деди Кожомкул. – Сага көрсөтөр сыйым мойнумда.

- Андай дебе? Мага эч нерсе карыз эмессиң... Айып көрбөсөң бир нерсени сурайын, берип кет? – деди Төлөгөн.

- Сенден аяр эч нерсем жок, алгын...

- Мага бир канжыгаңды таштап кет? Достугубуз үчүн?..

-Ушул дагы сөзбү, - деди Кожомкул күлүп. – Керек болсо экөөнү тең ал.

Кожомкулдун оң канжыгасын шарт кесип алды. Менин жүрөгүм кысыла түштү. Биз жүрүп кеттик.”

Арадан бир жыл өткөндөн кийин ошол кара сакал казак уулдуу болуп, тоюна Кожомкулду чакырганы издеп келгенин, анын жабдыгынан кесип алган канжыганы уулунун бешигине бел боо кылып байлап койгонун айтып сүйүндү. Кожомкулдун баланын тоюна барган-барбаганын сурабапмын, дейт Кадыр аке. Кожомкул балбан менен чогуу жүрүп үзөңгүлөш болгон улуу адамдан дагы кыйла кеп-сөздү укмакчы болушкан. Бирок ошол жайлоодогу аңгемеден аз өтпөй Кадыр акенин мүрт кеткенин угуп “Кожомкулдун экинчи канжыгасын кимдир бирөө кара ниеттик менен кесип салгандай бөксөрдү” дейт баяндоочу.

Кожомкул кылымда жаралчу алп болчу. Жараткан ага ченебей кара күчтү гана бербестен, балбандыгынан кем калбаган оголе көп асыл сапаттарды аянбай берип таштаган экен. Балбандын айкөлдүгүн, боорукердигин, жөнөкөйлүгүн, жашыктыгын, адамгерчилигин, кечиримдүүлүгүн, тереңдигин, сырга бекемдигин, анан да марттыгын айтып отурса өзүнчө улуу сөз. Кыязы, табият улуу инсанга мыкты адамдык сапаттарды аянбай берип, бирок ал жашап өткөн заманга келгенде кыйла сараңдык кылып койгон экен. Мурда колониялык доордо оор жашоого туш келсе, кийинки социалисттик заманда деле көңүлдөгүдөй турмушка жете албай, баарынан да башында кедейлердин гана таламын талашчу өкмөт элдин баарын бай-кедейге бөлүп, аялдабай калк арасынан чыккан азаматтардын көбүнүн көзүн тазалап, кыйласын “эл душманы” кылып, репрессия апаатын күчөтүп ийбедиби.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG