Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Куйручук: “Бакалардан жардам сурагыча..."


Эркалы Өскөналиевдин "Кудай сүйгөн Куйручук" романы.

Жазуучу Эркалы Өскөналиевдин “Кудай сүйгөн Куйручук” романы жакында жарык көрдү. Куйручук - куудул, олуя катары калк эсинде калып калган улуу талант.

Анын айтканы, жасаган-эткендери тууралуу аныгы менен апыртмасы аралаш кеп-сөздөрдүн аягы ушу азыр деле үзүлө элек. Бул жагынан ага теңдеш келчү тарыхый инсан дээрлик жок десек да болот.

“Кара жаак, кайкы тил чечен”

Куйручук социализм заманында куудул катары белгилүү болчу. Анын бай-манаптарды, "социалдык жат элемент" деген калк өкүлдөрүн шылдың кылган, катаал сындын чогуна кактаган азил-тамашалары көп айтылчу. Айрым кыргыз жазуучулары куудулдун эл оозунда сакталып калган окуяларын, кызыктуу жоруктарын жарыя кылып, аны эзүүчү таптын элдешкис душманы катары сыпатташчу. А бирок ошол тамаша кеп, куйкум сөздүн артында акын десе акын, ойчул десе ойчул, алысты көрө билген даанышман, олуялыгы бар улуу таланттын образы ачылбай калып кеткен экен.

Мына ушул кенемтени Эркалы Өскөналиевдин романы кайсы бир деңгээлде толуктайт, улуу инсандын заман менен доорлорго баш ийбей, унутулбай келаткан терең сырын чечмелеп берет. Жарык дүйнөгө келгенден тартып башына түшкөн оор турмуш, кыйла жыл баса албай, итий болуп бешикте жатып калышы, кийин анын эсесин чыгарып тирикарак баланын чукугандай сөз тапкан зиректиги, адамдык ариет, ар-намыс жагына келгенде тартынбаган акын, чечен болушу, ошол учурдагы социалдык жашоо-турмуштан өрүлүп чыгышы романда ынанымдуу көрсөтүлгөн. Жетишпеген турмуш, коомдук өнүгүүдөн артта калган элдин өкүлү өз учурунун, өз доорунун жарчысы, жашоо-турмуштун таамай сыпаттаган таланты болуп чыга келет. Анын үстүнө Куйручук – Кудайберди Өмүрзак уулу табият берешендик менен ыроологон улуу шыбагасын карапайым калкка, көпчүлүккө арнап, өзүн алардын көркөм өкүлү катары сезген. Ырчылык өнөргө убакты-саатын толук арнабаса да, учуру келгенде таанымал ырчы-акындар менен айтышып, аларды курч тилине, аския тамашаларына салып, көпчүлүк алдында сөзгө сындырган.

Чукугандай сөз таап, болгон акыл дараметин чечендикке оодарып, анын аркасында калк арасында бийик кадыр-барк күткөн улуу инсандын олуялыгы тууралуу эл арасында түрдүү-түмөн аңыз кептер арбын айтылат. Мунун бардыгы Куйручукка таандык өзгөчө касиет-сапатка байланышкан. Өз заманынын эн белгисин алып жүргөн улуу инсан тууралуу замандаштары суктануу менен кеп кылышкан.

Куйручукка айтылуу акын, тамсилчи, манасчы Тоголок Молдо мындай баа берген экен: “Куйручук кара жаак, кайкы тил чечен эле. Ал куюлуштуруп сүйлөсө жаңылбаган, кандай шартка кабылса да башын төмөн салып багынбаган, оттой жалындаган адам эле. Сөзү кылычтай курч, тили тикенектүү болчу. Сөзүнүн күчтүүлүгү жана сөз тапкычтыгы боюнча, кыргыз элинде Куйручукка акын-чечен жеткен эмес!”

Кыргыздын дагы бир улуу таланты Шаршендин сыпаттамасы: “Өзү укмуштай ырчы экен, көзү ачык олуя, көрөгөч сынчы экен. Бет алганда, артына кайтпаган, бир да киши алдынан кыя баспаган адам экен. Куйручук – өтө сөзгө бай чечен, беттешкендер Куйручуктун сөзүнө куйкаланышкан экен, эчен! Сыр билгилигине даба жок, жок нерсеге күйпөлөктөгөн санаа жок, адамдын сырын көзүнөн билген, айтуучу сөзү белен, кара жаак, кайкы тил, көкжал киши экен, Куйручук!”

Сөз берметин иргеп, өмүрүн ой менен көркөм сүрөт тартууга арнаган айтылуу калемгер Түгөлбай Сыдыкбеков улуу инсан тууралуу минтип жазган: “Байыртадан бери алпка, жоокерге күч берген куудулдук күлкүнү Көкөтөйлөр, Куйручуктар улады. Куйручук күлкүсү тек, элдир-селдир кеп, сереңдеген кыймылы менен кишини кытыгылабады. Ал өз мезгилиндеги коомду, терс жоруктарды сын кароолуна алды. Куйручук күлкү өнөрү аркылуу бей-бечаралардын, алсыздардын мун-зарын бөлүштү. Кара жемсөө аткаминерлердин, алдамчы сүткорлордун, чала молдо дин бузарлардын, акынсынып, ыр касиетин качыргандардын, куудулсунуп айыл арасында ит кубалагандардын чекесине тийген ок болушту, акылман Көкөтөйлөр, асыл Куйручуктар!”.

Көп кырдуу улуу инсандын оргуп чыккан талантынын бир өңүрү - куудулдугу гана айтылып, калганы идеологиялык калыпка сыйбай, ошондон Куйручук куудул катары гана сыпатталып, бай-манаптарга каршы чыккан адам катары гана айтылган. Эркалы Өскөналиевдин маалыматы боюнча, Куйручук акын учурунда Токтогул, Эшмамбет, Курман, Карамырза, Жолой, Корголдор менен беттешип, айтыш чебери, чукугандай сөз тапкан төкмө экенин калк алдында далилдеген. Учурундагы кара жаак ырчылар Найманбай менен Калмырзаны сөзгө жыгып, айтышта мөрөйү үстөм чыккан. Замандаштары анын “Манас” айтканын, бул улуу өнөрдү ал жыйырма бир жашынан баштаганын, манасчылыкты өмүрү өткөнчө токтотпогонун эскеришет. Жалаң кара сөз, ырчылык менен эле чектелбей, кара күч менен ыкчылдыкты талап кылган Куйручук эр эңишке, күрөшкө, найза сайышка түшкөн.

“Куйручук кулакка тартылсын! Токтом жазылды, мөөр басылды”

Эки доордо жашап, заман оорчулугун жон териси менен сезип, бирок кандай учур болсо да калыстыктан тайбай, өзүнүн бийиктиги менен улуулугун төмөн түшүрбөй жүргөн улуу талант советтик кездеги “эл душманы”, “кулакка тартуу” өнөктүгүнө азыноолак илинип калган экен. Бул иш 1932-жылы болгон. А кездеги Жумгал менен Кочкор райондору кошулган Сталин районундагы Багышан айылында чоң жыйын өтөт. Ошол жерде Куйручукту кулакка тартуу маселеси көтөрүлөт.

“Кыйкымчыл кызыл өкмөтчүлөр баканооздордун сөзүнө муюшту. Ошо баканооздор “Куйручук Медет датканын тукуму! Бай-манаптар менен чогуу жүргөн, ошолор менен үзөңгүлөш, табакташ болгон, ынак болгон. Ал Шабдан баатырдын таякеси, Көкүмбай манап баякеси!” дешип күпүлдөштү. Ушинтип, чоң жыйында жазыксыз адамга жалаа жабылды, айып тагылды: “Куйручук Өмүрзаков кулакка тартылсын!” деген токтом жазылды, мөөр басылды”.

Болгон жаңылык ошол эле күнү кечинде Куйручукка жеткирилет. Туугандары үйүнө топурап келишип, жаңылыкка түшүнбөгөн аксакалга “кулак” деген эмне, ага тартылган киши эмне болорун түшүндүрүп айтып беришет. Жаш кезинен тың чыгып, чынында эле бай-манаптар менен табакташ, тизгиндеш, алардын алдында айтчусун тартынбай ачыкка чыгарчу тайманбас талант минтип кедейлер заманында “кулак” деген тикенектей заар сөзгө чын эле түшүнбөйт. Эл оозуна алынган таланттардын баары ошо “жат элементтер” менен насиптеш, урушканда урушуп, табышканда табышып чогуу жүргөн адамдары болгону жалганбы? Кезинде жетимдиктин азабын тартып, кийин ат жалын тартып мингени өнөрүнүн аркасы менен өлбөгүдөй оокат-ашка жеткен, бийлик тарабынан аза бойду тик тургузчу айыпка тартыла элек Куйручукту таң калтырганы "манаптын тукуму, бай-манаптардын тизгиндеши болгон" деп улуу инсандан айып табышы чындап эле таң калтырат. Ошон үчүн аны жанына жуутпай, өзүн байга да, кедейге да теңебей, бирок жаңы заман менен кошо келген олчойгон айыптан кутулуунун амал-аргасын издей баштайт.

“- Мен кулак эмесмин, кулак болбойм! Ооба, Медет датканын насилимин! Бирок, бай-манап болгон жокмун!” дегенди кайталап, жаңылыкты айтып келгендер менен көпкө талашып отурат. “Жайыт толо жылкым жок! Короо толо кой-эчким жок! Минип жүргөн жалгыз атым бар! Үч-төрт катыным жок!” – деп жалаң “жокторун” санап отуруп алат. Чогулгандар ага болмокпу, “кулак” деген коркунучтуу экенин, андайга туш келгендер камаларын, жеринен айдаларын эскертип, ошо Жумгал менен Кочкордун сталинчил чоңдоруна барып, эмитен этият болушун айтышат.

“Бакалардан жардам сурагыча, сазга чөгүп өлгөнүм жакшы! Кочкордун чоңдору өздөрү мага кол салып атышса, ошо бокмурундарга барамбы? Ошолорго жалдырамак белем? Мен Бишкекке барам! Баялы Исакейүпкө жолугам!” деп айтылуу куудул жолго чыгып башкалаага келип Баялы Исакеевдин иштеген жерине эмес, жашаган үйүн издеп таап “Баялы!” деп эшигинин алдында бакырып турду. Эшик алдындагы чоочун кишинин бакырыгына “үйдөн узун бойлуу арык чырай бирөө чыкты. Бул киши Баялы Исакеевдин өзү эле. Куйручук Баялыны тааныды. Баялы да Куйручукту тааныды. Өкмөт башчы жылмайып басып келип, атактуу адамга кол сунду.

- Ассалому-алейкум, Куке!

- Мен кулакмын! Этият бол, айланайын, Баялы! Жакындаба мага, кулактыгым жугуп калат сага!- деди Куйручук, үрккөн аттай кетенчиктеп.

Баялы Исакеев күлүмсүрөп, Куйручукту колтуктады:

- Сиз кулак эмессиз! Куке жүрүңүз, үйгө кирип сүйлөшөлү!

Кулакка тартылып, түрмөгө камалып, сүргүнгө айдалмакчы болгон киши Кыргызстан өкмөт башчысынын сый коногуна айланды. Куйручук менен Баялы узакка сүйлөшүп отурушту. Жарыктык Ай жарык суйкайып, терезеден шыкаалаганда гана эки киши жатууга кам урушту.

Жарык дүйнөнүн жарык таңы атты. Куйручук менен Баялы жанаша басып, кобурашып, Өкмөт Үйүнө баратышты. Атактуу адам өкмөт башчынын кеңсаларында отурду. Баялы Исакеев өз колу коюлуп, өкмөт мөөрү басылган актоо кагазын Куйручукка сунду. Актоо кагазында берегидей жазуулар бар эле: “Куйручук Өмүрзаков бай-манап болгон эмес! Бул адам кулакка тартылууга жатпайт!”

О, эстүү журт, арстандарды алыштырбагыла!

Ошентип ортодон жулунуп чыга калган советтик айыптан кутулган. Куйручуктун олуялыгы, киши дилиндеги оюн өңүн карап туруп эле билип коёр сезгичтиги романда бир топ окуялар аркылуу көрсөтүлөт. Бирок да анын нукура тунук эс-акылы, көрөгөчтүгү Кожомкул менен Бөлтүрүк балбанды күрөштүрүү учурунда чындап көрүнгөн экен. Ал кездеги эл бийлеринин акылыбы же мөрөй издеген шумпайлардын тапканыбы, иши кылып, Кочкордо кыргыздын эки балбанын күрөштүрүү демилгеси башталып калат. Кабарды кеч угуп жыйылган жерге эки балбан күрөшкө чыккан жерге жете келген акылман опуртал оюнду токтотот.

“О, эл-журт! Кагылайын калк! Бул опурталдуу тамашаны токтотолу! – деди Куйручук, төгөрөгүн айланта тиктеп. – Эки арстан алышса, экөө тең кансырайт! Эки бүркүт тебишсе, экөө тең көктөн кулайт! Эки көкжал кабышса, бирин бири чайнап салат! Азыр мынабу дөө балбандарды күрөштүрсөк, бүгүн экөөнүн бирөө өлөт! Аман калганы буту-колу сынып, бели мертинип, айыкпас майып болот! Кимиси аман калса да, тирүү болуп элде жок, өлүү болуп көрдө жок, макулук болуп калат! Кыргыз эли эки теңдешсиз балбандан ажырайт! Ушундай тамашанын эмне кереги бар, эл-журт?!”.

Элдин күбүр-шыбыры токтолуп, эл арасы дымый түштү. Куйручук эми Кожомкул менен Бөлтүрүккө кайрылды: “Элге тамаша керек! А силерге жан керек, балбандар! Күрөшпөгүлө! Токтогула!”.

Куйручукка каяша кайрыган жан киши болгон жок. Бир саамга жымжырттык өкүм сүрдү. Эмеле бирин-бири камандардай качырууга, кара жерге жапырууга даяр турган балбандар жоошундап калышты.”

Олуя Куйручук чогулган эл алдында балбандарды сыноонун башка түрүн ойлоп табат. Эки балбанга жем баштыгынан алып чыккан орус таканы сындырууну сунуш кылат. Эки балбан тең таканы сындырат. Андан соң жаш баланын балтырындай болгон эки боо кызыл талды балбандарга берип, ушуну мыжыгып суу тамчылатууну тапшырат. Эки балбан тапшырманы аткаргандан кийин байланып турган чоң жээрдени көтөрүп элүү кадам басуу сунушталат. Каруу-күчү тең эки балбан байгеге сайылган жыйырма атты тең бөлүп, опурталдуу тамаша Куйручуктун акылы менен тынч аяктайт.

Романда улуу инсандын өмүр жолунун урунттуу учурлары толугу менен камтылган, төрөлгөндөн жарыкчылыкты таштап кеткенге чейинки узун жана мазмундуу өмүр жолу кенен-кесир сыпатталган. Аң-сезимдүү өмүрүн таң-тамаша, азил-аския, күлкү менен өткөргөн даанышмандын көп кырдуу таланты өз заманында ачылып, көпчүлүк тарабынан бааланып, тирүү кезинде эле анын сөздөрү менен жүрүм-туруму аңыз кепке айланып, калк кадырлаган залкарлардын катарынан орун алган. Ошол эле учурда социализм заманында улуу инсандын кайталангыс таланты так баасын албай, катардагы куудул катарында гана аты аталып, чыгармачылыгынын башка өңүттөрү атайылап эле баам сыртында калтырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Азаттык подкаст

XS
SM
MD
LG