Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Репрессия Кожомкул балбанды да кодулаган


Бишкек. Кожомкулдун эстелиги.

Сталиндик репрессия эч кимди аяган эмес. Бай-кедейине, жаш-карысына, эмгегине, эл арасындагы кадыр-баркына карабай далай адамдар катаал жазага тартылган.

Андай апаатка кыргызга аттын кашкасындай таанымал Кожомкул балбан да туш келген. Бир жылга жакын «инкүүнүн» абагында сурак берип, оор азапты башынан өткөргөн.

Кожомкул жамы журтка белгилүү балбан, Суусамыр өрөөнүндө совет бийлигинин орун-очок алышына чоң эмгек сиңирген жетекчи, күндөлүк турмушта калыстыкты, адамгерчиликти бийик койгон адам болгон.

Төрөлгөн жери Суусамыр өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Жоожүрөк деген жайлоо. Анын кайсы жылы жарыкка келгени так эмес, расмий документтерде 1888-жыл, башка бир маалыматта 1889-жыл деп белгиленип жүрөт. Каза болгон жылы 1955-жылдын 4-октябры. Жүрөк оорусунан кайтыш болгон.

Анын боюнун узундугу изилдөөчүлөр арасында талаш чакырбайт, баарында 2 метр 38 сантиметр. Салмагына келгенде бирөөндө 216 кило, башка бир маалыматтарга 163 килограмм экени айтылат. Бут кийиминин өлчөмү 52 – 53. Айтылуу балбандын бабалары алдуу-күчтүү, атасы Каба, чоң атасы Кошуке баары тең балбан болушкан, апасы Алмадай да каруу-күчтүү, кезинде эркек кийимин кийинип эр сайышка түшүп жүргөн. Кабадан эки уул Кожомкул менен Мокотай калган.

Ал эми Кожомкулдун өзүнүн төрт уулу, бир кызы болгон. Алымбек, Тургунбек деген балдары тестиер кезинде эле каза болуп, Мухтар менен Амантайы эр жеткен. Алардан калган укум-тукум ушу кезде бабасынын атын өчүрбөй, улуу инсандын урматына спорттук мелдештерди өткөрүп келатат.

Кожомкул алгачкы оор сыноого каргадай бала кезинде туш келген. Жергиликтүү байдын малын багып өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн чагында айылды каптаган кара тумоо тестиер эки бир тууганды жыгат. Жугуштуу оорудан өлүү менен тирүүнүн ортосунда жаткан эки жетимди аталаш туугандары эски журтка таштап көчүп кете беришет.

Жазуучу Шарыпкул Эсенгуловдун 2003-жылы чыккан «Кожомкул» деген романында эки жетимди Отунчу деген мергенчи табып киши таап алып элдик медицианын жардамы менен айыктырып алганы кенен сүрөттөлгөн. Ал киши жертөлөгө оттон улуу жагып, адырашман түтөтүп аластап, «кайнаган сууга көкөмеренден бир аз салып, сүттөн кылаңкыр катыктап» экөөнө эки кол кашык ичирет.

«Суудан көп-көп ичип бат-бат заара кылгыла. Эртең үйдү аябай жылытып экөөңдү көкөмеренге киринтем. Дагы бир дары чөбүм бар эле, аны мен издеп табайын» деп өлүм оозунда жаткан эки сагырды сактап, момундай акыл айтат: «Курсакты ачырбай, жылуу кийинип, сергек жүрсө, адамдын денеси чың болуп, тумоого моюн бебейт. Оору да карышкырга окшоп, алсыз денеге жабышып калат эмеспи. Баарынан да күмөн санаган коркунучтуу», дейт.

Боорукер адамдын аракети менен Кожомкул кырк күн суу ичип айыгып кеткен экен.

Айтылуу балбандын өмүрү Суусамыр өрөөнүндө өткөн, ал жердеги саясий, тарыхый окуяларга активдүү катышкан, эки заман тушундагы өзгөрүүлөргө күбө болгон. Совет бийлиги келгенге чейин эле ал кыргыз-казакка таанылып, эңиш-күрөштөргө катышып, такай атаандашын жеңип жүргөн.

Калк арасында Кожомкулдун балбандыгы тууралуу толгон-токой аңыз кептер айтылат. Суусамырга ашып баратып Төө-Ашууда чарчап жүрө албай калган атын көтөрүп өтүп кеткени, Аксуу элинин болушу Мурзакматтын жайлоого бараткан көчү жолду бөгөгөн чоң таштан өтө албай эки күн туруп калганда келип калып жолду бошоткону, үйдөй ташты жолдон тээ ылдый кулатканда өтүгүнүн таманы түшүп калганы, топ жигиттер ордунан жылдыра албаган ташты көтөрүп барып жерге кагып таштаганы, сазга тыгылып калган өгүздү, төөнү сүйрөп чыкканы... Мындай окуялар Кожомкул тууралуу баяндарда толтура. Анын атасы Каба баатыр уулуна кичине кезде балбандык өнөрдү кармап туруш үчүн маал-маалы менен машыгып туруунун зарылдыгын айтып кеткен экен. Андай машыгуулар Кожомкул балбанда көп болгон.

Өз заманындагы белгилүү балбан каруу-күчкө толуп, даңазасы алыска тараган чакта Суусамыр өрөөнүнө совет бийлиги келип отурбайбы. Ага чейинки кыргыз тарыхындагы эң чоң апааттан - 1916-жылкы Үркүндөн суусамырлыктарды ошол кездеги эл бийлөөчүлөрдүн акылгөйлүгү сактап калган. Совет бийлигинин кезиндеги оор жылдарда болсо көп адамдарды Кожомкул балбан сактап калган. Замандаштарынын айтымында, ал ар бир ишти эл менен кеңешип, элдин кызыкчылыгына ылайыктап чечүүнү көздөчү. Эл да аны өзгөчө кадырлап, урматтагандыктан өмүр бою жетекчилик кызматтарга шайлап келген. Кандайынан келгенде да, совет бийлигинин мына ушул кышы узун, жайы кыска, шарты катаал өрөөндө орун-очок алышынын карама-каршылыктуу тарыхы Кожомкул Каба уулунун өмүр жолу менен бекем чырмалышып кетет.

Алгач кедейлер комитети, кийинчерээк айылдык кеңештер, жер, байлардын мал-мүлкүн бөлүштүрүү, колхоз чарбасына көчүү сыяктуу социалисттик өзгөрүүлөр бул жерде кыйла жай, анан да карчылдашкан кагылыш-тиреши жок тынч өткөн. Антишке Кожомкул балбандын айкөлдүгү, утурумдук саясий кызыкчылыктарга берилип, «бөрк ал десе баш алууга» барбаганы, жанындагы ишенимдүү адамдары менен кеңешип иштегени, кимдир-бирөөлөрдү куугунтуктап, кастык кылбаганы, баарына тегиз, калыс караганы анын калк алдындагы кадырын көтөргөн. Баарынан да ал кишинин өлүү дүйнөгө жулунбаган ток пейилдиги, ансыз да оңоло албай келаткан чарбаны жеп-ичпей, эл алдындагы жоопкерчилигин сезип жубардай таза иштегени башкаларга үлгү болууга татыктуу. Өзү сабатсыз болуп, ошол кенемтесин толтуруш үчүн Кызыл-Ойдо мектеп ачып, элдин камын көрүп убакты-саатына карабай иш үстүндө жүрүшү айтылуу балбандын бийик адамгерчилигин, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коёрун айгинелеп туру го.

Ошентип иш деп жүргөн чагында Кожомкул Каба уулунун башына иш түшүп, «Социал-туран партиясынын мүчөсү, эл душманы» деп камакка алышкан. Бул эми 1938-жылкы окуя. Айтылуу балбандын «коммунисттик торго» түшүп калганын уккан эл акыны Аалы Токомбаев минтип жазган:

Азыркынын Манасы,

Кожомкул да келди дейт.

Парашынан түбүнөн

Барктап орун берди дейт.

Кайран эрдин өмүрүн,

Кандай тагдыр белгилейт.

Кыргыз-казакка белгилүү балбанды кантип боз үйдөн тургузуп айдап кетишкени жазуучу Шарыпкул Эсенгуловдун «Кожомкул» романында момундайча сүрөттөлгөн:

«Төрт милиционер төрт мынтыкты чыкыйына мээлеп, шарактата туткаларын тарткылашты, бешинчи милиционер асманга ок чыгарып жиберди. Мемиреген тынчтык заматта бузулду. Айласы түгөнгөн Кожомкул эки колуна кантип кишен салынганын билбей калды.

- Экинчи бутуңду кий! – деп буйруду милиционер. - Эми каршылык көрсөтсөң, эскертпей туруп атабыз. Жетишет, жолдош Кабаев! Күчүңүзгө чиренбеңиз! Совет өкмөтү сенин күчүңдөн коркпойт!..

Чыкчырылган милиционердин чочулаганы басылып, коркунучтуу душмандын колго түшкөнүнө кубанып, жеңил кийинген Кожомкулду үйдөн алып чыкты да, капкараңгы көөдөй түндө алдына салып айдап жөнөдү».

Кожомкул менен чогуу кармалган 18 кишини Чаектин абагында үч күн кармап, ал жерден машинеге салып, поюзга отургузушуп, акыры Фрунзенин абагына алып келишет. Сурак ушул жерден башталат. «Социал-туран партиясына качан өткөнсүң? Кытайдан келген курал-жаракты кайсы жакка каткансың?» Такай бир суроону берип, ага көңүл тоёр жооп албаган тергөөчүлөр сурактагыларды чарчаганча уруп-сабап, советтин азабына кабылгандар азайып-көбөйүп, абак узакка созулуп кетти. Кара күч кыйын, Кожомкулду тергөөчүлөр башкалардай кылып, жүндөй тытып сабаганга даай алышпады. Бирок да узакка созулган сурактар, түрмөнүн адам чыдагыс жыты, күн куру эмес жанындагылдар менен коштошуп кетип атышкандардын аянычтуу үнү жаны темир адамды деле мүңкүрөтүп коёт го. Бекеринен «абак - абад жай эмес» деп коюшуптурбу. Чаргытып берилген суроолорго бир жооп алуудан тергөөчүлөр тажаштыбы же бейкүнөө адамдарды кырып-жоюудан көңүлү калдыбы, иши кылып, Кожомкул баш болгон Суусамыр менен Жумгалдан келгендердин көбүн бир жылга жакын эзип-кыйнап аягында Нарындын түрмөсүнө которушту, ишти жергиликтүү сотко өткөрүштү.

«Иш-аракетинде кылмыш жок» деген алакандай кагаз баарынын тагдырын чечип, акыры боштондукка чыгышты. Кожомкул аны барктап турчу республика жетекчилеринин бири Абдыкадыр Орозбеков, өзү тааныган бир топ райондук, облустук жетекчилер «эл душманы» деп камакка алынып, атылып кеткенин, совет өлкөсүн кара тумандай каптаган ошол апаатта кыргыздын эң мыкты азаматтарынын өмүрү кыйылганын кийин ишенимдүү деген адамдарынан жашыруун укту. Баарына бирдей айып коюп, атып жок кылышкандан кийин аттарын атоого тыюу салып, эл эсинен биротоло унутта калтырабыз деген азаматтардын аты арадан жарым кылым өткөндөн кийин гана ачыкка чыгарын күтпөй кетти.

Анткен менен анын совет өкмөтүнө таарынычы жок эле. Өзүн баш кылып Суусамыр менен Жумгалдын бир топ башкармаларын камакка алышып, бир жылга жакын ит азапты көрсөтүп кыйнагандары кайсы бир лениндик жолду бурмалаган кара мүртөз кыйдынын кылган иши деп, мурдагысындай эле колхоз ишине берилип иштеп жүрдү. 1941-жылы согуш башталганда райондук аскер комиссарына өзү барып, кан майданга барууну суранды. Жашы өтүп кеткенин айтып урушка албай коюшкан соң кайра эле колхоз ишине аралашып, баштагысындай эле жаңы заманга кара санабай, тапшырылган иштерди так аткарып жүрдү.

Кожомкул балбан жаңы замандын тушунда Кыргызстандан сырт жерлерге чыгып спорттук мелдештерге катышып, кыргыз спортунун намысын көтөрүү тууралуу сунуштарды четке кагып, өмүрү өткөнчө өз айылынан чыкпады. Мурдагы заманда кендирди кескен жокчулук балбандыгын узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирүүгө жолтоо болуп келсе, совет заманында мурдагдай чоң байгелер сайылбай, улуттук маанидеги оюн-зоокторго көңүл бурулбай, экен-токондо жергиликтүү же республикалык маанидеги спорттук иш-чаралар гана өтүп калды. Аларга Кожомкул балбан барбады. Анын үстүнө чарба иштеринен колу бошобой көпчүлүк иш-чараларга катышууга убакты-сааты болбоду. Ошон үчүн эл акыны Байдылда Сарногоев:

Тоодо туулуп, тоо койнунда өсүптүр,

Ашуулардан ат көтөрүп өтүптүр.

Бирок Кокең, бүт дүйнөлүк спортко,

Бир да жолу катышпастан кетиптир, - деп биралдын өкүнүч менен жазып атпайбы.

Андай дүйнөлүк мелдештерде темир көтөрүп күч сынашканды кылымда бир жаралчу кыргыз балбаны жактырчу эмес экен. Күчүң болсо кылым былк эткис тоонун ташын көтөрүп ордунан жылдыр. Туулган жердин таза абасынан кенен дем алып, көк кашка суунун шарын угуп, бийик тоо арасындагы жайылган өрөөндө ат бастырып жүрүштү баарынан жогору койгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG