Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Өктөбүр ыңкылабынын өкүлү


«Ата-Бейит».
«Ата-Бейит».

Турдалы Токбаев социалисттик кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн биринчи катарында болгон.

Борбор менен автономиялык түзүмдүн ортосундагы чарбалык-экономикалык, маданий маселелерди чечүүгө олуттуу салым кошкон. Сталиндик репрессияга кабылып, жазыксыз жерден атылып кеткен.

Түркстан автономиясындагы кызматтар

Турдалы Токбаев 1896-жылы Олуя-Ата үйөзүнүн Талкан болуштугуна караштуу Талды-Булак жайлоосунда төрөлгөн. Азыр ал жайлоо Чорголу айылы, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу аймак. Чалдыбардагы медреседе окуп, кийин Меркедеги орус-тузем мектебин 1914-жылы аяктаган. Орус-тузем мектебин бүткөн соң ал кездеги Верный (азыркы Алматы) шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайын бүтүргөн. Жергиликтүү бийлик аппаратында иштей турган билимге ээ болгон. Анан 1916-жылдын апааты башталган. Кыргыз жерине совет бийлиги 1918-жылы келген. Турдалы Токбаев ошол жылы большевиктер партиясына мүчө болуп, 17 жыл партия мүчөсү болгон. 1935-жылкы партиялык тазалоодо мүчөлүктөн чыгарылып, эки жылдан кийин совет бийлигинин душманы катары атылган.

1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуштун оорук иштерине алыскы Украинанын Житомир облусуна караштуу Луцк үйөзүнө жөнөтүлгөн. Ал жерде мусулман калкынын кат жазгычы-тилмечи болуп иштеген. Аскерлерге окоп казган кара жумушчулар кан майдандагы жоокерлерге жардам көрсөтүшкөн. Бир жылга жакын Украинанын Житомир шаарынын жанында кызмат өтөгөн. Орус аскерлеринин арасында нааразылык күчөп, согуштан качкан-бозгондор көбөйгөн убакта өз жерине келип Жусуп Чанчаров деген манаптын малын багып, дыйканчылык кылган. 1918-жылы августта Олуя-Ата шаарына барып жаңы турмушка баш-оту менен кирген, большевиктер партиясынын катарына өтүп, Революциялык трибуналдын мүчөсү болуп шайланган. Анан аймакта совет бийлигин орнотуш үчүн тергөө комиссиясында иштеген. Жаңы бийликтин атынан чыгып курал алып каршылык көрсөткөндөргө, мал ууруларга, чайкоочулукка, басмачыларга каршы күрөштөргө катышкан.

1917-жылдын 25-октябрында Петербургда бийлик большевиктердин колуна өткөндөн кийин, эки жыл Олуя-Ата үйөздүк тергөө комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген убагы оор эле. Анда совет бийлиги Орто Азия чөлкөмүндө орной алабы-жокпу деген маселе курч коюлган опурталдуу заман. Комиссия мүчөлүгүндө эки жыл иштеп, 1919-жылы Олуя-Ата үйөзүнүн аткаруу комитетинин мүчөсү, ошондой эле Өзгөчө комиссиянын өкүлү болуп дайындалган. Көп өтпөй Олуя-Ата үйөздүк аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, кийинки жылы Өзгөчө комиссиянын төрагасынын орун басары, андан соң Сыр-Дарыя облустук өзгөчө комиссиясынын Чымкен үйөзү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ага улай Түркстан Борбордук аткаруу комитетинин Фергана облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Өкүлчүлүк Түркстан автономиялуу социалисттик республикасынын 1-кыргыз курултайына Кыргызстандын түштүгүнөн келчү делегаттарды шайлоону уюштурууну камсыз кылган. Андан соң бир жылдай Олуя-Ата үйөздүк аткаруу комитетинин башкаруу бөлүмүн жетектеген.

1921-жылы Жети-Суу облусунун Пишпек үйөзүндөгү Башкы саясий башкармалыктын (ГПУ) саясий бюросунун коллегия мүчөсү болуп бекитилген. Аны менен бирге Пишпек үйөзүнүн партиялык тергөө комиссиясын жетектеген, Пишпек үйөздүк саясий бюро жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Бул иштери менен катар Пишпек үйөздүк милициясынын жетекчиси, 1921-жылдын соңунда Пишпек үйөздүк аткаруу комитетинин башкаруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1922-1923-жылдары Пишпек үйөздүк-шаардык аткаруу комитетинин жетекчисинин орун басары, ага улай Жети-Суу облустук прокурорунун жардамчысы, Пишпек үйөзүнүн прокурору болуп иштеген. 1923-жылдын жазынан тартып Олуя-Ата үйөздүк-шаардык аткаруу комитетинин төрагасы, 1924-жылы Түркстан эл комиссарынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.

1924-жылы ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы, андан соң аз убакыт Кара-кыргыз облустук аткаруу комитетинин элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Биринчи кыргыз өкүл

1924-жылдын аягында Турдалы Токбаевди РСФСР Бүткүл союздук борбордук аткаруу комитетине караштуу Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындашкан. Бул иште ал 1926-жылдын ноябрына чейин иштеген. Москвадан келгенден кийин аз убакыт Кыргыз облустук элге билим берүү бөлүмүн башкарган. 1927-жылдын 12-мартында Турдалы Токбаев Кыргыз автоном республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Бул кызматы менен кошо Кыргызстандын жумушчу-дыйкан инспекциясынын эл комиссары болгон.

1930-1932-жылдары Турдалы Токбаевди Москвага Жогорку партиялык мектепке окууга жөнөтүшкөн. Окууну бүтүп келгенден кийин ВКП Кыргыз обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, анан союздук совхоздор эл комиссарлыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 1934-1935-жылдары куугунтукка кабылып, жооптуу кызматтан алынып, Базар-Коргонго МТСтин директорлугуна жиберилген. Ал кызматта деле көп турбай кыргыз обкомунун чечими менен 1935-жылдын 10-январында партиянын катарынан чыгарылып, ишсиз отуруп калган. Кийин аны Тоңго катардагы жумушка жиберишкен.

1936-жылы камакка алынып, оор жазага кириптер болгон. Турдалы Токбаевдин качан атылганы белгисиз. Айрым маалыматтарда ал 1940-жылы түрмөдө катуу оорудан кайтыш болгону айтылса, башка бир кабарга караганда 1936-жылы же 1937-жылы атылып кеткен.

Ошентип кыргыздан чыккан туңгуч саясий ишмерлердин бири, ВКП(б) БКнын Орто-Азия бюросунун мүчөсү, ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюро мүчөсү сталиндик репрессиянын чалгысына илинген.

Түркстан автономиясы

Турдалы Токбаев Кыргызстан өз алдынча союздук республика катарына кошулары күмөн болуп, Түркстан автономиясынын бөлүнүп чыга турган үч республика катарына кирбей, түштүгү Өзбекстандын, түндүгү Казакстандын курамында калышы ыктымал болуп турган кезде жооптуу кызматта иштеген. Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы - большевиктик революциянын демилгечиси Владимир Ульянов-Лениндин идеясы болчу. Ал кезде борбордо отурган партия жетекчилеринин так жазылган улуттук программасы жок эле. Борборун Ташкенге коюп, Орто Азия чөлкөмүн бир жерден башкаруу калк арасында, жергиликтүү интеллигенттердин ортосунда бир топ талаштарды жараткан. Анан өз элинин тагдырын ойлогон саясий кыймылдар, партиялар жайнап чыгышкан. Алардын башында орус колониялык доорунда жер-жерлерде ачылган орус-тузем мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, алгачкы улут интеллигенция өкүлдөрү турушкан. Большевиктик идеяга, жер дыйканга, завод-фабрикалар жумушчуларга, бийлик ушул эки катмардын ортосунан чыккан революциячыл аскерлерге берилишин жактырбагандар толтура болгон. Айрымдары кийинчерээк совет бийлигине каршы колуна курал алып каршылык көрсөтүшкөн.

Орус колониялык бийлигинен калган түзүмдөр Түркстан, Бухара, Хорезм элдик республикалары экономикалык жагынан Орусиянын ичкери аймактарына салыштырмалуу артта калган, ислам дини үстөмдүк кылган чөлкөм эле. Диний радикал, улуттук идеяларды туу туткан кыймылдар менен партияларга кыргыз интеллигенция өкүлдөрү кошулбай четте калган эмес. Өңгөсүн айтпаганда да, кыргыз-казак биримдигин алдыга жайып чыккан «Алаш» партиясынын идеясы жаңылыкка жакын билимдүү жаштарды кызыктырган. Революциялык идеяны жактырган Турдалы Токбаев 28 жашында Түрк Автоном Советтик Социалисттик Республикасынын эл агартуу комиссарынын орун басарынын кызматына жетишкен. Айтса, Абдыкерим Сыдыков менен Жусуп Абдырахмановдун таланты, саясий көрөгөчтүгү ошол кезде эле билинип, алдыга суурулуп чыгышкан.

Совет бийлиги жаңыдан орношо баштаган 1918-жылдан 1924-жылга чейин Кыргызстан Түркстан Автоном Республикасынын курамында болчу. Түркстан Республикасы өз кезегинде РСФСРдин бир бөлүгү, СССР курамындагы түзүм болуп, Ташкенден башкарылган ири республиканын чарбалык-экономикалык топтолгон маселелерин чечип туруу республиканын Москвадагы өкүлчүлүгү аркылуу жүргүзүлчү.

1924-жылдын октябрында Түрк АССРи өзгөртүлүп, жаңы республикалар катарында Кара-кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамында калган кезде Москвада Кыргызстандын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси келип чыккан. Түркстан катарынан чыккан республикалар ортосунда жер бөлүү, административдик-аймактык чегин аныктап алуу, облустун чарбалык-экономикалык жерпайын түзүү, ортолук мамиле-катнашты аныктап алуу сыяктуу ого эле көп суроолору чыккан. Алардын ичинде Кара-кыргыз автоном облусунун чек арасын аныктоо, ошондой эле Ташкенден бөлүнчү ортолук мүлктү тактап алуу, басмачылар менен урушта бүлүнгөн чарбаларды калыбына келтирүү сындуу барып-келип каржы деген катаал маселеге кабылчу чиелешкен проблемалар турган.

Кыргыз өкүлчүлүгүн Москвадан ачуу аракети 1924-жылдын ноябрь-декабрь айларында оңунан чечилип, чоң борбордо облус атынан ким өкүл болуп дайындалары көптөрдү кызыктырган. Облус жетекчилери ишти алып кетчү кадр таба албай, Хорезм соода өкүлчүлүгүн башкарып турган А.А. Другов деген адамды дайындашкан. Иштин көзүн билген ал адам кыска убакыттын ичинде өкүлчүлүктүн уюштуруу маселелерин чечип, бир топ жакшы демилгелерди баштап койгон. Ошол 1924-жылдын аягында 22-декабрда Кыргыз Автоном Облусунун революциялык комитетинин президиуму Турдалы Токбаевди Москвага облус атынан өкүл кылып жөнөтүүнү чечкен. Жаңы өкүл бир топ иштерди жасоого жетишкен кызматташы Друговду өзүнө орун басар кылып алып, чогулуп калган жумуштарды бир четтен аткарууга киришкен. Жасалчу иштердин ичинен негиздүүлөрүнүн бири Кара-кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу облусу деп атоо болчу. Жаңыдан түзүлүп жаткан облустук мекемелерди, жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн каржы маселелерин чечүү милдети турган. Жаңы облус, ага баш ийген аймактарда уюшулуп жаткан түзүмдөр билимдүү кадрларга чукак болуп, адистерди даярдоо милдети келип чыккан.

Кыргызстан өкүлчүлүгүнүн ишинин натыйжасы борбордук аппараттын саясий жана каржылык колдоосуна көз каранды болчу. Турдалы Токбаевдин иш билгилигинин, уюштургучтугунун натыйжасында бир топ иштер аткарылган.

Ал 1924-жылы Кара-кыргыз автоном облусун түзүү иштери башталганда жаңы облустун убактылуу бюросунун мүчөсү болгон. Алты адамдан турган утурумдук бюрого И. Айдарбеков, Б.Муратов, Т. Токбаевдер мүчө болуп киришкен. Кара-кыргыз автоном облусунун биринчи жетекчиси болуп Иманалы Айдарбеков шайланган, бул кызматына чейин ал Жети-Суу облустук аткаруу комитетин жетектеп турган. Кара-кыргыз автоном облусу укуктук негизге ээ болгон кезде жер-жерлерде революциялык комитеттерди, бөлүмдөрдү түзүүчү аттестациялык комиссиянын курамына, Орусия коммунисттик партиясынын РКП(б) Кыргыз партиялык бюросунун мүчөсү болуп шайланган. Бул иштер менен бирге Токбаев билим берүү, калктын сабатсыздыгын жоюу иштерин уюштурууга кызуу катышкан. Орусиянын ичкери шаарларына окууга барчу жаштардын каржылык маселелерин чечип берген. Олуя-Ата облусунан Пишпекке караган аймактын өзүнчө бөлүнүп чыгышына, Талас өрөөнүнүн административдик маселесинин чечилишине олуттуу салым кошкон.

Турдалы Токбаев орусча саясий адабияттардын кыргыз тилине которулушуна да салым кошкон инсан болгон. 1933-жылдан тартып анын асманында кара булут айланып, жакын санаалаштары А.Сыдыков, Ж. Абдырахманов, И. Айдарбековдор камалып, кысым алдында калышкан. Т. Токбаевге «социал-туранчы» деген жалаа жабышып, 1936-жылы камакка алып жок кылышкан. Анын өмүрүнүн соңку жылдары белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG