Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 19:18

27 жашында атылган райатком төрагасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Күлсакун (башка документтерде Гүлсакун) Мергенбаев репрессияга 1938-жылы кабылган. Совет бийлигине кылган кызматынын натыйжасы атылуу менен аяктады.

Ачарчылыкка учкашкан капсалаң

Күлсакун Мергенбаевге «улутчул оппортунист» деген айып коюлган. 1930-жылдары айыпка жыгылган улут интеллигенциясынын текши баарына «буржуазиялык улутчул» деген окшош айып коюлчу. Анын себеби 1932-жылкы Казакстандагы, Украинадагы ачарчылыктан чыккан. Элдин баарын күчтөп колхоздорго киргизип, жээрге тамак-ашы калбаган караламан калкты ачарчылык каптаган. Украинада «голодомор», Казакстанда «ашаршылык» миллиондордун өмүрүн алып, жаңы бийликтин кандай экенин кашкайтып ачып койгон. Совет өкмөтү күч менен тартылып алынган кызыл данды чет өлкөгө сатып, ага өнөр жай жабдууларын алган, жыл санап саны көбөйүп бараткан аскерди кармоого, ири шаарларды азык-түлүк менен камсыз кылууга жумшаган. Ачарчылык бир топ жерлерде нааразылык кыймылдарын жанданткан. Анын баарын күч менен басып, баш көтөргөн улут интеллигенциясын биротоло жок кылуу планы ошондо түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлери «бүлдүргүчтөрдү, революцияны ичтен ириткендерди» табууга киришкен. Кандуу жазалоонун арааны ошентип ачылган. Башында ал партия катарынан чыгаруу, эскертүү берүү, кызматтан алуу менен гана чектелсе, экономикалык абалдын оорлошу менен жаза да катаалдаша баштаган. Ошондон улам мурда партия катарынан чыгарылган, кызматынан алынгандардын иштери кайрадан каралып, сүргүнгө айдоо, жер которуштуруу, узак жылдарга кесүү, соңунда болсо эң жогорку жаза – атууга өкүм кылына баштаган.

ВКП(б)нын XVII съездинен кийин Сталиндин душмандарын, аларга жан тарткандарды, жер-жерлерде колдогондорду жок кылуу күч алган. Унутулуп бараткан Социал-туран партиясын, «алашордочуларды» издеп таба башташкан. Кандуу жазалоонун башталышында, атап айтканда, 1932-жылдан 1934-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын мүчөлөрүнүн саны эки эсе азайган. Мурда коммунисттердин катарында 14 миң адам болсо, эки жылдан кийин алардын саны 6 миңди гана түзүп калган. Бири-бирине айгак чыкмай, «тоголок арыз» жазмай, атаандашын жалган жалаа менен жок кылуу ушул жылдары күчөгөн. Күлсакун Мергенбаев менен жаңы коомду курууга жан аябай иштеп аткан азаматтардын тагдыры калтыс заманда чечилген. Арадан анчалык көп эмес убакыт өтүп-өтпөй жооптуу кызматта иштеген инсандардын текши баарына кылмыш иши козголуп, партиядан чыгарылып, камакка алынып, атылганы атылып, катаал жазадан аман калганы узак мөөнөткө абакка кесилип, кыргыз жеринде дагы бир канабайрам күчөгөн. 1916-жылкы кыргындан жүрөкзаада болуп калган эл кандуу кыргындын себеп-жөнүнө түшүнө албай, айрым бирөөлөрү гана каршылык көрсөтпөсө, калганы акыйкаттан үмүт үзбөй атылып кете берген.

Кедей-дыйкандын баласы

Күлсакун Мергенбаевдин 1937-жылдын 27-сентябрында өз колу менен толтурган таржымакалы:

«Мен, таржымакал жазуучу Мергенбаев Күлсакун, 1911-жылы азыркы Акталаа районунун Жаңы-Талап сельсоветинде кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн туулганмын. Атам менен энем болсо ревалютсийага чейин жана андан кийин кедей-дыйкан болуп келген. 1930-жылдан бери колхозго мүчө. Мен өзүм болсо 1924-жылга чейин ата-энемдин багуусунда болгонмун, 1924-жылдан 1930-жылга чейин дагы ата-энем менен бирге өз чарбамда иштеп жана 1924-жылдан 1928-жылга чейин айыл мектебинде окуганмын. 1930-жылдан июнь айынан 1931-жылдан январь айына чейин Фрунзе шаарында 6 айлык курста окуганмын. Андан 1932-жылдын сентябрь айына чейин ар түрдүү (Совет агартуу жана башка) кызматта иштегенмин. 1932-жылдын сентябрь айынан 1936-жылдын август айына чейин Нарын райондук гезиттин кызматтарында (секретарь, редактор, басмакана башчысы болуп) иштеп келдим. 1936-жылдан август айынан бери Нарын райаткомунун катчысы болуп, 1937-жылдан май айынан бери Фрунзеде Совет курулушунун курсунда окудум. 1932-жылдан бери кандидат партия, 1929-жылдан бери комсомолдо мүчөмүн.

Кыскача таржымакал.

Жазуучу Мергенов

27/IX-37-жыл.»

Кыргызстандагы сталиндик репрессия тарыхын изилдеп келаткан илимпоз Жумагул Байдилдеев 2010-жылы чыгарган «Кайра жанган ысымдар» деген китебинде Күлсакун Мергенбаевдин небереси Кубанычбек Мергенбаевге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен берилген расмий жооптун ксерокөчүрмөсүн жарыялаган. Документ 1992-жылдын 7-августунда жөнөтүлгөн. Ушул жерде ошол расмий каттын кыргызча котормосун толугу менен келтирүүнүн ыгы келип турат. Кубанычбекке УКМКнын жооптуу кызматкери мындай жооп жөнөткөн.

«Сиздин Кыргыз Республикасынын УКМК жөнөткөн катыңызга буларды билдиребиз: Сиздин атаңыз Мергенбаве Гүлсакун 1911-жылы төрөлгөн, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан, кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыккан, Нарын шаарынын Интернациональный көчөсүндөгү № 19-үйдө жашаган. Нарын райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Контрреволюциялык ишке катышкан, Социал-Туран партиясынын мүчөсү болгон деген негизсиз айыптоо менен 1937-жылдын 17-декабрында НКВДнын Нарын РБ тарабынан камакка алынган. 1938-жылдын 25-февралында НКВД «үчилтигинин» чечими менен атууга өкүм кылынган. Өкүм Фрунзе шаарында 1938-жылдын 4-июлунда ишке ашырылган. Кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз.

1955-жылдын 13-октябрында Кыргыз ССР Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча Сот коллегиясынын аныктоосу менен Мергенбаев Гүлсакун кылмыш курамынын жоктугунан акталган. Акталгандыгы тууралуу тастыктаманы Сиз Кыргызстан Республикасынын Жогорку сотуна кайрылып ала аласыз.

Тилекке каршы, Сиздин атаңыздын фотосүрөттөрү, башка документтери архивдеги кылмыш ишинен табылган жок».

Эл эсиндеги инсан

Ак-Талаа районундагы Тарых музейинин жетекчиси Мыктыбек Апиловдун айтымында, Күлсакун Мергенбаев бир топ жыл мугалимдик кесипти аркалаган, Кыргызстандын түштүгүндөгү Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин барып балдарды окуткан.

« - Репрессияга кабылган акталаалыктардын ичинде Мергенбаев Күлсакун да бар. 1911-жылы Куртка айылында төрөлгөн. Мектепти жакшы окуган, коллективдештирүүгө активдүү катышкан. 1928-1929-жылдары Жаңы-Талап айылында билим алган, кат-сабатын ачкан. Ушул жылдары колхозго мүчө болуп кирип, коомдук иштерди аткарган. Ишке мамилеси, зиректиги менен билим алуусун улантып, 1930-1931-жылы Фрунзедеги окуу жайынан окуган. 6 айлык мугалимдик курстан өткөн. 1931-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында мугалим болуп эмгектенген. Ал жерде жакшы иштеп, андан кийин 1932-жылы Нарын районунда элге билим берүү бөлүмүндө инспектор, андан соң Нарын районунун Мазар айылдык кеңешинде катчы болгон. 1932-1934-жылдары Нарын шаарында райондук гезитте катчы, жооптуу редактор болуп, журналисттик кесипти аркалаган. 1935-жылы гезиттин башкы редактору болуп иштеген. 1935-1936-жылдары Нарын шаардык басмаканасынын башчысы. 1936-1937-жылдары Нарын райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы. Анан 1937-жылдын май айынан октябрь айына чейин Фрунзе шаарында Борбордук аткаруу комитетинин алдындагы Совет курулушунун алты айлык курсун аяктаган. Фрунзеден баргандан кийин Нарын райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Күлсакун ата ишке тойбой, мыкты иштеп аткан чагында 1937-жылдын декабрында ак жеринен караланып, Социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен НКВДнын Нарын райондук бөлүмү тарабынан камакка алынган. 1938-жылдын 25-февралында ошол НКВДнын «үчилтиги» тарабынан атуу жазасына кесилген. Өкүм 1938-жылдын 4-июлунда аткарылган. Күлсакун Мергенбаевдин сөөгү кайсы жерге коюлганы дайынсыз. Карыбек деген баласы болгон. Кийин небереси Мергенбаев Кубанычбек УКМКга кайрылып, чоң атасынын дарек-дайынын сураган. 1992-жылдын 7-августунда сот тарабынан кылмыш иши жоктугунан акталган кагазын алган», - дейт Мыктыбек Апилов.

Күлсакун Мергенбаев жаңы бийликке колунан келишинче ак дилинен кызмат кылган, кайсы жакка жумушка жөнөтсө ошол жерге барып иштеп, балдарды окутуп, алыскы тоо арасында гезит чыгарып, басмаканасын жөндөп, ара-чолодо кыска мөөнөт курстардан окуп, заман менен тең өскөн. 27 жашында системанын курмандыгы болгон.

Коммунисттик бийликтин өз адамдарына жасаган катаал мамилеси, ойго келбес опуртал репрессияны баштап, өлкөнү канга бастырып салышынын себеп-жөнү тууралуу эркин заманда толгон-токой божомол-жоромолдор, изилдөөлөр, эмгектер чыкты. Анын баары биригип келип Сталинге байланып, бирок ушу кезге чейин мына ушул тарыхый жагдай так баасын ала албай келатат. Негизи репрессия социализмди башынан аягына чейин коштоп келди. II дүйнөлүк уруштун тушунда да ал токтогон, согуштан кийин кандуу жазалоо кайра күчөгөн. 1953-жылы мартта Сталин өлүп калбаса кандуу жазалоонун кезектеги айлампасы дагы көп адамдардын өмүрүн алмак. Сталин каза болгондон кийин 1937-1938-жылдары өзгөчө күчөп кеткен «кызыл кыргындын» башкы күнөөкөрү ким экени азыноолак айтыла баштаган. А бирок канабайрамды күчөтүп, колу канга малынып калгандардын көбү жазаланбай, кылган кылмыштары үчүн жооп бербей кетти. Күлсакун Мергенбаев да Сталин өлгөндөн эки жылдан кийин акталды, иш-аракетинде кылмыш жоктугу ырасталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG