Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:52

Абакта айыкпас дартка кабылган


Иллюстрациялык сүрөт.

Майрайым Мотушева - совет бийлиги менен жашташ тарыхый инсан, 1917-жылы төрөлгөн.

1938-жылкы азапка туш келип, айыптуу деп табылып эки жылга камалган. Ал жерден айыкпас дартка кабылып, эркиндикке чыккандан кийин айылында каза болгон.

Музейдеги төртөө

Ак-Талаа районунда тарых музейи уюштурулган. Анда сталиндик репрессияда жок кылынган инсандар тууралуу да маалыматтар топтолгон. Cовет бийлиги үчүн каруусун казык кылып жан аябай эмгектенип, анан 30-жылдардын азабына туш келген кайрандар Нуркул Кулназаров, Гулсакун Мергенбаев, Мааданбек Барашов, Майрайым Мотушеванын өмүр баяны, элине сиңирген эмгеги эскерилип турат.

Майрайым Мотушева Октябрь революциясы менен жашташ, жаңы бийликтин тушунда билим алып, зээндүүлүгү, уюштуруучулук жөндөмү, билимге ынтызардыгы аркылуу көптүн арасынан суурулуп чыккан. А бирок зирек инсандын жооптуу кызматтарга көтөрүлүшү канчалык тез болсо, «эл душманы» деп айыпталып, жок кылынышы ошончолук ыкчам жүргөн. Мотушевага ошол кездеги «улутчул, буржуазиячыл, социал-туранчы» деген көнүмүш айыптар коюлган. Андай катаал жазага тартуу тууралуу көрсөтмөгө ылайык миңдеген адамдар камакка алынып, жок кылынган.

Репрессия курмандыктарын изилдеп, буга чейин аты аталбай келген кыргыздын алгачкы муун интеллигенциясынын кайгылуу өмүр жолун жалпыга жарыялап жүргөн илимпоз Жумагул Байдилдеевдин айтымында, Майрайым Мотушева иш билги уюштургучтугунун аркасы менен коомдук иштерге эртерээк аралашкан. Анын республиканын саясий документтер архивинде сакталып калган партияга талапкер катары өтчү мүнөздөмөсүндө мындай маалыматтар камтылган:

«Мотушева Майрайым 1917-жылы туулган.

Улуту кыргыз. Айылдык мектептин үчүнчү классын бүткөн. Ата-теги дыйкан (колхозчу) өз турмушу да дыйкан.

1934-жылдан комсомолдун мүчөсү, комсомол активи, жаза алган эмес. 1932-жылдан 1936-жылга чейин колхозчу жана колхоз бригадири. 1936-жылдын октябрь айынан бери райондук жана айылдык кеңеш кызматтарында иштейт. Кызматын дайыма кынтыксыз аткарып, эч жаза алган эмес. Партиянын устав программалары менен тааныш. Аялдардын арасынан чыккан активистка.

Жолдош Мотушева Майрайымдын кепилдери жана документтери толук, партияга өтүүгө даяр болгондуктан эки жылдык стаж менен партияга мүчөлүккө талапкерликке алынсын».

Жаңы турмуштун жандуу агымына туш келип, тоо арасындагы саясий-экономикалык, маданий иштерге кызуу катышып, катарлаштарынын арасынан суурулуп чыгышынын өзү эле анын кимдигин, кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат.

Түрмөдөгү эки жыл

Совет бийлиги жаңыдан орун-очок ала баштаган кезде билимдүү адамдын табылышы кыйын эле. Кийинчерээк кыска мөөнөт окуу курстарынан окуп сабаты ачылгандар, партиялык мүнөздөмөдө белгиленгендей, чылгый кедей-кембагалдардын арасынан чыккан инсандар болчу. Сталиндик репрессия күчөгөн маалда айыпка жыгылып жаткан инсандардын социалдык тегине деле көңүл бурулбай калган. Кандай да болсо «эл душманын» таап, билимдүүлөрдүн текши баарын буржуазиялык улутчул деген тикенек айыпка жыгып, ага кошумча «Социал-туран партиясынын мүчөсү же жактоочусу» деп соттой беришкен. Анан да, темир торго түшкөндөрдүн көбүн эң оор жазага тартышкан, суроо-сопкуту жок атып салышкан, калганын узак мөөнөт сүргүнгө айдашкан же абакка отургузушкан. Баарынан өкүнүчтүүсү, бул иш пландуу жүргүзүлгөн, коопсуздук кызматкерлери арасында ашынган душмандарды табуу боюнча «социалисттик жарыш» башталган. Майрайым Мотушева репрессия чалгысы күчөп, адам өмүрү түккө турбай калган кездин курмандыгы болгон.

Майрайым Мотушеванын ата-энеси кандай адамдар болгону белгисиз. Тек социализм заманындагы калыптанып калган салт боюнча «колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн» деп жазылып калган. 1917-жылы кыргыз жеринде колхозчу, коллективдүү чарба түшүнүгү жок эле. Айылдан чыккан алгачкы активист айым 1917-жылы Ак-Талаа өрөөнүндө төрөлгөн. Болжол менен отузунчу жылдардын башында үч класстык билим алууга жетишкен. Бул учур ээн-жайкын жашаган калктын сабатын ачып, баарын бир жерге чогултуп отурукташтыруу күчөгөн кез болчу. 1932-жылы жаңы чарбанын ишине катышып, комсомолдук иштерге тартылганынан улам Майрайым Мотушева беш көкүл кезинен коомдук иштерге аралашканын баамдоого болот. Кийин ал комсомол мүчөлүгүнө өткөн. Комсомолдук активдүү кызды бригадирликке көтөрүшкөн. Иши кылып, Чолок-Кайың айылындагы жаңы иштердин бир тобуна тирикарак кыз катышып, эл оозуна илинген окшобойбу.

Чарба ишиндеги активдүүлүгүн көрсөткөн комсомолка көп өтпөй райондук аткаруу комитетине катчы болуп калган. Нарын облустук архивинде Майрайым Мотушеванын жазган баяндамалары, айылдык кеңеш башчыларына жиберген каттары, буйруктары, колу коюлган жыйналыш кагаздары сакталып турат. Иш кагаздарынын баарында «Райондук аткаруу комитетинин катчысы М. Мотушева» деген колу турат.

Райаткомдун катчысы болуп иштеген тирикарак кызды көп өтпөй Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылына айылдык кеңештин төрагасы кылып шайлашкан. 1938-жылы ВКП(б)нын катарына өткөн. Партияга талапкер кезинде толтурулган мүнөздөмөсү жогоруда эскерилди. Аттиң, тирикарак кыздын ийгиликтүү башталган кызмат тепкичи дал ушул жерге келгенде чон тоскоолго кабылып, 1938-жылдын күзүндө камакка алынган.

Бир жыл илгерирээк же жарым жыл мурдараак түрмөгө салынса Майрайым Мотушеванын тагдыры мындан да кайгылуу болор беле? Себеби ал кезде кандуу жазалоонун катаал башчысы НКВДнын жетекчиси Ежов, анын Кыргызстандагы жасоолу Лоцмановдор кызматтан алынып, атып-асуунун эпкини бир аз солгундай түшкөн эле. Майрайым Мотушева абакта эки жылдай жаткан. 23 жаштагы коммунист кыз сталиндик абактан оорулуу бойдон, айыкпас дартка кабылып боштондукка чыккан. Алышкан оорунун азабынан оңоло албаган Майрайым айылына келгенден кийин каза болгон.

Ак-Талаадагы тарых музейинин жетекчиси Мыктыбек Апилов Майрайым Мотушева жаңы бийликке чын дилден кызмат кылганын, ишмердик сапаты аркылуу жаш кезинде жооптуу кызматтарга көтөрүлгөнүн белгиледи:

- Мындайча айтканда, Ак-Талаанын Уркуясы да. Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында туулган. Жаштайынан чыйрак өсүп, ата-энесине жардам берип, мектепти жакшы бүткөн. Анан 1932-жылдан тартып чарбанын ар түрдүү жумуштарына катышып, демилгелүүлүгүн көрсөткөн, комсомолдук иштерде иштеген. 1934-жылы Ленин атындагы колхоздо комсомолдун катчысы болгон. 1935-1936-жылдары колхоздо бригадир болуп, чарбанын ийгиликтерин арттырган. Көп жакшы иштерди жасаган. Ишке жөндөмдүүлүгүн жогору жактагылар да байкап, Майрайым Мотушеваны райондук аткаруу комитетине кызматка көтөрүшкөн. Ал жерде да жакшы иштеген. Райондон Мотушеваны, биздин райондо Кара-Бүргөн деген айыл бар, ошол айылга айылдык кеңештин төрайымы кылып жөнөтүшкөн. 1938-жылы партиянын катарына өткөн. Ошол жылы каардуу репрессияга туш болуп, жалган жалаа менен камалып кеткен. Абакта бир жарым жыл отурган. 1939-1940-жылы ошол абакта катуу ооруга чалдыгып бошотулган. 1940-жылы абактан чыгып айылына келип кайтыш болуп калган. Бул кишинин иниси Мамбеткадыр Мотушев деген бар. Көп аракет кылып, тиешелүү жерлерге кайрылып жатып эжесинин акталгандыгы тууралуу кагазын алган. Майрайым Мотушевага партияга өткөндөн кийин жалган жалаа жабышып, Социал-туран партиясынын мүчөсү дегендей айып коюшкан. «Эл душманы» дешкен. Баары жалган жалаа болгон. Камакка алышкан. Биздин музейде репрессияга кабылгандар боюнча атайын бурчубуз бар.

Замандаштарынын айтуусунда, Майрайым Мотушева 1917-жылдын жайында төрөлгөн экен. Ал кезде көчмөн эл жайлоо, күздөө, кыштоо деп журт которуштуруп турган. Кийинчерээк Чолок-Кайың айылы түптөлгөн. Майрайым Мотушеванын туулган жери деп ошол айыл көрсөтүлүп келатат.

Майрайым Мотушеванын иниси Мамбеткадыр Мотушевдин айтымында, эжеси абактан келгенден кийин бир жылга жетпей өз айылында каза болгон.

- Бирөөлөргө катуураак айтып койду, тиги-бу деген маселелер кеткен окшойт. Илгери ишке катуу талап коюшчу эле го. Анан эжем талап койгон болсо керек. Абакта эки жылга жакын жатып калыптыр. Эки жыл болсо керек. 28 жашта экен. Азыр эми ойлойм да, аял киши болсо, түрмөдө жатса. Ал жерде ачка-ток болгон да. Түрмөдөн акталып чыкканы менен, катуу оорудан айылда жумушка жарабай үйдө бир жылдай ооруп жатып кайтыш болуп атпайбы. Коңорчок, андан ары Чолок-Кайың деген эки айыл бир колхоз болгон мурда.

Чолок-Кайың Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу, өрөөндүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан калктуу конуш.

Майрайым Мотушеванын ысмы 2002-жылы Ак-Талаа районунда Тарых музейи уюшулганда дагы бир ирет эскерилди. Музейде элден чогултулган 3 миңге жакын экспонаттар сакталып турат. Анда тарыхый инсандардын айкелдери, фотосүрөттөрү, документтери жайгаштырылган. Өрөөндүн тарыхы, райондо жашаган, ушул жерден чыккан белгилүү тарыхый инсандардын эмгектери, өмүр жолу, дагы башка маанилүү маалыматтар топтолгон. Райондук демилгечилердин аракети менен Ак-Талаа районунун энциклопедиясы чыгарылган. Музейдин директору Мыктыбек Апилов тарыхый-маданий баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурган инсан. Анын демилгеси, аракети менен сталиндик репрессиядан жабыр тарткандар тууралуу материалдар топтолуп, өткөндүн сабактарын жаңы муунга жеткирүү, тарыхты унутпоо аракети жасалууда. Музей экспонаттарын жыл сайын толуктап, байытып келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.



  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG