Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Башкы сот төрагасынын бүдөмүк тагдыры


"Ата-Бейит"
"Ата-Бейит"

Репрессияга кары-жаш, кызматы, кесиби, улутуна карабай баары тартылган.

Иманбек Текеев жогорку билимдүү укукчу адис эле. Кызматтын чоңун да, кичинесин да көргөн, сый жумуш Фрунзе шаарындагы спирт заводунун юрист кеңешчиси кезинде кандуу жазага кабылган.

Юрист кеңешчи

Басмакананын сыясы кургай элек «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары. 1920-1953-жж». деген эскерүү китепте Иманбек Текеев тууралуу мындай маалымат берилген:

«Текеев Иманбек, 1898-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусундагы Тоң районундагы Дөң-Талаа кыштагында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Жашаган жери - Кыргыз ССРинин Фрунзе шаары, спирт заводунун юристконсультанты, 1936-жылы ВКП(б)нын катарынан чыгарылган. 27-июлда 1937-жылы антисоветтик ишмердиги үчүн камакка алынган. Өкүм: январь 1938-жыл үй-мүлкүн конфискациялоо менен эң жогорку жаза. 12-март 1938-жыл: өкүм аткарылган. 23-декабрда 1946-жылы түрмөдө өлгөн.

Эскертүү: 20-апрелде 1956-жылы кызынын маалыматы боюнча Кыргыз ССРинин Жогорку соту актаган (кылмыш ишинин материалдарында мындай маалымат жок)».

Иманбек Текеевдин ата-энеси кимдер, кандай адамдар болгону тууралуу маалымат дээрлик жок. 1916-жылы анын Караколдогу төрт класстык жогорку баштапкы окуу жайын аяктаганына караганда ата-энеси колунда бар кишилерден болсо керек деп болжолдоого болот. Анын жаңы бийликтеги кызматы деп 1918-жылы Анжиян үйөзүнө караштуу Ферганада котормочу болуп иштегенин айтууга болот. Революциялык солдаттар менен дыйкандар советинде иштеп жүргөндө анын басмачыларга каршы уруштарга катышканы тууралуу маалыматтар да бар.

Кийин 1923-24-жылдары Караколдо жер бөлүмүнүн башчысы, жер курулуштарынын төрагасы болуп иштеген. 1924-25-жылдары Каракол үйөздүк революциялык комитетинин катчысы, андан соң Кыргыз автоном облусунун Жалал-Абад, Ош, Каракол округдары, Фрунзе кантону боюнча прокурорунун жардамчысы, автоном облустун Башкы сотунун төрагасынын орун басары, 1927-жылы мартта Кыргыз автоном облусу республикага айланганда республикалык Башкы соттун төрагасы болуп шайланган. Бирок бул кызматта бир гана жыл иштеп, кийинки жылы Москвадагы Жогорку укук курсунда 1929-жылга чейин окуган. 1929-33-жылдары Кыргыз автоном республикасынын жер иштетүү эл комиссарлыгында сектор башчы, эл комиссарынын орун басары, 1933-34-жылдары облустук мал чарба трестинин директорунун орун басары, 1934-36-жылы партиянын Мургаб райкомунун катчысы, Тажик АССРиндеги Көк-Таш райаткомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Башкы сот төрагасы

Анын өмүр баянынын урунттуу учурлары ушундай: кызматтан кызматка дайындоо, бир жерден экинчисине иш боюнча которулуу, башында Казан, кийинчерээк Москвада улантылган окуу. Анын баары Иманбек Текеевдин кандай заманда кантип иштегенин кашкайтып көрсөтүп турат.

Совет бийлиги башынан эле укукчу адистерди даярдоого көп көңүл бурган. Сот, прокуратура кызматтары жаңы замандын талабына ылайык бир топ укуктук маселелерди чечиши керек эле. Кыргызстандын шартында андай чиелешкен маселелер катарына мына булар кирген: калың, көп аял алуу, кыздарды каалоосуна карабай күч менен күйөөгө берүү. Жаңы бийликтин укук жаатындагы маанилүү маселеси жергиликтүү динчилердин, уруулук-патриархалдык көз караштын туткунунда калган эски адамдардын нааразылыгын жараткан. Мурдагыдай өзүм билемдик кылган андайлардын бир тобу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Жаңы бийликтин укук жаатындагы адистеринин көбү башка жактан келген, көбүнесе орус тилдүү инсандар эле. Жергиликтүү калктын арасынан укукчу адистер аз чыккан. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында совет бийлиги жергиликтүү кадрларды даярдоону күчөткөн. Анын натыйжасы катары Кыргызстан автономиялык облустан республикага айланганда прокуратура менен сот бийлигин жетектегендер кыргыз улутунан болгонун, алар Ташмухамед Кудайбергенов менен Иманбек Текеев экенин, тилекке каршы экөө тең 1938-жылы сталиндик репрессиянын торуна илингенин айта кетиш керек.

Ушуга улай белгилей турган дагы бир жагдай бар. Совет бийлиги Чыгыштын азапка белчесинен батып калган кыз-келиндеринин укугун коргоп, алардын азаттыкка чыгышына чечкиндүү киришкени менен жалпы советтик юридикада жеке адам укугу, эркиндиги негизги мааниге ээ эмес болчу. Өлкөдө жасалып жаткан иштердин баары коммунисттик башкарууга, жалгыз партиянын, анын башында турган адамдын аракет-кыймылына көз каранды эле. Иманбек Текеевдин жооптуу кызматтан тез эле алынып, алыскы Памирге айдалышы, кийин «эл душманы» катары эң катаал жазага тартылышы бир жагынан мына ушул жагдайдан чыккан.

Репрессия бийликтин айтканы менен жасаганынын ортосунда оркойгон айырма чыгып калганда күч алат. Башында совет өкмөтү улуттук маселеге анчалык деле маани бербей, Орто Азия республикаларын Түркстан АССРи катары жарыялаган, башкаруу тизгинин Ташкенге жайгаштырып, ал жерден бир топ улуттук айырмачылыктарга ээ чөлкөмдү башкарууга киришкен. Бирок 1924-жылы «Орто Азия республикаларын (Түркстан, Бухара, Хорезм) улуттук өз ара бөлүү жөнүндө» токтом кабыл алынып, Кара-кыргыз автоном облусу Орусия Федерациясынын курамына өткөн.

Бийлик тизгини Москвага оогону менен Ташкен мурдагыдай эле башкаруу аракетине киришип, чакан облус кош бийликтин кысымында калганын, бул бир топ маселелердин ыкчам, туура чечилишине кедергисин тийгизип жатканын Жусуп Абдырахманов «Күндөлүктөрүнө» жазып кеткен жайы бар.

Кара-кыргыз автоном облусу 4 округдан турган, алар - Пишпек, Каракол, Жалал-Абад, Ош. Облус уюшулгандан тартып бийлик бутактары тамыр жайып, облустун өзүнчө мамлекеттик башкаруу системасы, анын ичинде сот, прокуратура кызматтары түзүлгөн. Совет бийлигиндеги көнүмүш боюнча ал кызматтарга жергиликтүү улут өкүлдөрүнөн жетекчилер шайланган эмес. Бул жагдай эки жылдан кийин автономиялык облус автономиялык республикага айланган кезде өзгөртүлүп, жергиликтүү улут өкүлүнөн жетекчилер чыккан. Иманбек Текеевдин жылдызы мына ушул 1927-жылы жанган. Мурдагы облустук соттун ордуна Кыргыз АССРинин башкы соту түзүлүп, анын биринчи төрагасы болуп Иманбек Текеев шайланган.

Кийин бул кызматта Иманалы Айдарбеков иштеген. Дагы бир жаңылык - республика болгону мурдагы төрт округдун ордуна республика боюнча жети кантон уюшулган. Атап айтканда Пишпек округу Фрунзеге, Таласка, Чүйгө, Каракол округу Каракол менен Нарын кантондоруна, ал эми Ош менен Жалал-Абад ошондой аталыштагы кантондорго бөлүнгөн. Кийинчерээк сот менен прокуратура юстиция органдарынын курамынан чыгарылып, өзүнчө статуска ээ болгон. Иш тартибине ылайык Иманбек Текеевдин башкы сот төрагалыгынан кандайча алынып калгандыгы тууралуу так маалымат жок. Ал өмүрүн арнаган сот менен прокуратура кызматтары улам-улам өзгөртүлүп, негизги иш катары совет бийлигинин душмандарын ыкчам таап, аларды тезинен жоопко тартуу, бул ишти жүзөгө ашырыш үчүн далилдер менен күбөлөрдү таап, мыйзам талаптарын так сактоо анчалык мааниге ээ болбой, башкы көңүл статистикага, кайсы кызмат канча душман табарына байлана баштаган. Ошондон улам Иманбек Текеевдин жооптуу кызматтарга көтөрүлүшү канчалык тез болсо, андан түшүп, алыскы аймактарга жөнөтүлүшү деле ошондой ыкчам жүргөн.

Башкы сот төрагасын алыскы Памирге которушуп, ага партиянын Мургаб райондук комитетинин биринчи катчысынын кызматынын берилиши, ал жерде иш менен жакшылап тааныша электе Көк-Таш райондук кеңеш төрагасынын орун басары болуп шайланышы - калтыс жагдайдын бир учуру гана. Бул учурунда совет бийлигин Кыргызстанга орнотууга олуттуу салым кошкон Я. Логвиненко, Ж. Абдырахманов, Ибраимов, М. Фрунзе менен чогуу иштешип, ал кездеги белгилүү саясий ишмерлердин көбү менен карым-катышы бар белгилүү инсанга карата жасалган мамиле.

Негизи Иманбек Текеевдин өмүр баянында «актай» калган барактар аябай көп. 1938-жылы ал атууга кесилип, бирок өкүмдүн аткарылышы бүдөмүк бойдон калган. 1943-жылы анын Ленинграддын жанындагы штрафтык батальондо кызмат кылып, кан майданда катуу жарадар болгону тууралуу маалымат бар. Жана кеп башында белгиленген Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү менен Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулары биргелешип чыгарган репрессия курмандыктары тууралуу китепте ал 1946-жылы түрмөдө каза болгону маалымдалган.

Иманбек Текеев республикага таанымал ишмер, укук жаатындагы саналуу адистердин бири болчу. Совет бийлиги кыргыз жерине жаңыдан орношо баштагандан тартып ал прокурор, прокурордун жардамчысы, сот төрагасы сындуу жооптуу иштерди аркалап, кайсы жумушка чектешсе ошол жерде иштеп, эмгеги сиңген инсан эле.

Биринчи кыргыз соту тууралуу кепти улантардан мурда ушул жерден Кыргызстандагы сот бийлигинин кыскача таржымалына токтоло кетүүнүн ыңгайы келип туру.

Былтыр Кыргызстандын сот бийлиги беш жылы кем бир кылымдык майрамын белгиледи, бир кылымдан ашуун карама-каршылыктуу татаал тарых-таржымалын эскерди. Айтса, орус колониялык бийлиги келгиче кыргыз жериндеги укуктук маселелерди бийлер менен казылар чечишкен, шариятка, элибиздин кылымдап келаткан каада-салт, нарк-насилине таянып чечим чыгарышкан. Орус падышалыгы кыргыз жерине орун-очок ала баштаганда атайын жана жалпы сотторду дайындоого өтүшкөн. Ошондон тартып укуктук маселелер салт менен наркка таянбай, мыйзам тартибине жараша чечиле баштаган. Кыргызстандын түндүк менен түштүгүндөгү сот иштеринин көзөмөлү азыркы Алматы менен Фергана шаарларындагы сотторго берилген болчу. Ал эми аймактык жана үйөздүк соттор жергиликтүү калктын маселелерин тикелей чечишкен.

Кыргызстандын советтик соту 1924-жылы Түркстан автономиялык республика курамынан бөлүнүп Кара-кыргыз автономиялык облусу түзүлгөндөн тартып иштей башталган. Башында облустук сот, кийин Башкы сот, соңунда Жогорку сот катары иштеп келаткан системанын башында Иманбек Текеевдин да эмгеги зор. Ал кездеги катаал заман ырайынан, репрессия чалгысынан сот менен прокурорлор деле четте калган эмес. Башкы сот төрагалары Иманбек Текеев, Иманалы Айдарбеков, Абдукадыр Абдураимовдор 1938-жылы атылып кеткен.

Калыстык кечигип келди. Иманбек Текеевдин иш-аракетинде кылмыштын белгиси жоктугуна байланыштуу ал 1956-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан акталган.

Сталин өлгөндөн кийин хрущевдук «ала баарда» бейкүнөө атылып кеткен кайрандардын бир тобу акталды, бирок толук эмес. Арадан кыйла жылдар өтүп, миллиондордун канын агызган жексур система тарыхтан өчүп кеткени менен миңдеген кыргызстандыктар дагы эле актала элек. Анын себеби укуктук татаал жөрөлгөлөргө байланып, анын чечилиши создугууда.

Репрессияга туш келген адамдын жакындары сот, коопсуздук, прокуратура органдарына кайрылуусу, алардын аракети менен репрессияга кабылган инсандын архивдик документтери алынып, ага карата мамлекеттик мекемеден жооп келет. Бюрократиялык мына ушул тоскоолдуктан улам айрымдар сот, прокуратура кызматтарына кайрылышпайт деле.

Айрым булактар ырастагандай, Иманбек Текеев 1979-жылы толук акталган. Анын артында 1924-жылы Иманбекова Зоя деген кызы калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG