Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 18:48

Рустамбек агай жана Өзбекстандагы сталиндик жазалоону иликтөө


Анжыяндагы сталиндик жазалоолор курмандыктарынын музейи. 17.05.2018

Борбор Азияда Иосиф Сталиндин режими маалында жүзөгө ашырылган массалык жазалоолордун тарыхын постсоветтик доордо кайра кароо иши улантылууда. Анжиян мамлекеттик университетинин профессору, тарыхчы Рустамбек Темирович Шамсутдиновдун мектебинин бул багыттагы салымдары алгылыктуу.

Алгы сөз

Мындан 80 жылдай илгери бери дегенде 1,5 миллиондон ашуун советтик жарандар сталиндик режим уюштурган массалык куугунтуктун жана террордун жаңы айлампасына дуушар болгон. Андан саал мурдараак Украина, Эдил (Волга) бою жана Казакстан сыяктуу аймактарда бир нече миллиондогон карапайым калайык жасалма түрдө массалык ачарчылыкка кириптер болгону да эсте.

Эми ошол Улуу Террор доорунун тарыхын жаңыча таразалоо милдети турат. Бул багытта постсоветтик Борбордук Азиядагы жумурияттарда өз алдынча тиешелүү тарыхнаамалык, архив таануу жана булак таануу иштери 1990-жылдардын ичинен бери жүзөгө ашып келет.

“Таптык” делген күрөш

Дүйнө жүзү мурдагы Советтер Биримдигинин тарыхында массалык жазалоолор көп ирет жүргүзүлгөндүгүнөн кабардар. Бул өлкөдө коммунисттик типтеги (“эзүүчү тапка каршы” делген) ырайымсыз концлагерлерди куруу зарыл деген ойду коммунисттик ыңкылаптын лидери жана Совет өкмөтүнүн негиздөөчүсү Владимир Ленин бир нече жолу айткан.

1917-жылы эле башталган атуулдук согуш учурунда, ошондой эле Борбордук Азияда иш жүзүндө 1942-жылга чейин созулган басмачылык кыймылына каршы күрөш маалында жана 1920-жылдардын акырындагы – 1930-жылдардын башындагы бай-манаптарды сүргүнгө айдоо, кулакка тартуу сыяктуу жүрүмдөрдө кыргыздардын жана башка борбордук азиялык элдердин көптөгөн айдыңдары жана тың атуулдары мурда тектүү кишилерден же алардын урпактарынан болгону үчүн эле же пантүркисттик партия түзгөн деген шылтоо менен ар кандай куугунтукка кабылышкан.

Чөлкөмдөгү куугунтук тарыхы

Борбордук Азияда сталиндик жазалоолордун өзгөчөлүктөрү, албетте, бул аймактагы жергиликтүү түрк калктарынын өкүлдөрүн кагазда гана болгон “жергиликтүү пантүркчүл” жана “панисламчыл” партияга жонунан чегерип, түркиялык же жапондук өкмөттөргө тыңчылык кылды деген шылтоо менен камоо сыяктуу иш-аракеттерге байланыштуу.

Ал эми монгол тилдүү калктарды “панмонголчул” партияларга “жабыштырган”, карел сыяктуу элдердин тың чыкма өкүлдөрүн “пан-финчил” кыймылдарга чегерген ыкмаларга салыштырсак, анда Борбордук Азиядагы айыптоолор деле башка чөлкөмдөрдөгү сталинчилердин жазалоо ыкмалары менен коёндой окшош экенин айгинелей алабыз.

Демек, айырма – тек гана географияда, этностук кырдаалда болгон.

Инсандардын бейнесинин өзгөчөлүгүнө карата да ар кыл жалган жалаалар тагылган.

Маселен, саха (якут) элинин көрүнүктүү кулуну Максим Кирович Аммосов (1897––1938) кандуу террор күчөгөн 1937-жылдын жаз мезгилинен тартып Кыргызстанга жогорку партиялык кызматка которулат.

Дал ушул маалда Кыргызстандын бир катар чыгаан ишмерлери чет-четинен сталиндик жазалоолорго кабылып жаткан. Бийликтеги мыкты адистер таңкыс болгон кырдаалда, бир чети, кыргыз тилине жакын келген казак тилин билген, экинчи чети, алыскы Саха жергесинен жана мусулман эмес болгондуктан, “Социал-Туран партиясына” мүчөлүк, пантүркизм жана жердешчилдик менен айыптоого негиз болбогон бул инсанды Кыргызстанга алып келүү – ошол таптагы сталиндик жетекчилик үчүн өзгөчө орундуу кадрдык орун которуштуруу чарасы көрүнгөн.

Максим Аммосовдун өзү да, жубайы Раиса Израилевна Цугель да мусулман эмес болчу. Демек, аларды панисламизмди колдойт деп айыптоого да мүмкүн эмес эле.

М.Аммосов 1937-жылдын апрель-май айларында жаңы уюшулган Кыргызстан КП(б)нын Борбордук Комитетинин биринчи катчысынын милдетин аткаруучу, андан соң 1937-жылдын 16-июнунан каргашалуу ноябрга чейин Кыргызстан КП(б)нын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болду.

Максим Аммосов 1937-жылы 7-ноябрда Бишкектеги (ал кезде Фрунзедеги) өкмөт үйүнүн алдында салттык коммунисттик демонстрацияда калпыс сүйлөп алып, камалгандыгын кыргыз элинин “Манас” эпосун орус тилине атаандаш которгондордун бири, котормочу Семён Липкин (1911—2003) да эскерген.

Кыргызстан КП(б) БКнын Биринчи катчысы Максим Кирович Аммосов парад маалында трибунадан жалындуу ураандарды чакырып кыйкырып турган. Бир маалда улам кайталанган ураандарын чаташтырып, “коммунизм” сөзүнүн ордуна “фашизм” сөзүн аралаштырып айтып алган экен:

–– Жашасын бүткүл дүйнөдөгү фашизмдин жеңиши!

Бардыгы тең өз уккан кулагына өздөрү ишенбей дендароо болуп калганда, Аммосов кайра ураанды тууралап айтып, анан калтаарып калыптыр.

— Улуу Сталиндин көсөмдүгү астында бүткүл дүйнөдөгү коммунизмин жеңишин карай алга! – деп Аммосов жаңы күч менен кыйкырган экен.

Маалыматка караганда, М.К.Аммосов бул калпыстыгы жок деле атууга кетмек болчу. Ал жазыксыз жерден камалып, 1938-жылы 28-июлда Москва шаарында атууга дуушарланган.

Кейиштүүсү, Борбордук Азияны да камтыган бул сталиндик массалык кыргындын жана куугунтуктоолордун тарыхы советтик тарыхнаамада эч качан калыс чагылдырылган эмес.

Ошондуктан Борбор Азиядагы постсоветтик эгемен жумурияттарда бул кайгылуу тарых барактарын жаңыча кароо маселеси СССР кулаар жылдары эле күн тартибине коюлган.

Маселен, Кыргызстанда 1988-жылдын башынан тартып бир катар репрессияланган атуулдар четинен актала баштаган.

Ал эми 1991-жылдын жайында Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылынын түштүк тоо этегинде 1938-жылы ноябрда сталинчилер тарабынан жазыксыз жерден мерт кылынып, тымызын көмүлгөн 137 кишинин сөөгү казылып алынды. Бул жердеги чуңкурга жалпы көмүлүп салынгандардын арасында жазуучу Ч.Т.Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун (1903––1938) да сөөгү табылган.

Ошол 1991-жылы 30-августта, Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялоосунун алдыңкы күнү, алиги тымызын көр табылган жайдын күнбатыш ыптасында сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган “Ата-Бейит” көрүстөнү расмий ачылган.

Эртеси күнү, 31-августта, Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) өлкөнү көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган тарыхый декларацияны кабыл алды. Бул эки окуя символдук түрдө бири-бири менен айкалышып турат.

Айтмакчы, Өзбекстан да ошол эле күндөрү өзүн СССРден көз каранды эмес мамлекет деп жарыялаган (бул коңшу бир тууган жумуриятта Эгемендик майрамы 1-сентябрда расмий белгиленип келет).

Рустам Шамсутдиновдун мектеби

Коңшу Өзбекстанда да постсоветтик доордо сталиндик репрессиялар тарыхын калыс кароо жүрүмү ургаалдуу башталды. Бул өлкө Орусиядан өзүн канчалык оолак кармаса, сталинчил жазалоолордун тарыхы ошончолук эркинирээк жана тереңирээк изилденгендигин баамдоо да кыйын эмес. Маселен, басмачылык кыймылынын тарыхын жаңыча таразалоо жаатында Өзбекстанда 1990-жылдардан тартып кыйла алгылыктуу илимий иштер аткарылды.

Сталиндик жазалоолор тарыхын кайрадан калыс кароо жүрүмүнө барандуу салым кошкон илимпоздордун алдыңкы сабында тарых илимдеринин доктору, Анжиян мамлекеттик университетинин профессору Рустамбек Темирович Шамсутдинов турат десек жаңылышпайбыз.

Биз 2018-жылы май айында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Анжиян мамлекеттик университетин кезип, мында жаңы ачылган “Репрессия курмандыктарынын элеси” («Қатағон қурбонлари хотираси») деп аталган музейдин экспозициялары менен жакындан тааныштык. Бул музейди уюштуруунун демилгечиси болгон профессор Р.Т.Шамсутдинов анын директору да болуп калганына ыраазы болдук.

Профессор Р.Т.Шамсутдинов — “Улуу кыргын” («Катта қирғин») деп аталган атайын энциклопедияны түзүү боюнча атайын грантты да жеңип алып, бул жыйнакты түзүү үчүн мээнет кылууда.

Дал ушундай гранттар Өзбекстандын өкмөтүнүн чечимине ылайык берилип келет. Эми Өзбекстандын “Репрессия курмандыктарынын элеси” Борбордук музейи үчүн “1937-1938-жылдардагы Чоң террор” аттуу энциклопедия түзүү жаатында атайын өкмөттүк программа жүзөгө ашырылууда.

Албетте, бул долбоорлор – профессор Р.Т.Шамсутдинов жетектеген илимий мектеп азыркы тапта аткарып жаткан кеңири өлчөмдөгү иш-аракеттердин бир тарамы гана болуп саналат.

Өзбекстанда Түркстан автономиясынын, басмачылыктын тарыхын, айыл чарбасындагы колхоздоштуруу өнөктүгүнүн тарыхын, Экинчи Дүйнөлүк согуш маалындагы тарыхый окуяларды жаңыча кароо жаатында да кыйла иштер алып барылууда.

Профессор Рустамбек Шамсутдинов Анжыяндагы өзү жетектеген сталиндик жазалоолор курмандыктарынын музейинин жанында. 17.5.2018
Профессор Рустамбек Шамсутдинов Анжыяндагы өзү жетектеген сталиндик жазалоолор курмандыктарынын музейинин жанында. 17.5.2018

(Р.Т.Шамсутдиновдун катышуусунда жарык көргөн эң соңку жыйнактарды эле караңыз:

«Книга памяти репрессированных соотечественников в период коллективизации и «Большого террора». Самаркандская область» (Ташкент: Янги аср авлоди, 2015);

«История Отечества». Книга третья (Ташкент: Шарк, 2016);

«Вторая мировая война и фронтовые газеты». Книга первая (Ташкент: Академнашр, 2017); «Вторая мировая война и фронтовые газеты». Книга вторая (Ташкент: Академнашр, 2017); «Вторая мировая война и фронтовые газеты». Книга третья (Ташкент: Академнашр, 2017);

«Памяти репрессированных соотечественников» (Ташкент: Академнашр, 2018); ж.б.).

Ошентип, сталиндик репрессияларды жаңыча таразалаган айдыңдык жүрүмгө профессор Р.ТШамсутдинов өзүнүн жеке илимий эмгектеринен тышкары, шакирттеринин чыгармалары жана редакторлук мээнети аркылуу да өз үлүшүн кошууда.

2019-жылдын 1-майында Анжиян мамлекеттик университетинде профессор Рустамбек Шамсутдиновдун 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындагы атайын бөлүмдө сталиндик жазалоолор жана кыргындар тарыхын жаңыча кароо тууралуу илимий баяндамалар да сунушталмакчы.

Жалпы аракет зарылчылыгы.

Өзбекстандык профессор Рустамбек Шамсутдиновдун алгылыктуу иш-аракетин жогору баалоо менен бирге, сталиндик репрессиялардын тарыхын жаңыча иликтөө жана сыпаттап жазуу жаатындагы мындан аркы байсалдуу аракеттер жалпы Борбордук Азиядагы тарыхчылардын жакынкы болочоктогу биргелешкен иш-аракеттери менен да ыкчамдайт деп айткыбыз келет.

Жакында Кыргызстандын президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов Ташкенттеги Өзбекстан мамлекеттик архивине барып кайтты. Бул архивде Фергана өрөөнүндөгү көп этностуу калктын, анын ичинде кыргыздардын да сталиндик жазалоолорго каршы күрөшү чагылдырылган абдан бай архивдик маалымат камтылган. Бул маалыматтар улам жаңы изилдөөчүлөрдү күтүп жатат.

Уучубуз куру эмес. Кыргыздын Зайнидин Курманов, Аида Кубатова, Төлөбек Абдахманов, Жумагул Байдилдеев, Жолдошбек Бөтөнөев, Гүлзада Абдалиева, Светлана Плоских ж.б. адистери ушул тапта репрессия курмандыктарынын тагдырларын жаңыча иликтөө багытында олуттуу илимий долбоорлорду жүзөгө ашырууда.

Арийне, алар өзбекстандык, казакстандык, тажикстандык, орусиялык жана түркмөнстандык кесиптештери менен биргелешип бул жаатта мындан ары да чогуу-чаран иш алып барышса, анда алда канча терең жана ар тараптуу маалыматтар илим чөйрөсүнө киргизилиши күтүлөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG