Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Айылдык кеңештин катчысын атып салышкан


«Ата-Бейит».

Мурзабек Тазабек уулу - алгачкы муун интеллигенттердин бири. Айылда агартуу, чарба жагында иштеп жүргөн кезинде камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.

Анын үй-бүлөсү көргөн азап-тозокторду айтып отурса узун сөз. 1958-жылы акталган.

Сталиндик репрессиянын курмандыктарын «Эскерүү китебинде» Мурзабек Тазабек уулу жөнүндө кыскача маалымат берилген.

Архивдик маалымат

«Аты-жөнү: Тазабеков Мурзабек, 1896-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак селосунда туулган.

Улуту: кыргыз.

Жашаган жери: Кыргыз ССРинин Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз району, колхоздун мүчөсү.

Камакка алынган: 5-март, 1938-жыл, антисоветтик агитациясы үчүн.

Өкүм: 13-март 1938-жыл, эң жогорку жазага өкүм чыгарылган.

Эскертүү: 27-апрель, 1989-жылы акталган».

Мурзабек Тазабеков Көл кылаасындагы Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылындагы алгачкы агартуучу, биринчи мугалим, арабча жазганды, окуганды билген сабаттуу адам болгон.

Кичине кезинен Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Каракол жакта медреседен окуп, кат таанып, бир топ жыл айылындагы балдарды окуткан. Кийин совет бийлиги келгенде «Үлгүлүү жаш» колхозунун текшерүү комиссиясынын төрагасы, 1938-жылы Ак-Терек айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеген. Ушул жылы аны «революцияга каршы үгүт жүргүзгөн, совет бийлигин жактырбаган жат элемент» деп, «улутчул» деген айып коюп, Фрунзеде «үчилтиктин» өкүмү менен камалганына бир ай толо электе атып салышкан. Ошентип 39 жаштагы чарба кызматкери айыпкер аталып, оор күнөөгө кириптер болгон. Андайларга аёо болчу эмес, баарына РСФСР Кылмыш кодексинин 58-беренеси колдонулган. Совет бийлиги ойго кирбес опуртал айып менен өз элин кызыл кыргынга салган.

Мурзабек Тазабек уулу кантип жок кылынганы жакындарына деле белгисиз бойдон калган. Билгендердин айтымында, эрте жазда малчылардын ал-абалын билип келгени тоого барып, андан кайтып келип НКВД издеп келгенин угат да, «күнөөм жок болсо эмнеге чакырды экен» деп айылдык кеңештин кеңсесине кеткен бойдон кайрылган эмес. Ошол күндөн тартып аялы Турсун азап тартып, күйөөсүн көрүп келиш үчүн үч айлык кызын көтөрүп жөө-жаландап башында Караколго, кийин Фрунзеге чейин каттаган. Мурзабек Тазабек уулунун үй-бүлөсү кандай азаптарга туш келгени кызы Бурулуш Мурзабекованын 2013-жылы Бишкектен чыккан «Менин атам (Тагдыр)» деген эскерүү китебинде кенен-кесир баяндалган.

«Контурдун үй-бүлөсү», «контурдун кызы» деген уйгактай жабышкан жалаадан корунган кызы кандай тоскоолдуктарга кабылганы өкүнүч менен эскерилген.

«Комсомолго өтөрдө өмүр баянымды айтардан мурда эмне дээримди билбей, кыска гана «атам өлгөн» дей салып, атамдын «чыккынчы, душман» экенин классташтарым билип коюшпасын деп, эки бетим ысып чыкканы али жадымда. Кийин жогорку окуу жайын бүтүп, КПССтин катарына өткөндө деле атабыздын кылган ишине нааразы болуп, ата мээримине куса болуп турсак да, сезимибизде бир чоң күч жек көрүүгө мажбур кылчу. Атабыздын эмне иш кылганын 3-4 жаштагы бала кайдан билет элем», - деп жазат Бурулуш Мурзабекова.

Бурулуш энеге окшоп атасынан эрте ажырагандар ал кезде көп болчу. Алардын атасын жаңы бийлик душман катары жок кылып, сөөгү кайсы жерде жашырылганы да жабык сыр бойдон калган. Бир жубантчу нерсе - совет бийлиги анын жакындарын кодулап, туугандарын абакка тыгып, балдарын жетимдер үйүнө өткөрткөн жок.

Караколдун жөө жолу

Ал кезде «эл душмандарынын» жакын туугандары опсуз азапка туш келишкен, аялдары сүргүнгө айдалып, балдары жетимдер үйүнө өткөрүлүп, канча тагдырлар жок жеринен күйүп кетти. Мурзабек камалып кеткенден кийин Турсун апа жөө-жалаңдап Караколго канча каттады? Эч кимге арызын айтпай башына туш келген азапты көтөрдү. Убакты-сааты болуп калганда балдарына алардын айрымдарын айтып берчү. Жаргылчак айылы менен Караколдун ортосу картадан жакын көрүнгөнү менен жөө кишиге итапкан жол.

««Кичи-Жаргылчактан жөө чыкканыбызда, Шалбаага чейин тынбай жүрүп отуруп, ошол жерден өргүп алып, эртеси Караколго эрте кирип барчубуз. Атаңа тамак-аш, кийим-кече алып баратканда колумда кичинекей эмчектеги бала. Ошондо буттун таманы мөлтүрөп, жерди басуудан заарканып, суй жыгылчубуз. Айлыбыздан Абылкасым деген адам да кошо айдалбадыбы, анын аялы Акжолтой экөөбүз бирге бараар элек, - деп көзүнүн жашын төгүп, терең улутуна андан аркы кебин уланта турган. - Атаңдан кеткен боюнча кат-кабар алган жокпуз. Караколдун түрмөсүндө отурганда нечен курдай жөө барган күндөр болду, ал кезде кайдагы унаа, кайдагы ат, болгон мал-мүлктү конфискациялап алса...

Биз менен кошо күйөөлөрүнө тамак кийиргени жазуучу Аалы Токомбаевдин аялы, дархандык Жунуштун аялы да барар эле. Эч бирөөбүздүн алып барган азык-түлүгүбүздү алмак түгүл иттер менен арсылдатып кубалап, машине менен суу чачып, түрмөнүн эшигине да жолотушчу эмес. Үйүбүздүн маңдайында бир чети кошуна, бир чети Азарбектин тукумдары деп эсептелген ошол кездеги «Үлгүлүү Жаш» колхозунун башкармасынын төрагасы Момокеев Жумадылдан баланы догдурга алып барууга машине сурасам «контрдун үй-бүлөсүнө ат берүүгө болбойт го» деп тескери басып кетпедиби. Ошентип жүрүп 3 айлык Шааркан деген кызыма суук тийип, эти ысып-күйүп, үйгө жетип-жетпей чарчабадыбы. Ошондогу Шаарканым тирүү болсо, сенден эки жаш кичүү болот эле», - деп энем оор үшкүрүп, качанкы өткөн бактысыз тагдырын эске түшүргөндө, көзүн жашка толтуруп, үнсүз отуруп калчу, маркум», деп эскерет Бурулуш Мурзабекова.

Советтик идеологиялык үгүт машинеси ал кезде эл чарба жетишкендиктерин, жети жылдык пландын аткарылышын, советтик жашоо жыргалын күн-түн калктын кулагына куюп, жаркын турмуштун ары жагында эчен бейкүнөө жандар атылып, жок кылынып турганын айтчу эмес. Социализм тарых тактысынан шыпырылып түшкөнчө кандуу кылмышын жашырып, катаал сырды катып келди. Мурзабектин бир уул, эки кызы бар эле. Уулу Мукайыл мектепти аяктагандан кийин чарбалык иштерге аралашып, 50 жашка жетпей каза болуп калган. Энесинин колундагы Шааркан деген үч айлык чүрпөсү түрмөгө жөө-жалаңдап каттаган кезде суук тийип чарчап калды. Турсун эне Караколдон Фрунзеге которулган күйөөсүнө тамак-ашын көтөрүп алып Жаргылчактан Балыкчыга чейин кеме, калган жолун жүк ташуучу машинелерге түшүп келген. Атайын келип жарытылуу жооп ала албай, «алыска айдалган, кат жазууга укугу жок дегендердин катарына кошулган экен» деп айылына кайтып кеткен.

Жакындарынын дайынын билбей ар кайсы мекемелердин босогосун жырткан андайлар ал кезде толтура эле. Кандуу жазалоонун арааны ачылып, адам өмүрү түккө арзыбай турган кез. Мурзабек Тазабек уулу НКВДнын кызматкерлери 1938-жылдын 5-мартында үйүнө издеп келип таппай калышканда тоого качып кетсе аман калар беле? Анын асманында кара булут айланып, тагдыры калтыс учурга капталганын айылдык кеңештин чабарманы Үсөн ата аялына эскертип, «тоого качып кетсин, жабык машине менен көк шапкечендер келишти, келүүчүлөр келди, кеңсеге барбасын, айткыла» деп какшап кеткен экен. «Айыбы жок адамды кантип эле камап, атып койсун» деген баёо ишенимге алданган Мурзабек сөз укпай койгонун Турсун апа өкүнүч менен эскерип жүрүп өтүп кетти: «"Менин эмне кылган күнөөм үчүн камайт экен же ичип-жегеним бар бекен, барайынчы" деп кеңсеге барып бербедиби. Ошол түндөн кийин үйгө кылчайган жок...»

Армандуу балалык

1953-жылы 5-мартта «бардык элдер менен адамдардын улуу атасы» Сталин көз жумган. Тагдырдын тамашасын караңыз - ошондон 15 жыл илгери, 1938-жылы 5-мартта колхоз иштери менен жүргөн Мурзабек Тазабек уулун камакка алышкан. Сталин өлгөндө 1-курстун студенти Бурулуш Мурзабекова өксүп-өксүп ыйлаган. Бир жылдан кийин ал турмушка чыгып, үйүнө төркүлөп келгенде атасынын өлгөнүн угузушкан. Атасынын айыбы жоктугун, ал деле башкаларчылап ак жеринен аёосуз жазага кабылып атылып кеткенин кызы кийин билген. Атасынын жок кылынганын балдары 16 жыл өткөндөн кийин угуп отурушпайбы. Анын кайсы жерде атылганы, сөөгү кайда жашырылганы жакындарына белгисиз бойдон калды. Билим алууга дилгир Мукайыл Мурзабеков арызданып жүрүп атасынын качан атылганын акыры тапкан.

«Көрсө, атамды камалгандан бир айга жеткирбей,1938-жылы 27-мартта эле атып салган тура. Муну мен 1990-жылдын апрель айында атамдын акталгандыгы жөнүндөгү КГБдан, прокуратурадан жиберилген официалдуу дүмүрчөктөрдөн билдим. Өмүр бою бетибизге кара көө болуп келген «контр» деген сөздөн, «контрдун үй-бүлөсү» деген жийиркеничтүү сөздөн кутулдук. Көрсө элдеги «ак ийилет, бирок сынбайт» деген накыл сөз анык экен.

Атам менен абакта бирге олтурган, кийин бошонуп келген Сарыгул, дархандык Жунуш аталардан сураштырсак, түрмөдөгүлөрдү ит ордуна көрүп, жырткычтарча мамиле кылып, кыйнаган тура, кээси таяктын уусу өтүп өлүптүр, балким, атам деле таяктан өлгөндүр...

Атабыздан эрте жетим калыптырбыз. Энебиз бизди, карыган кайын энесин багам деп жүрүп көкүрөгү тешилиптир. Соко айдап, эгин бастырыптыр. Кыскасы согуш убагындагы энелерге таандык оор түйшүктү тартып, алдыңкы колхозчу, звеньевой болуп жүрүп, кийин эс алууга чыгып, картайганда өлдү», деп жазат Бурулуш Мурзабекова эскерүү китебинде.

Атасы камакка алынгандан кийин тестиер Мукайыл апасынын жардамчысы болуп калган. Бурулуш атасынан төрт жашында калган. Мурзабек Тазабек уулу кадимки Солтобай ырчынын тукумдарынан болгон. 1916-жылкы Үркүндө Тазабек ыстарчындын көзү өтүп, балдары Мурзабек, Ысабек, Мааданбек көпчүлүк эл менен Кытайдагы кыргыз качкындардын азап-тозогун башынан кечирген. Тазабек ата уулу Мурзабекти айылдагы казыналык медреседен окуткан. Ал киши оокат-турмушу жетиштүү адам болгон. Уулу Мурзабек көргөн-билгенин кагазга түшүргөн кадыресе жамакчы акын болгон. Анын Сары-Жазга бир топ мергенчилер менен аңчылыкка барып жалгыз аяк жолунан башка катнашы жок алыскы тоо арасындагы жашоо-турмушту жазган узун сюжеттүү ыры сакталып калган. Булардан тышкары ал чоң атасы Солтобайдын айтымындагы бир топ элдик поэмаларды жазып алып кыргыз эл оозеки чыгармаларын чогултуу ишине кол кабыш кылган. Ал эми анын өзүнүн кол жазмалары камакка алынганда жок болуп кеткен. Айтса, ошол отузунчу жылдарга чейин Мурзабек Тазабек уулу айылындагы мергенчилер биримдигинде аңчы болуп азыраак иштеп калган.

Мурзабек Тазабек уулу 1937-1938-жылдары өзгөчө күчөп кеткен кандуу жазалоонун курмандыгы болду. Анын апыл-тапыл камакка алынып, бир айга жетпей атылып кетиши бир топ түкшүмөл суроолорду жаратат. Камакка алынгандан кийин көпкө кармалбай «үчилтиктин» өкүмү менен эң оор жазага кабылышы айылдык карапайым инсандын «жалпы тизме үчүн» гана садагага чабылганын айгинелеп турат. Артында калган жалгыз уулу Мукайылдын талыкпаган аракети менен иш-аракетинде кылмыштын жоктугуна байланыштуу көп жылдан кийин толук акталган. Жалгыз уулу Мукайыл кыйла жыл бою партиялык уюмдун катчысы, кызы Бурулуш ардактуу эс алууга чыкканча мектепте кыргыз тили жана адабиятынан мугалим болуп иштеди. Анын атасына тургузган эстелиги «Менин атам (Тагдыр)» эскерүү китеби болуп калды. Китепте Мурзабек Тазабек уулунун айрым чыгармалары да топтолгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG