Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Молдо Багыштын мурасын изилдөө алдыда


Молдо Багыштын «Абак дептери» китеби. Сүрөт «Китепчи» китеп дүкөнүнүн «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Акын Молдо Багыштын кайгылуу тагдыры туурасында «Азаттыкта» буга чейин эле «Куугунтук курмандыктары» берүүсүндө кеп кылганбыз.

Улуу акындын адабий мурасын мыскалдап чогултуп, окурмандарга тартуу кылган Малабек Токболотов менен маекти сунуштайбыз.

- Молдо Багыштын чыгармалары кийинки жылдары жарыкка чыгып, элге таралууда. Малабек мырза, бул ишке кантип аралашып калганыңызды айтып берсеңиз.

- Таятамдын туулган жылы бизге так эмес болчу. 1886-1888-жылдар болуш керек деп болжолдоп жүргөнбүз. «Кырк төрткө чыккан жашымда, мүшкүл иш түштү башыма» деген ыры бар. Ошондон биз болжолдоп 1886-жыл болуш керек деп жүргөнбүз. Кийин такташтырсак, 1888-жылы туулган экен. 1931-жылы камалган. Репрессияга кабылган. Мен кыйла жылдар бою кол жазмаларын издеп, топтоштурдум. Айылда Тургунайым деген кызы бар эле. Каза болуп калды, чоң апабыз, апамдын эң улуу эжеси. Ошол чоң апабыз атасы камалганда 11 жашта экен. Тургунайым, Маматкул деп ырларында көп эстейт.

Ошол чоң апам бир жолу мага: «Менде атамдын кол жазмалары бар эле. Аны окуса ушу молдо киши окуйт деп Абдылда Сулайманов деген кишиге бердим» деген. Ал киши анда тирүү. Таятамдын кол жазмасын издей баштап сураштырсам, «чоң, калың дептерге тыгыз жазылган көлөмдүү кол жазма» дешти. Кол жазманын дарегин кийин таптым. Биздин райондо Абдымомун Калбаев деген акын, журналист агабыз бар. Көрсө Абдылда молдо кол жазманы ошол кишиге берген экен. «Сен адабиятты билесиң, мынабу Молдо Багыштын абакта отурганда келген кол жазмасы экен, чыгарсаң болот» деп бериптир. Кол жазма 1932-жылы бирөөлөр аркылуу абактан сыртка чыгарылган экен.

Кол жазманын дайынын билгеним менен өзүн ала албай жүрдүм. Абдымомун аке: «Бизде бул кол жазманы окуй турган киши жок экен, окуй алышат деп Намангандагы молдолорго алып барып тапшырдым, ошолор которо турган болду, макул деп алып барып бердим» деди. Анан күттүк. Айылга барган сайын Абдымомун акеден кол жазманы сурайм. Жыйынтык болбоду. Арадан бир-эки жыл өтүп кетти. Анан кийин бир шайлоодо Абдымомун акемди жаныма алып жүрүп айттым: «Бу китепти мага бериңиз, мен чыгарам». Иши кылып, үчүнчү жыл болгондо мен ал кол жазманы алдым. 78 барак, эки бети жыш, толук жазылган кол жазма экен. Кол жазма менде.

1959-жылы Илимдер академиясына жети кол жазма тапшырылган экен. Кол жазмаларды Сырдыбаев деген киши кабыл алган экен. Азыр ошол кол жазмалардын үчөө эле Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда бар, калгандары жок, жоголуп кеткен. Анан ошол калган китептерди алып Омор Сооронов акеге берип которттук. Омор акеге чейин кол жазманы Кайыповго да алып бардым. «Которо алам» дегендердин көбүнө көрсөттүм. Биздин муфтияттын алдында да балдар окуйт экен. Алар окуп көрүп «биздин колдон келбейт» дешти.

Сулайман Кайыпов агай Түркияга кетип аткан экен, «менин убактым болбой калды, Малабек» деди. Ошентип жүрсөк классташым Баяс Турал «Омор Сооронов гана окуй алат, ушул кишиге алып баралы» деп калды. Алып барсак ал киши барактап шак эле окуп кирди. «Бул биздин иш, мага бул китепти таштагыла, мен карап чыгайын» деди. Бул 1997-жылкы окуя. Ошондон бир-эки айдай убакыт өткөндөн кийин Омор агай мага телефон чалды. «Малабек, мен кол жазманы карап бүттүм, колумдан келишинче котордум, кандай кылабыз?» деди. Мен аябай сүйүндүм.

Араб арибинде жазылган бул кол жазманын ичинде эмне жазылганын билчү эмесмин. Эскерүү, майда-чүйдө бирдемеби деп да ойлоп жүрдүм. Кол жазманы алып Омор аке биздин үйгө келип, адабиятты түшүнгөн адамдар алдында бир топ чыгармаларын окуп берди. Ошондо уктум, укмуш жазуулар, окуялар бар экен. Кайсы бетте эмне жазылганын Омор аке түшүндүрүп берди. Ошентип биринчи ирет 1998-жылы «Абак дептери» деп, 1888-жылы туулса, 110 жылдыгын өткөрүү боюнча өкмөткө кайрылгам. Ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем.

- Молдо Багыштын чоң акын, ойчул экени анын саптарынан байкалып турат. Акындын адабий мурасынын изилдениши кандай болуп жатат? Бул багытта опол тоодой кызмат кылган Омор ага 80ге чыгып калды. Ал кишинин жолун жолдоп кол жазмаларды окуп, ага убакты-саатын арнаган жаштар чыкпай жатат. Ушундай абалда Молдо Багыштын мурасын изилдөө жагы кандай болот деп ойлойсуз?

- Жакында «Классикалык изилдөөлөр» деген китеп чыкты. Анда Садык Алахандын изилдөөсү бар. «Унутулган адабият», «Беш молдо» деген эки китебинде Молдо Багыш тууралуу да жазылган. Ошондогуну бул китепке киргиздик. Садык Алахан жакшы изилдеген, ар бир чыгармасын талдаган. Шекербек Адылов окууну бүтүп жатканда Молдо Багыштын чыгармачылыгы боюнча дипломдук иш жазган. Мага сүйүнүп келгени эсимде, «"беш" коюп берди, жакшы тапшырдым» деп. Биз, кыргыздар, көркөм чыгармачылыкка, салт-санаага, өнөргө өтө көп көңүл бурган элбиз.

Молдо Багыш. Сүрөт «Китепчи» китеп дүкөнүнүн «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Молдо Багыш. Сүрөт «Китепчи» китеп дүкөнүнүн «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Анан жана сиз айтып аткан сөзгө келсек. Омор акеге көп кирем, жанында бир-эки киши отурган болот. Кол жазмалар менен отурган жаштар жок. Таптакыр эле жок десек жарабас, буюрса чыгат болуш керек. Туура, түйшүгү көп жумуш. Эми чынын айтыш керек, Омор аке кыргыз үчүн өтө чоң иштерди жасады. Жалгыз эле менин таятамды эмес, толтура кол жазмаларды изилдеди.

Абдураим Шама акынды, Коргол Досуевди, Молдо Ниязды, Фергана кандарынын тарыхын жазган Максумду бүт чыгарды. Качан барсаң көз айнегин тагынып үңүлүп кагаз карап отурганын көрөм. Абдан чоң иш жасап жатат, бул киши. Ушу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Молдо Багыштын чыгышына жардам кылган айылдаш агам Абдымомун Калбаевге, Омор Соороновго, Баяс Туралга жана башка көп иш кылгандарга ыраазычылык билдирет элем. Себеби чоң иш жасалды.

Анан «урпактары, балдары» деген сөзүңүзгө жооп берип коёюн. Таятамдан эркек урпак калган жок. Кыздары бар, алардан жээн неберелери бар, мен ошолордун бирөөмүн. Кыздар жагынан кудайга шүгүр элебиз. Ар бир адамдын таланты ар башкача болот экен. Мен өзү экономистмин, каржы тармагында иштейм. Өмүрүм ушул жакта өтүп келатат, бирок негедир ушу чыгармачылыкка жакынмын. Маданий жайларда ыр-күү, айтыштар болуп калса сөзсүз барам, антпесем бир нерсе жетпегендей боло берем. Анан бирөөлөр китеп берсе барактайм, ыр болсо ошону окуп, анан калган текстке келем. Китепти көп окуйм, башымда дайыма китеп турат.

Маматкул деген таякем, бир кыздан кийинкиси 39 жашында автокырсыктан каза болуп калган. Ал жаш кезинде бир уулдуу болгон экен, анысы беш жашында сууга агып каза болуп калып атпайбы. Ошон үчүн таятамдан эркек тукум калган жок. Кийин биз Өзбекстанда жашаган Расулбек деген таякебизди издесек, алар өзбек болуп калыптыр. Мен ал жакка жакында барып келдим. 2020-жылы 8-мартта кеттим эле, төрт-беш күн жүрдүм. Илимдер академиясынын президентине, вице-президенттерине кирдим, ушул кол жазмаларды сурап. Ал жердеги элчибиз Ибрагим Жунусовго барып, мынабу китептерди тапшырып, келатып Наманган аркылуу таякебиздин кайда жашарын билем да, Расулбек таякемин үй-бүлөсүнө учураша келдим.

Таякебиз кемпири экөө тең каза болуп калышкан, балдары-кыздары бар. Алардын үйүнө барып бир күн жатып, кечке сүйлөшүп отуруп келдим. Момундай маалыматтарды аларга да айтып, түшүндүрүп, анан таятамдын Сабиркан тууралуу ыры бар, 54 саптан турат, бул китепте бар. Аны окуп бердим. Алар Сабир ача дешет экен. «Мына, Сабир ачаңарга таятамдын ашык болуп жазган ыры» деп түшүндүрүп бердим. Таятамдын ырларын чогултуп, чыгарып, анан улам-улам окуп отуруп таятамдын чоң акын экенин билдим, чоң акын деп баалайм. Журналист, акын болбогонум менен ар бир сөзүндө маани бар экенин билем. Таятамдын мүрзөсүнө таш коюп, ошого жаздырып койдум, ырларынын ичинде бир мыкты куплет бар, ошону жаздырттык:

«Тоо суусундай шаркырап,

Токтобостон агып өт,

Өзгөлөрдү туурабай,

Өзүнчө чыйыр салып өт», - дейт.

Караңызчы, кандай саптар. «Тоо суусундай шаркырап токтобостон агып өт» деп жатат. Анан «өзгөлөрдү туурабай өзүңчө чыйыр салып, өзүңчө жаша» деп атпайбы. Мындай саптар көп. Сабирканга арналган ырында биздин айыл менен Аксынын жайлоолорунун бүт аты бар. Сабиркан жашаган Намангендеги Карабак, Заркенд – бүт баары бар. Ошону келиштире жазып Сабирканды ынандырган окшойт. Ал өзү айылга ээрчип келген экен. Анан Сабиркан да акылдуу кемпир болгон экен, 1979-жылы каза болуптур. Таятамдын өткөнүн кийин угушуптур. Расулбек ал кезде 13 жашар бала экен. Ошол тестиер баласын айылга ээрчитип келген экен. Таятамдын атынын ээрин, жүгөнүн, жабдыктарын көтөрүп келиптир, бечара. Алып келиптир айылга, «мына ушул молдонун буюмдары эле» деп. Бул жердеги туугандарда «ушу Сабиркандын айынан Молдо Багыш камалып кетти» деген таарыныч бар да. Ошон үчүн туугандардан аны кел-кет кылышпаптыр. Анан эмне кылат, кетип калган экен, өзүнүн айылында жүрүп каза болуптур, кийин.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG