Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Репрессиянын айтылбаган өңүттөрү


"Чиеш тагдырлар" китебинин 1-2-чыгарылыштары.

Бишкекте "Эсимде" талкуу аянтчасы чыгарган "Чиеш Тагдырлар II" китебинин бет ачары өттү. Анда Совет доорунда, XX кылымдагы репрессиядан аман калган 12 адамдын жеке окуялары чагылдырылган. Китептин бет ачарына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер катышты. 

"Чиеш Тагдырлар II" китебинин бет ачарын «Полис Азия» аналитикалык борбору жана “Эсимде” талкуу аянтчасы уюштурду.

Талкуу аянтчасы китеп чыгаруу максатын репрессиялардын, депортациялардын жана зордоп көчүрүүлөрдүн доорун, аларга дуушар болгон адамдардын тагдырын азыркы муундун эсине салып, андан сабак алууда деп белгилейт. Анын бирден бир себеби – ошол катаал мезгилде жашап өткөн адамдар, өз эс тутумунда ал күндөрдү өзү менен кошо ала кетүүдө. Түшүнбөстүк менен коркунуч доорунда узак мөөнөт жашаган коомдун өмүр жолу түгөнүүдө.

Бул жыйнакка коомдук ишмер Роза Айтматованын "Эски сандык таржымалы", “Азаттык” үналгасынын журналисти Амирбек Азам уулунун "Күйөөлөрүн Херсондо жоготкон аялдардын арманы", тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин "Акыйкат сөзгө татыктуу мурдагы согуш туткуну"жана башка авторлордун макалалары кирген.

Роза Айтматова жана Тынчтыкбек Чоротегин.
Роза Айтматова жана Тынчтыкбек Чоротегин.

Макалалардын бирине келсек Роза Айтматова китепте өзүнө белек болуп калган эски сандыктын окуясын баяндап берген. Ал сандык Ленин менен бирге окуган поволжьелик бир немис үй-бүлөсүнүн кожоюнунун сандыгы болуп, ал адамдын тагдыры айтылат: Ленин дүйнө салып, өлкөдө репрессия башталганда, ал жаран атууга кетет. Кийин анын үй-бүлөсү Москвадан Поволжьеге көчүп, Поволжьеден Ыраакы Түндүккө депортацияланат.

Анын баласы Саша менен украиналык немис кызы Линда ошол жактан баш кошот. Кийин Саша менен Линданы тагдыр Фрунзе шаарына да жашатат. Жогорудагы сандык ошол кезде Линдадан Айтматовага белек катары калат. Роза Айтматова бул тууралуу өзү да иш-чарада баяндап берди:

Роза Айтматова эски сандыктын баянын айтууда.
Роза Айтматова эски сандыктын баянын айтууда.
Роза Айтматовада калган эски сандык.
Роза Айтматовада калган эски сандык.

“Өлкөбүздөгү айрым немистер Германияга кете баштаган учур эле. Бир күнү коңшум Линда мага келип: “Роза, биз туруктуу жашаганга кетип жатабыз. Буюмдарымды топтоп, түйүп койдум. Бирок кайнатамдан калган баягы сандыкты эмне кылууну билбей жатам. Ал эски болгону менен биздин үй-бүлө үчүн өтө маанилүү жана баалуу. Бирок жолдон талкаланып калабы деп корком. Ошол эле учурда жөн эле керексиз буюмдай таштап да сала албайм. Ошондуктан сиздин алып калууңузду өтүнөм” деди. Албетте, бүткүл океанды сүзүп өтүп, Түндүктү түрө кыдырып, Советтер Союзун аралап, акыр-аягында Фрунзеге келген сандыкты албай коюуга эрким жеткен жок”.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, УКМКнын запастагы полковниги Болот Абдрахманов жакынкы убакта эле “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген аталыштагы он томдук китебин чыгарган.

Анда 1920-1953-жылдар аралыгында репрессияга дуушар болгон миңдеген адамдардын тагдыры баяндалган. Иш-чарага келген Абдрахманов аталган китебиндеги статистикага токтолду.

Болот Абдрахманов.
Болот Абдрахманов.

“Кыргызстанда саясий репрессияга дуушар болгон адамдардын тизмесин көп жылдан бери архивден изилдеп отуруп былтыр китеп чыгардык эле, ал 10 том болду. Ичинде 20 миңге жакын репрессияланган кыргызстандыктын тизмеси кирди. Бул биздин тарыхчылар үчүн чоң ачылыш деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнгө чейин божомолдоп эле сандар айтылып келди. Бирок китепке киргендердин саны конкреттүү түрдө аныкталгандар. Ал жерде жалпысынан 55 улуттун өкүлү бар. Саны боюнча 1-орунда кыргыздар, 2-орунда орустар, ал эми 3-орунда уйгурлар турат. Мен социалдык анализ кылып көрсөм, репрессияга дуушар болгондордун 44 пайызы айыл чарбада иштегендер, 20 пайызга жакыны жумушчулар, 9 пайыздайы интеллигенция өкүлдөрү, 600гө жакын киши аскер кызматкерлери. Мунун баары НКВДнын колу менен болду деп айтсак туура, бирок ошол эле учурда НКВДнын 125 кызматкери да репрессияга кабылган. Негизинен китепти барактасак, Кыргызстандын бүт аймактарынан куугунтукка учураган адамдарды табабыз”.

Жаш изилдөөчү Гүлзат Алагөз кызы да “Чиеш тагдырлар II” китебине үч адамдын тагдырын топтогон. Алардын түрдүү тагдырын автор баяндап берди.

Гүлзат Алагөз кызы.
Гүлзат Алагөз кызы.

“Чиеш тагдырлар” китебинде мен тараптан үч адамдын тагдыры жазылган. Биринчиси тунгуч жазма тарыхчыбыз Осмоналы Сыдык уулунун кызы Бүбүш апа тууралуу. Ал 1939-жылы Кытай жеринде туулган. Атасы Осмоналы Совет бийлиги тарабынан 1931-жылы куугунтукталган. Ошол себептен Бүбүш апа 1956-жылга чейин Кытайда жашаганга аргасыз болгон. Өз мекенине 17 жашында гана кайткан. Атасы 1942-жылы бөтөн жерден каза таап, сөөгү ошол жакта коюлган. Кызы кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин өз өмүрүн атасын актоого, анын эмгектерин даңазалоого арнаган. Бүбүш апа тилекке каршы былтыр 2020-жылы пандемияда коронавирустан каза тапты. Анын тарыхчы атасынын мээнетин жайылтууда эмгеги зор”.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев “Эсимде” талкуу аянтчасынын көтөргөн демилгелерин, жасаган иштерин, чыгарган жыйнактарын колдоп келе жаткан адамдардын бири. Ал өлкөнүн эгемендигинин баркын сезбей туруп, өнүгүү мүмкүн эмес дейт.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

“Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун сөзү бар: “Өткөндү билбей туруп, алдыга жылуу мүмкүн эмес”. Анын сыңарындай биз өткөн окуялардан сабак алышыбыз керек. Үркүн, согуш, репрессия биздин мыкты деген азаматтарыбыздын жанын алып кетти. Балтика, Грузия, Армения өңдүү мамлекеттер өткөн окуяларынан сабак алып, өнүгүштү. Биз да ошол жолду басышыбыз керек. “Эсимде” талкуу аянтчасы Илимдер академиясы жасай турган иштерди кылып жатканы колдоого арзыйт. Буга чейин Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматовдун тагдырын чагылдырган «Темир тордун артындагы эки тагдыр» аттуу иликтөө китебин чыгарышканда мен өтө мыкты сабактарды ала алдым.”

“Чиеш тагдырлардын” биринчи китеби 2019-жылы жарык көргөн. Анда совет мезгилинде Кыргызстанда жашап, саясий куугунтукка кабылган адамдардын баяндары камтылган.

“Эсимде” долбоору буга чейин америкалык изилдөөчү Жеффри Лилинин Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматовдун тагдырын чагылдырган «Темир тордун артындагы эки тагдыр» аттуу иликтөө китебин да чыгарган.

Быйылкы жылдын башында коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматовдун сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган «Ата-Бейит» китебинин бет ачары болгон.

Сталиндик репрессияда "эл душманы" деген жарлык тагылып, ондогон кыргызстандык жок кылынган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG