Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

"Чиеш тагдырлар II" китеби жарык көрдү


"Чиеш тагдырлар - II" китебинин бетачары. 27-май, 2021
"Чиеш тагдырлар - II" китебинин бетачары. 27-май, 2021

27-майда Бишкекте «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун алкагында "Чиеш тагдырлар II" китебинин бет ачары болду. Анда совет доорунда, XX кылымдагы сталиндик репрессиядан аман калган 12 кыргызстандыктын жеке окуялары баяндалган. Жүз нускада чыккан китептин бет ачарына коомдук жана саясий ишмерлер катышты.

“Чиеш тагдырлардын” биринчи китеби 2019-жылы жарык көргөн. Анда совет мезгилинде Кыргызстанда жашап, саясий куугунтукка кабылган адамдардын баяндары камтылган.

“Эсимде” долбоору буга чейин америкалык изилдөөчү Жефри Лилинин Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматовдун тагдырын чагылдырган «Темир тордун артындагы эки тагдыр» аттуу иликтөө китебин да чыгарган.

Быйыл 21-январда коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматовдун сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган «Ата-Бейит» китебинин бет ачары болгон. Сталиндик репрессияда "эл душманы" деген жарлык тагылып, ондогон кыргызстандык жок кылынган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG