Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

COVID-19: Кытай вирустун чыгышын аныктоонун айланасындагы "саясий упай топтоону" сындады


Кытайдын Ухань шаарынлагы вирусология лабораториясы. 17-апрель 2020-жыл
Кытайдын Ухань шаарынлагы вирусология лабораториясы. 17-апрель 2020-жыл

Кытайдын АКШдагы элчилиги COVID-19дун пайда болушун аныктоо иштеринин айланасындагы "саясий упай топтоо" аракети вирустун кайдан чыкканын, адамга кантип жукканын билүүгө залакасын тийгизет деп билдирди.

27-майда элчиликтин сайтында жарык көргөн билдирүүдө Кытай COVID-19 илдетинин “дүйнөнүн чар тарабында аныкталган алгачкы учурларын изилдөөнү, дүйнөдөгү кээ бир жашыруун базаларды жана билогиялык лабораторияларды жакшылап текшерүүнү колдойт”, - деп айтылат.

Мындай комментарий АКШ президенти Жо Байден чалгын кызматтарына вирустун кайдан чыкканын иликтөө ишин тездетүү тапшырмасын бергенден кийин жасалды. Ал кызматтардын баштапкы отчетунда COVID-19дун пайда болушун аныктоо үчүн далилдер аз экени айтылган. Адистер вирус инфекцияланган жаныбардан адамга жукканбы же буга лабораториядагы кырсык себеп болгонбу деген эки вариантты карашкан.

Кытай элчилигинин билдирүүсүндө Байден же Кошмо Штаттар аталбаганы менен вирус “лабораториядан тараган” деген кутумчул теория кайрадан козголуп жатканы белгиленет.

АКШ президенти мамлекеттик лабораторияларга иликтөөгө жардам берүүгө буйрук берди, чалгын кызматтары болсо Кытай өкмөтүнөн суралчу маселелердин тизмесин даярдап берүүгө тийиш.

Коронавирус жуккан алгачкы учур 2019-жылдын соңку айларында Кытайдын Ухань шаарында катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG