Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Доллардын баасы кайра 84 сомдон ашты


Кыргызстанда үч апта катары менен арзандаган АКШ доллары 27-майда кайра кымбаттай баштады.

Valuta.kg порталынын маалыматына караганда, 1 доллар эркин акча алмаштыруучу жайларда 84,10 сомго сатылууда. Ал эми Улуттук банктын расмий эсебинде 83,01 сомго теңелип, 0,29% төмөндөгөнү көрсөтүлүп турат.

valuta.kg сайтындагы 15:00гө карата маалымат. 27-май, 2021-жыл.
valuta.kg сайтындагы 15:00гө карата маалымат. 27-май, 2021-жыл.

2020-жылы доллар кескин кымбаттап, 69 сомдон 85 сомго чейин жеткен. Жыл соңунда 82 сомго чейин түшүп, 2021-жылдын январында кайра 84,90 сомго өскөн.

19-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын куну мезгилдик көрсөткүчкө жараша арзандап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG