Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Александр Лукашенко менен Улукбек Марипов Минск шаарында жолугушат


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларуста КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Расмий маалыматка ылайык, ал ошондой эле Минскиде Александр Лукашенконун кабыл алуусунда болот. Андан сырткары Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугат.

Эл аралык жыйын Беларуста 28-майда башталат. Анда инфекциялык ооруларга каршы чогуу күрөшүү, санитардык коргоо жаатында кызматташуу жана жумушсуздук маселелесин чечүү талкууланат.

Беларуста 2020-жылдын августунда жыйынтыгы талаш жараткан президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңгени айтылган. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери аны тааныган эмес. Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону дароо куттуктаган.

XS
SM
MD
LG