Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

COVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталды


Бишкек.
Бишкек.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 27-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Бишкек шаары менен Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1781​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 376 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 103 583 кишиге жетти. Анда 97 151 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1614 бейтап ооруканаларда жатат. Алардын ичинен 84 адамдын абалы өтө оор. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG