Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ЖК: эл аралык донорлордун каражаты тууралуу маалымат угуу сунушталды


Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда былтыр коронавирус илдети күчөп турган маалда эл аралык донорлордон алынган каражат боюнча парламентте маалымат угуу сунушун берди. Бул тууралуу ал 27-майда парламентте айтты.

“Биз былтыр пандемияда насыя, грант катары көп суммадагы каражат алганбыз. Ал акчага "Тез жардам" автоунааларын алууга сынак кандай өткөн, баасы канча жана акча иштиктүү пайдаландыбы жалпы жыйында угуп коёлу”.

Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов 25-майда Кыргызстан 2020-жылы коронавирустун кесепетине каршы күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында эл аралык донорлордон 374 миллион 900 миң доллар алганын билдирген. Анын 98 миллиону грант. Калганы насыя деп маалымдаган.

Алынган насыя, гранттардын 257 миллион 700 миң доллары бюджетти колдоого, саламаттык сактоо тармагына 68 миллион 300 миң сом, экономиканы колдоого 48 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

Буга чейин пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия бир катар мыйзам бузуу болгонун аныктаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG