Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын саны 38% жетти


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды. Бишкекте 27-майда "Аял-депутаттар: күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деп аталган жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар көбөйгөнүн билдирди.

“Жергиликтүү кеңештеги аялдардын саны бул шайлоодон кийин 11%дан 38%га өстү. “Эмне үчүн аялдар аз добуш алса да депутат болот?” деген нааразычылык да болду. Бул эркек депутаттарды дискредитациялоо эмес. Анткени Конституцияга ылайык 30% квота бирдей мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн жасалган чара”.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Кыргызстандагы соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Анда өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG