Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Депутат “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандарга көңүл бурууга чакырды


Скриншот.
Скриншот.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов 27-майдагы парламент жыйынында “Азаттык” радиосунун “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык ишке айыпталгандардын кызматта отурганы жөнүндөгү иликтөөсүндө өкмөт көңүл бурушу керектигин билдирди.

“Азаттыктан иликтөө чыкты. Транспорт министрлигиндеги “Кыргыз темир жолундагы” коррупцияга аралашкан адамдар дагы деле кызмат ордунда иштеп жатканы жөнүндө жеткиликтүү материал чыкты. Жолдордогу көйгөй чечилбей жатса, министр А4 барагын сурап ишканага кат жазып жатат. Качан ошондой болчу эле? 100 таңгак кагаз таба албаган министр кантип отурат? Көңүл буруп койсоңуздар”, - деди Турдумамбетов.

"Азаттык" "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясынын жетекчилери шектелген "коррупциялык схема аныкталды" делген кылмыш ишинин чоо-жайын, кыңыр ишке айыпталгандардын дагы деле кызматта отурганын иликтеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG