Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Илим Карыпбеков президентке жана УКМК төрагасына кайрылды


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Бишкек шаардык кеңешине Кыргызстан элдик демократиялык партиясын (КЭДП) баштап барган Илим Карыпбеков калаанын мурдагы мэри Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды.

Ал 27-майда ушундай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге "Фейсбукта" видеокайрылуу жасады.

Суракматов партиянын штаб башчысы катары ишмердигин улантып келатканын билдирген Карыпбеков штаб башчынын камакта отурушу партиянын кийинки кадамдарына таасир этиши мүмкүндүгүн белгиледи.

"КЭДПнын кийинки шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ойдо калбашыбыз керек", - деген Карыпбеков экс-мэр өзүнүн актыгын мыйзам чегинде далилдей ала турганын айтты.

Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып 26-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон Суракматов былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан соң өз каалоосу менен иштен кеткен. Шаардык кеңештин соңку шайлоосунда ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG